Перу: дүйнөдөн обочолонуп жашаган уруу токойдон чыкты

Машко Пиро уруусунун токойдун сыртына чыгышы сейрек учур

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Машко Пиро уруусунун токойдун сыртына чыгышы сейрек көрүнүш

Перудагы Амазонка токойлорунда тышкы дүйнөдөн толугу менен обочолонуп жашаган Машко Пиро уруусу өздөрү жашаган токойдун сыртында, дарыянын жээгинен көрүндү.

Түпкүлүктүү жамааттардын укуктарын коргогон Survival International уюму тараткан видеодо Лас Пьедрас дарыясынын жээгинде Машко Пиронун элүүдөн ашык тургуну жээкке келгенин көрүүгө болот.

Изилдөөчү Тереза Майо Би-Би-Сиге берген маегинде Машко Пиро уруусу обочолонгон эң чоң уруу экенин айтты.

Бул ууруну көп санда бир жерде көрүү адаттан тыш көрүнүш

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул ууруну көп санда бир жерде көрүү адаттан тыш көрүнүш

Майонун айтымында, жамаат мүчөлөрүн мынчалык көп санда бир жерде көрүү адаттан тыш көрүнүш, алар тамак-аш издөө үчүн чогулган болушу мүмкүн.

Видео жана сүрөттөрдү бөлүшкөн Survival International уюму бул аймакта обочодо жашаган кишилердин байкалышы токойлорду жок кылуу менен байланышы болушу мүмкүн деп айтууда.

Андан тышкары бул уюмдун активисттери соңку күндөрү обочодо жашаган адамдар токойдун сыртына тамак издеп көп чыга баштаганын белгилейт.

SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Survival International кошумчалагандай, токой кыюу менен алектенген компаниялар бул уруунун жашаган жерине абдан жакын иштеп жатышат.

28-июнда Перу өкмөтү дүйнөдөн обочолонуп жашаган адамдардын ар башка аймактарда байкалганын, айрымдары Бразилия чек арасынан өтө ала турганын аныктаган.

SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Survival International соңку акыркы жылдарда аймакта жаратылыш газы жана мунай долбоорлорунун башталышы, ошондой эле мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун кесепетинен дүйнөдөн обочолонуп жашаган уруулар жаңы аймактарга көчүп жатканын белгилейт.

Машко Пиро уруусу кимдер?

Перулук Машко уруусунун көбү 1894-жылы Ману дарыясынын жогорку аймагында Карлос Фицкаральддын жеке армиясы тарабынан кырылган. 1897-1909-жылдары көптөгөн жергиликтүү Перу машколору Порос жана Мадре-де-Диос дарыяларынын боюнда кулчулукка кабылышкан.

Тирүү калгандары коопсуз аймак издеп, жунглинин алыскы токойлоруна чегинип, сырткы дүйнө менен байланышпай обочодо калышкан.

Кулчулукка тартылган Машко уруусу

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кулчулукка тартылган Машко уруусу

1999-жылы Машко Пиро уруусу менен жолуккан антрополог Глен Шепарддын айтымында, аймактагы мыйзамсыз бак кыюу жана мунай менен газды чалгындаган учактар алардын тынчын алып жатышы мүмкүн.

2012-жылы Survival International уюму уруу мүчөлөрүнүн бир нече жаңы сүрөттөрүн жарыялаган.

2012-жылы тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2012-жылы тартылган сүрөт

Перу өкмөтү Машко Пиро менен байланышууга тыюу салган, анткени бөтөн адамдар аларга иммунитети калыптана элек ооруларды жуктуруп коюшу мүмкүн деп чочулайт.

800 киши деп эсептелген уруу көптөн бери Перунун түштүк-чыгышындагы Мадре-де-Диос коругунда жашап, мергенчилик жана токой жемиштери менен жан багат.

Алар жашаган аймак Бразилия менен чек арага жакын жана алтын кендерине бай. Аймакта 55 миң гектар токойдо кен казган компаниялар тарабынан мыйзамсыз талкаланган.

SURVIVAL INTERNATIONAL

Сүрөттүн булагы, SURVIVAL INTERNATIONAL

Перу Латын Америкасындагы алдыңкы алтын өндүргөн өлкө жана дүйнөдө бешинчи орунда турат.

Бул иш-аракеттер, ошондой эле мыйзамсыз бак кыюу уруу мүчөлөрүн табигый жашаган жеринен журт которууга аргасыз кылууда.

2014-жылы Мадре-де-Диос коругунан чакан топ пайда болуп, аймактын башка тургундары менен байланышып, аларга тамак-аш тартуулай башташкан, ошондой эле туристтер аларды кийим-кече менен камсыздашкан. (ErA/SA)