"Кесипкөйлөрдүн чабуулу": Дания аэропортторунда учуп жүргөн дрондор

Ольборг аба майданы

Сүрөттүн булагы, aal.dk

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ольборг аба майданы

Алекс Филиппс, Эдриенн Мюррей

Дания өзүнүн аба майдандарына кирип барган дрондорду кесипкөй адамдардын чабуулу деп атап, бирок анын Орусия менен байланышы тууралуу далили жок экенин айтууда.

Бир апта ичинде Даниянын аба майдандарынын үстүнөн ушуну менен экинчи жолу дрондор байкалууда.

Шаршемби күнү кечинде Ольборг аэропорту асманда жашыл жарыктар байкалгандыктан бир нече саатка жабылды. Ошондой эле жагдай Биллунн аба майданында да орун алды. Мындан тышкары дагы үч чакан аба майданында дрондорду байкашкан.

Дүйшөмбүдө Копенгаген аэропорту дрондордун айынан убактылуу жабылган. Коргоо министри Троэльс Лунд Поульсен бул "гибриддик чабуул системалык операциянын" бир бөлүгү болгонун айтып, дрондор Даниянын өзүнөн асманга көтөрүлгөнүн тактады.

Гибриддик чабуулдар аскердик жана аскерий эмес тактикалар аркылуу мамлекеттердин инфраструктурасынын ишмердигине жолтоо кылуу максатында колдонулат.

Дрондор асманга эми көтөрүлүп же коно баштаган учактар үчүн кооптуу. Бирок аба майдандардын убактылуу жабылышы деле учак каттамдарын үзгүлтүккө учуратып же алардын багытын өзгөртүүгө мажбур кылат.

Мисалы Ольборг аэпортунда кеминде үч каттамдын багыты өзгөртүлдү.

Дрондор кирип барган аба майдандардын баары Данияга тиешелүү Ютландиянын бөлүгүндө жайгашкан.

Шектүү дрондор Германия менен Швецияда да байкалды. Бул Орусиянын НАТО өлкөлөрүнө болгон кыйыр агрессиясынын бир бөлүгү деп шектелип, бирок ага далил табыла элек.

Дания, Ольборг аба майданы

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дания, Ольборг аба майданы

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Копенгагендеги дрондорго Орусиянын тиешеси жок деген маалыматты жокко чыгарууга болбойт деди. Ал соңку окуяны "ушу тапта Даниянын инфраструктурасына болгон эң олуттуу кол салуу" деп сыпаттады.

Норвегияда Осло аэропорту да убактылуу жабылды.

Кремлдин басма сөз кызматынын өкүлү Дмитрий Песков мындай айыптоолорду "негизсиз" деп атады.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.