Кытай Трамптын 50% кошумча бажы төлөмү боюнча опузасына кескин жооп кайтарды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытай АКШ президенти тараптан келген коркунучка моюн сунуп калбай тургандыгын айтууда. Пекин соода согушунда Вашингтондун "шантажына" алдырбай, фондулук биржадагы олку-солку абалга карабай, "аягына чейин күрөшө тургандыгын" убада кылды.
Кытайдын коммерция министрлиги АКШ тарабынан кандай гана кошумча бажы төлөмдөрү киргизилбесин, ага каршы "чараларды" көрүп, америкалык товарларга карата жооп берерин билдирди.
Аталган министрлик Дональд Трамптын администрациясын "шантаж" кылды деп айыптап, АКШ ушундай жүрүшүн уланта бере турган болсо, Пекин "аягына чейин күрөшө" тургандыгын баса белгиледи.
Вашингтон "жооп ирээтиндеги чара" деп атаган тарифтерди кытайлык мекеме "жөнү жок жана бир тараптуу экономикалык басымдын кадимки эле көрүнүшү" деп атады.
Бул билдирүү шаршемби күнү Трамп Кытайдан импорттоло турган товарларга дагы 50 пайыздык ченди Пекиндин жообу үчүн киргизе турганын айткандан кийин чыкты. Трамп өткөн аптада соода-сатык иши боюнча Кытайды да айыптаган эле.
Трамп адегенде Truth Social баракчасына жазып, Кытайдын товарларына буга чейин киргизилген 54 пайыздык чекке дагы 50 пайыз кошуу ниетин билдирген.
Трамп 4-март күнү соода-сатык боюнча жаңы тарифин жарыялады. Кытай ага так эле өзүндөй жооп кылып, америкалык өндүрүштөн чыккан товарларга 34 пайыздык салык киргизгенин билдирген эле. Ошондон улам Кытай муну жокко чыгарбай турган болсо, анда Трамп дагы 50 пайыздык тарифти киргизе турганын эскертти.
Андан соң президент бул ниетин Ак үйдө өткөн маалымат жыйыны учурунда дагы ырастады. Эгер Трамп бул убадасын аткара турган болсо, анда Кытайдын АКШга ташылган товарлары үчүн 104 пайыздык бажы алымы киргизилет. Трамп 20 пайыздык пошлинаны мартта киргизип, дагы 34 пайызды өткөн аптада кошкон эле. Ошентип азыр 54 пайыз күчүндө турат.
Эч кандай тыныгуу болбойт
Кытайдын коммерция министрлиги Трамптын бажы салыгы боюнча чечимин жокко чыгарып, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.
Бул бажы төлөмдөрү тууралуу жарлык качан күчүнө кирет, аны токтото туруу жөнүндө ойлонгон жоксузбу, деп журналисттер Трампка кайрылды. АКШ президенти андай ою да жок экенин билдирген.
"Биз андайды карабайбыз [токтото туруу жөнүндө сөз болуп жатат]. Бизге толгон-токой мамлекет сүйлөшөлү деп жатышат. Булар чынчыл келишимдер болот",- деди Трамп.
Трамп бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү АКШнын Каржы министри Скотт Бессентке тапшырган. Бул тууралуу ал 7-апрель күнү Fox телеканалына айтып берди. Ал ошондой эле Кытай АКШнын тарифтерине жооп кайтарабыз деп өзүн-өзү "изоляциялап жатканын" жүйөө тартты. Министр башка өлкөлөр менен тарифтер боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгынан кийин аларга карата бажы алымдары азайтылат деп үмүттөнөрүн айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азия жоготууларынын бир бөлүгүн кайтарып алды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Көптөгөн адистер Трамптын пошлиналарынан жана Кытай менен АКШнын "жаңы соода согушунан" улам дүйнөлүк экономикага коркунуч келет деп кооптонууда. Азиялык биржалар буга чейинки олку-солку абалдан улам тарткан жоготууларынын бир бөлүгүн шейшемби күнү калыбына келтирип алды.
Токиолук Nikkei 225 биржасынын индекси "соода согушу" кызып турган 8-апрелдин таңында алты пайыздан ашыгыраак жогорулады. Түш ооп калганда бул чен +5,5% чыкты. 7-апрель күнү ал 7,8% төмөндөп кеткен эле.
Австралия, Түштүк Корея, Гонконг жана Шанхайдагы фондулук биржаларда дагы өсүү байкалды.
Ошол эле учурда тайвандык биржадагы баалуу кагаздардын куну түшүп жатат. TAIEX биржасынын индекси түшкө жуук дагы 4,7% арзандады. Сингапурдагы баалуу кагаздар да баасын жоготту. Ал жактагы STI индекси 1,55% төмөндөгөнүн көрсөттү.
Мындан сырткары Индонезиядагы жана Таиланддагы биржалар узакка созулган тыныгуудан кийин ачылып, алардын котировкасы бир топ эле арзандап кетти.
Азия жана Европанын фондулук биржасы 7-апрель күнү олку-солку абалды башынан өткөрүп, кыйла төмөндөп кетти. Өткөн аптада Трамп дүйнөгө каршы "соода согушун" жарыялаган соң америкалык индекстер гана мурунку калыбында туруштук бергендей болду.
Трамптын соода согушуну учкай таржымалы
Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнүн башталышында эле өзүнүн эң чоң кадамы катары санаган оюн ишке ашыргандай болду. Ал жана анын командасы эки айдан ашык убакыт камынып, бүт дүйнөгө каршы соода согушун жарыялады.
Трамп Ак үйдүн Роза бакчасында салтанаттуу жагдайда 2-апрелди Американы "боштондукка чыгаруу күнү" деп жарыялады. Мында дүйнөлүк соода алакасы жөнүндө сөз болуп жатат. Трамптын айтканына караганда, АКШга импорттоло турган товарларга өткөн кылымдын башталышынан бери болуп көрбөгөндөй тариф киргизилгенин жарыялаган.
Соода-сатыкка коюлган бул тоскоолдуктар душмандарды жана досторду ийге келтирип, натыйжада алар акчалай жана аймактык жактан чегинишет деп эсептейт Трамп. Экономисттер болсо эгер бул ишке аша турган болсо эми жашоо шарт кыйындайт деп эскертишүүдө. Бул Трамп тарабынан киргизилген тарифтерге ылайык салыктарды төлөй турган америкалыктардын өздөрүнө да зыянын тийгизет.











