Чехия Орусиядан компенсация талап кылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чехия Врбетицедеги курал-жарак кампасындагы жарылуу үчүн Орусиядан бир миллиард крон (47 миллион долларов) компенсация талап кылды.
Прага 2014-жылдагы курал-жарак кампасындагы жарылууга орусиянын атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн деп шек санайт. Москва дооматтарды четке кагып келет.
Өткөн айда Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жана тышкы иштер министри Гамачек билдирүү жасап, орус дипломаттарын Орусиянын атайын кызматтарына иштейт деп шектенип жатышканын билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Прага ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын эки тыңчысын издеп жатканын маалымдаган. Бул кишилер Британияда 2018-жылы Солсбериде Орусиянын мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырууга байланыштуу айыпталган.
18-апрелде Чехия бул окуяга байланыштуу Орусиянын 18 дипломатын өлкөдөн чыгарып салган эле. Алар Орусиянын атайын кызматына иштейт деп айыпталган. Буга жооп кылып Москва өлкөдөн 20 чех дипломатын чыгарып салган.

Андан тышкары Польша Чехияга тилектештик көрсөтүп, үч орусиялык дипломатты "персона нон грата" жарыялаган. Орусия болсо беш польшалык дипломатты өлкөсүнөн чыгара турганын билдирген. Болгария, Румыния, Словакия жана Балтика аймагында үч мамлекет дагы Орусиянын дипломаттарын өлкөдөн чыгарган. Москва дагы аларга ошондой эле жооп кайтарды.
Бул окуялардан кийин Чехия Орусиянын Прагадагы элчилигин кичирейтүүгө чакырган. Мындан улам Орусия бир катар дипломаттарын айдын аягына чейин артка чакыртышы керек.





