Ноокаттагы сел: Апшыр-Ата эс алуучу жайында 500дөй киши бар экени аныкталды

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Cел жүргөн жерден соңку маалымат
Соңку абалдан улам Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 637 киши, 19 техника тартылды.
Атайын штаб түзүлүп, жергилктүү жетекчилердин катышуусунда биринчи жыйыны өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы селден жабыркагандардан кабар алуу жана куткаруу иштери үчүн Ноокат районуна жөнөп кетти.
Министрлик ашууларды булут басканы үчүн тик учак буга чейин уча албай жатканын түшүндүрдү. Коомдук медиа колдонуучулары тик учак сел жүргөн аймактарга жөнөтүлбөгөнү үчүн сындап жатышкан.
Ноокат районундагы катуу сел беш кишинин өмүрүн алганын, дагы киши иделип жатканы расмий кабарланды.
Учурда куткаруучулар Абшыр-Атага бараткан жолдогу суунун аркы өйүзүндө калып кеткен 1300 адамды эвакуациялап жатышат. Куткаруу иштерине кошуна райондордон да куткаруучулар тартылган.
Кооптуу аймактан эвакуациялангандарга медициналык биринчи жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлерден, психологдордон турган чакан топ уюшулду. Ноокаттан, Ош шаарынан адистер тартылган. Райондук оорукананын жетекчилиги төрт тез жардам унаасы, дары-дармектер камсыздалган деп билдирди. Бул топ Апшыр-Ата эс алуу жайына уюштурулду.
Эвакуациялангандардын айрымдары кечээ кайрылып келе албай калышып, түндө жаш балдар кыйналып калганын айтып беришти.
60 куткаруучу Апшыр-Ата эс алуучу жайына барган учурда 500гө жакын киши бар экендиги аныкталган. Мындан сырткары Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Ал жерге айылдан он атчан жөнөтүлүп, алар жолдо баратып, 30 кишини табышкан. Тактоо иштери улантылууда. Кезарт жайлоосуна дагы кошумча 8 куткаруучу жөнөдү.
ӨКМ тараткан расмий маалымат (жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 1:30 -1:40 чамасындагы кабар).
Көз жумгандар да, изделип жаткандар да бар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ноокаттагы сел беш кишинин өмүрүн алганын Өзгөчө кырдалдар министрлиги да тастыктады. Андан сырткары изделип жаткандар да бар.
ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, сел жүрүшү мүмкүн деген аймактарды шарттуу белгилеп жаткан эле.
28-июнда кечке маал бир топ жерде сел жүрүп, адам өмүрү кыйылып, айрым жерлерде авто жолдор жабылып калганы, көпүрөлөрдү суу алып кеткени жана турак жайларды суу каптаганы тууралуу кабарлар тарай баштады.
Каза тапкандардын арасында жаш балдар да бар экени маалым болду.
"Он үч жана он беш жашар балдардын сөөгү Абшыр-Ата сайынан табылып, жакындарына берилди. Калган үч кишинин өздүгү такталууда. Дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери уланууда",- деди министрликтин Ош облусундагы басма сөз катчысы.
Такталбай тарап жаткан маалыматтарга караганда, мындан сырткары Абшыр-Атага эс алууга баргандардын бир тобу селге кабылып калышы мүмкүндүгүн, алар аймактан чыгып кете албай калышы ыктымал экени тууралуу айрым интернет колдонуучулары жазып жаткан. Бул кабар куткаруучулар тоо аралап чыгып барганда тастыкталды.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Сел негизинен Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдан башталган. Ээ-жаа бербеген суу Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу өткөн.
Жыйынтыгында ошол аймактагы жол тейлөө ишканасына караштуу көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 10 турак үйдүн короосун каптаган.
Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.
Сел нугунан ашып, сайдагы дем алуучу сөрүдөгү 7 адамды агызып кеткен. Беш кишинин сөөгү табылып, экөөнү издөө иштери уланууда. Кошумча 100 куткаруучу жөнөп кетти.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Шашылыш тараткан эскертүү
Кыргызгидрометтин жана ӨК мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолу боюнча, 2024-жылдын 28-июнунан 2-июлга чейин тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү (локалдуу) жаан-чачын күтүлүп жаткандыгына байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Мындан улам кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн болгон аймактар:
• Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
• Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай району;
• Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.
• Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.
• Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.
• Талас облусу: Талас, Бакай-Ата району.
• Нарын облусу: Нарын, Жумгал району.













