«Татуировкасын кесип ыргытып, заара ичирип». Мьянманын аскеринин бир кыштактагы кыйноосу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Джонатан Хед менен Би-Би-Си бирма кызматы
Мьянманын аскерлеринин Ракхайн штатындагы айылга өткөн аптада болгон рейдинин жүрүшүндө кеминде 50 адам өлтүрүлгөнүн жергиликтүү жашоочулар менен оппозициялык күчтөр билдирди.
Эскертүү: Макалада кээ бир учурлар сизге оор тийиши мүмкүн.
Күбөлөрдүн Би-Би-Сиге айтканына караганда, бир кыштак эки жарым күн бою террордун азабына чырмалды: аскерлер адамдарды кармап, көздөрүн таңып, сабап, кээ бирине бензин куюп өрттөп, башкаларын заара ичүүгө мажбурлаган.
Алар бул кыштакка Мьянмада этникалык күчтөрдүн эң активдүү баш көтөргөн Аракан армиясынын жактоочуларын издеп келишкен
15 жаштан 70 жашка чейинки элүү бир адам «ырайымсыз кыйноого алынып өлтүрүлгөнү» бул өлкөдөгү бийликтен кулатылган жарандык өкмөт түзгөн Улуттук биримдик өкмөтүнүн (УБӨ) билдирүүсүндө айтылат. Аракан армиясынын эсебинде болсо өлтүрүлгөндөрдүн саны 70 ашат.
Азыр өлкөнү башкарып турган аскердик кеңеш же хунта Мьянмадагы үч жылдагы жарандык согуш убагында болгон эң түрү суук кылмыштарга айыптоону четке кагууда.
«Алар бул айылда Аракан армиясынын жактоочулары барбы деп суракка алышты», — деп айтып берди Би-Би-Сиге жергиликтүү бир аял.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Кандай жооп берсең дагы, бар же жок десең да, баары бир аскерлер токмоктоп жатты».
Алты ай ичинде Улуттук биримдик өкмөтү Ракхайн штатынын көбүрөөк бөлүгүн ээлеп, аскерлер чегинип жатат. Ал өткөн жылы өлкөнүн башка аймактарындагы этникалык көтөрүлүшчүлөргө кошулуп, 2021-жылы февралда бийликти басып алган хунтага каршы күрөшүп жаткан убагы.
«Мен өзүмдүн күйөөмдү аскердик машинага салып алып кетип баратышканын өз көзүм менен көрдүм. Менин уулумду алып кетишкен, кайда экенин билбеймин. Менин уулум менен күйөөмдүн өлүү-тирүүсүн билбеймин» - деди санаага баткан аял Би-Би-Сиге.
Күбөлөрдүн атын аларга зыян келтирбеш үчүн атабайбыз. Алар Би-Би-Сиге миңден ашык үй-бүлө жашаган кыштактагы бардык жашоочуларды кайнаган күндүн алдында эки күн бою ачка, суу да бербей кактап кармашканын айтып беришти. Ондогон эркектерди байлап салышып, кээ бирлеринин көзүн таңып кыйнап суракка алышкан. Айрымдарын машинага салып алып кетишкен, алардын көбү кайта келген жок.
"Алар аябай суусашты, кечке кайнаган күндүн алдында турушту. Бирок аскерлер бөтөлкөгө заара ушатып, суу ордуна аны беришти", - дейт бир аял Би-Би-Сиге.
Ал «көп ок атуулардын» үнүн укканын айтууда, бирок кимди атышканын көргөн жок. “Башты жерге салып турууга туура келди”.
“Мен көргөнгө даабадым. Алар менин жанымда турган бирөөн чакырышты. Андан кийин эле тарс эткен мылтыктын үн чыкты. Ал кайра кайтып келген жок”.
Ал токтобой ыйлап, өзүнүн күйөөсү менен баласына кайгырууда:
«Мен билбейм, алар өлүүбү же тирүүбү. Мен жалынып жатам: «Будда, аларды сактап кала көр».
Аман калгандар аскерлер өлгөндөрдү көмүүгө күрөк сурашканын айтууда. Кээ бирлери өлөрчө мас болуп алышкан.
Шаршембиде штаттын борбору Ситтвеге жакын жайгашкан Бьяй Пью кыштагына 100 аскер кирген деп болжонууда.

Ситтве 200 миң калкы бар, ири порту жана аба майданы бар, британ армиясынын таяныч пункттарынын бири.
Көтөрүлүш чыгарган күчтөр жакын турат жана Ракхайндын эникалык калкынын арасында колдоосу бар.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, денесинде Аракан армиясына колдоону билдирген татуировкасы бар эркектер өзгөчө ырайымсыз кыйноого калды. Аскерлер алардын денесиндеги татуировка тартылган бөлүгүн кесип салып, бенин куюп өрттөштү.
Дагы бир күбөнүн көрсөтмөсүнө караганда, армиянын офицери түндүктөгү Шан штатынан келгенин, ал жакта өткөн жылы аскерлер оор жоготууга учураганын, ошол үчүн өч алууга келгенин айтыптыр.
Бангладеш менен чек арадагы Ракхайн штатын колдон чыгаруу Мьянмада 1944-жылы мамлекет көз каранды эмес болгондон берки үстөмдүк кылып келаткан куралдуу күчтөр үчүн эң намыстуу иш болмок.
Жума күнү базара аянтында калган аялдар, балдар жана карылардын баарына буюм-тайымдарын алып кеткиле деп буйрук беришкен. Аскерлер ансыз деле алардын үйүндөгү баалуу буюмдарды, алтын жана башка зер буюмдарды, күн батареяларын карактап тоноп алышкан.
Жергиликтүү жашоочуларды эң алгач Ситтведеги стадионго алпарып салышкан. Ал жерден көпчүлүк баш паанек издеп, шаардагы монастырларга жашынышты.
Би-Би-Си армия мурдагыдай эле Бяй Пьюну көзөмөлдөп турганын, эч кимге келүүгө уруксат бербей турганын түшүнөт. Кыштактын ичинде көпчүлүк үйлөр өрттөлүп, жумшактан күл, катуудан казан калган.
Улуттук биримдик өкмөтү Бьяй Пьюдогу кылмыштардын күнөөкөрлөрүн жоопко тартууну убада кылды. Аракан армиясы ошондой эле бийликтеги хунтаны «фашисттик аскер кеңеши» деп атап, аны Бьяй Пьюдо кээ бир аялдар топтук зордуктоого алынганына жана мыкаачылыкка айыптоодо.
Хунта кыйноолор жөнүндө айыптоолорду четке кагып, бул кыштакта бункерлер жана кум толтурулган мүшөктөр табылгандан кийин «тынчтык жана коопсуздук» чаралары көрүлгөнүн айтууда. Ал өз кезегинде Аракан армиясын Ситуэ районунан дрондор менен кол салган деп айыптады.
Ракхайн штатынын обочодо турганы жана конфликттердин басылбай жатканы Бьяй Пьюдо болгон окуяларды жакынкы учурда көз каранды эмес иликтөөгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Бирок бул азаптуу кыйноодон аман калгандардын айткандары мындай кылмыштар Мьянманын башка жеринде да болуп кетиши мүмкүндүгүн эскертет. Анткени куралдуу оппозициянын чечкиндүү жана барган сайын күчөгөн кыймылына аскерлер туруштук бере албай, позицияларынан чегинүүсү уланууда. (КС)












