WhatsApp кантип акча табат? Бул акысыз, бирок айрым трюктар бар

Акысыз тиркемелер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тиркеменин кат-кабар жазган кызматтары баары акысыз, анда пайда каякктан келет?

Зои Кляйнман, «Технология» бөлүмүнүн редактору

24 саат ичинде мен WhatsApp аркылуу жүздөй кат жаздым. Алардын бирөөндө дагы өзгөчө нерсе жок эле. Күнүмдүк иштер. Үй-бүлөм менен күнүмдүк пландарды сүйлөштүм, кесиптештер менен жумушту талкуулап, соңку жаңылыктарды бөлүштүм, достор менен ушакташтым.

Балким, мен өзүмдүн көндүмдөрүмдү дагы жакшыртышым керек. Бирок менин эң бир болбогон катым дагы автоматтык түрдө шифрленип, WhatsApp'тын бүт дүйнө боюнча жайгашкан ар кандай борборлорундагы кубаттуу компьютерлерди пайдаланылып жатты.

Бул арзан операция эмес, бирок мен дагы, мен кечээ сүйлөшкөндөрдүн бирөө дагы эч бир акча төлөгөн жок. Бул платформаны бүт дүйнөдө дээрлик үч миллиард адам колдонот.

Анда WhatsApp (же ZapZap, Бразилияда ушинтип аташат) акчаны кантип табат?

Көпчүлүк билгендей, WhatsApp'ка анын артында турган энелик компания Meta жардам берет, анын колунда Facebook менен Instagram бар.

WhatsApp мен сыяктуу жеке аккаунттарга акысыз, анткени WhatsApp негизинен мен сыяктуу колдонуучулар менен сүйлөшкөн корпоративдик кардарлардан пайда көрөт.

Өткөн жылдан бери компаниялар WhatsApp'та каналды акысыз ачканга мүмкүнчүлүк алышты, ал каналга жазылгандар андагы каттардын баарын окуй алат.

Бирок компаниялар кардарлар менен тиркеме аркылуу же трансакциондук форматта байланышканы үчүн акча төлөйт.

Улуу Британия бул жагынан алганда али жаш, бирок мисалга Индиянын Бангалор шаарында сиз автобуска билет сатып алганды жана орун тандаганды WhatsApp аркылуу жүргүзө аласыз.

«Эгер биз баарын туура кылган болсок, биздин көз карашыбызда бизнес менен кардар чатта ишти туура чечкенге мүмкүнчүлүгү болуш керек”,-дейт Metaнын бизнес каттар боюнча вице-президенти Никила Шринивасан.

«Бул демек, эгер сиз билетти брондоп койгуңуз келсе, аны кайтарып бергиңиз келсе, эгер төлөгүңүз келсе, анда мындай мүмкүнчүлүк сизде чаттан чыга электе болушу керек. Андан кийин жашоодогу башка иштерге кайта берсеңиз болот».

Компаниялар WhatsApp'тын жаңы чаты Facebook же Instagramдан жеке аккаунттарга түз жеткен онлайн реклама үчүн да акы алышы мүмкүн. Шринивасандын айтымында, технологиялык гигант үчүн бул жерде «бир нече миллиард доллар» бар.

Мындагы негизги максат компаниялар кардарлар менен WhatsApp аркылуу көп байланышып сүйлөшкөнүндө дейт Metaнын кызматкери Никила Шринивасан.

Сүрөттүн булагы, Meta

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындагы негизги жол компаниялар кардарлар менен WhatsApp аркылуу көп байланышып сүйлөшкөнүндө дейт Metaнын кызматкери Никила Шринивасан.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Байланышты камсыз кылган башка тиркемелер башка жол менен кетишти.

Өзүнүн кат-кабарларынын коопсуздук протоколдору менен белгилүү болгон Signal платформасы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Ал Telegramдан айырмаланып, инвесторлордон эч качан акча албаганын айтууда.

Ал кайрымдуулукка берилген акчага иштейт, анын ичинде WhatsApp'тын тең уюштуруучуларынын бири Брайан Эктон 2018-жылы берген 50 млн доллар бар.

«Биздин максат — Signal'га кайдыгер эмес чакан спонсорлордун жардамын максималдуу алуу", - деп өткөн жылы компаниянын президенти Мередит Уиттакер өзүнүн блогуна жазган эле.

Кат-кабар ташыган Discord тиркемесинин модели freemium — каттоо акысыз, бирок кошумча функцияларга акча төлөйсүң. Ал ошондой эле видеону жогорку сапатта өткөрүү, жүктөө сыяктуу кызматтарга ай сайын 9,99 долларга жазылуу жүргүзөт.

Snapchat артында турган Snap фирмасы бир нече моделдерди бириктирип алган. Ал жарнама жайгаштырат, 11 миллион колдонуучу бар (2024-жылдын август айына карата), ошондой эле Snapchat Spectacles деген ат менен көз айнектерди сатат.

Анын колундагы дагы бир көзүр – Forbes сайтынын маалыматы боюнча 2016-2023-жылдар аралыгында фирма дээрлик 300 миллион долларды үстөк пайыздан тапкан. Бирок Snap фирмасынын негизги киреше булагы жарнама, ал жылына 4 миллиард доллар пайда алып келет.

Британдык Element фирмасы өкмөттөр менен ири уюмдарга өзүнүн жакшы корголгон кат-кабар системасын колдонууга бергени үчүн акча алат.

Кардарлар анын технологиясын колдонот, бирок өздөрүнүн жеке серверлерине жүктөп, өздөрү иштетет. Он жылдан бери иштеп аткан фирма “эки сандуу миллиондук пайда” табат жана кирешелүү болууга жакын турат, дейт анын тең кожоюну Мэтью Ходжсон.

Анын айтымында, кат-кабарлар тиркемелери үчүн санарип индустриясынын эң эски фаворити болгон жарнама эң популярдуу модель болуп кала берүүдө.

"Адамдар эмне кылып, ким менен сүйлөшүп жатканына байкоо салып, анан ошого жараша аларга кызык болгон жарнаманы көрсөтөт», — дейт.

Бул жерде тиркемеге колдонуучулар жөнүндө жана алар жиберип жаткан кат-кабарлардын чыныгы мазмунун билиштин кажети жок, бирок кийин бул маалыматтарды жарнама сатууга колдонот, кеп ушунда жатат.

«Бул эски чындык: эгер сиз колдонуучу болсоңуз жана эчтеке төлөбөсөңүз, анда сиз продукт болушуңуз керек», — дейт Ходжсон. (КС)