Москванын четиндеги шаарда катуу жарылуу болду

VALERIA KUZNETSOVA/TASS

Сүрөттүн булагы, VALERIA KUZNETSOVA/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, VALERIA KUZNETSOVA/TASS

Москванын түндүк-чыгышындагы Сергиев Посад шаарында жайгашкан Загорск оптикалык-механикалык заводунда катуу жарылуу болду. Окуя болгон жерде асманга чоң түтүн көтөрүлүп жатат - социалдык тармактарда көптөгөн видеолор чыгууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылуудан кеминде 27 адам жабыркаган.

Завод бардык имараттарды жана цехтерди, анын ичинде ижарага берилген жайларды да эвакуациялоону жарыялады. “Көп имараттардын айнектери чачырап кеткен”, - деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.

“Сергиев Посаддагы окуяга боюнча - мен жакын арада ал жерге барам,” - деди Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев.

Сергиев Посаддагы заводдогу жарылуу "технологиялык процесстердин бузулушунан улам" болгонун РИА Новости өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен билдирди.

TASS

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, TASS

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуу 40х40 метр өлчөмүндөгү темир ангарда болгонун, ачык өрттөнүү жок экенин белгиледи.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, оптикалык-механикалык заводдун аймагындагы жайды ижарага алган Пиро-Росс компаниясынын пиротехникалык кампасы жарылган.

Загорск оптикалык-механикалык заводу “Швабе” холдингине кирет, ал өз кезегинде Ростехин курамында турат.

Ишкана согуштук жана граждандык максаттагы жабдууларды — оптикалык приборлорду, анын курал оптикаларын жана дүрбүлөрдү, медициналык жабдууларды, лабораториялык приборлорду, дозиметрикалык жабдууларды жана техникалык коопсуздук жабдууларын чыгарат.