"Башыма үч ирет тепти". Сабалган дарыгер жана сабыры жок ээнбаштар

Сүрөттүн булагы, SAMARA MATKERIMOVA
Бишкекте тез жардам кызматы менен барган үйдөн кол салуу болуп, дарыгердин өзү башынан жаракат алып, мээси чайкалып, боюнан козголуп, ооруканага жатып калды.

Бишкекте “Тез жардамда” иштеген педиатрдын кадимки иш күнү ойго келбес окуя менен коштолуп, кезектеги чакырууда үй ээсинин кол салуусуна туш болгон. Ошол учурда тартылып алынган видеолор интернетке тарап, апта ичи талкуунун чордонунда болду.
Би-Би-Си кабарчысы "Тез жардамдын" сабалган дарыгерине ооруканада жаткан жеринен барып жолукту.
“Мени жулкулдатып түртүп салды артка. Мен дагы жооп ирээтинде аны түрттүм. Ошондо ал мени уруп жатат деп милицияга чалды. Оң колундагы телефонун алып, сол колу менен чаап салганда, жыгылып калдым. Ошону менен мени уруп жатты. Ары-бери өтүп жатып, башыма үч ирет тепти. Боюмда бар дегенди угуп туруп, ичке тепти. Милиция келди, тез жардам келди. Экөөбүз тең милицияга арыз жаздык”,-деди Самара.
Ал барган үйдөн эки жаш баланы карап көрүп, аларды ооруканага жаткырууга негиз жок деп тапканда үй ээси уруш баштап, кол көтөрүп да жиберген.
“Бир күн мурда 3-балдар ооруканасына барып, кеңеш алып, текшерилишип келишкен экен. Ал жактан баланын дени соо деп үйүнө жиберишкен экен. Баланы ооруканага алып бара турчу эч кандай ыкчам көрсөтмөлөрдү көрө алган жокмун. Экинчи кызымдын мурду сынган деп алып келди. Бир күн мурун рентгенге тартылыптыр. Карасам сыныктын белгилери жок. Ооруканага баруунун кереги жок, үйдөн эле карайсыңар деп апасына айттым. Түшүндүрүп бүткөндөн кийин өзүн агрессивдүү алып жатты. Жаткырууга себеп жок адамдан баш тартууга укугум бар”.
Кол салууга туш болгон дарыгер жерде жатканын ошол жерде тартылган видеодон көрсө болот. Ал азыр ооруканада, алдын ала чыккан диагнозго караганда, башынан жаракат алган, мээси чайкалып, боюнан козголгон.

Ошол эле учурда “Тез жардам” чакырткан балдардын апасы дагы денесине дарыгерден жаракат алганын, беделине шек келтирген сөздөрдү укканын айтып, арызданууда. Экөөнүн ишин азыр Ленин райондук милициясы тергеп жатат.
Мындай инцидент биринчи жолу болуп жаткан жок. Өткөн жылы Тез жардамдын" үч кызматкери сабалган. Дарыгерге кол көтөрүү кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканына кабатыр маанай жаратууда.
"Түркөй түшүнүк"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Элдин нааразычылыгы – көбүн эсе түшүнүктүн түркөйлүгүндө болуп жатат. Мен эки жарым жылдай келишим менен Иранда иштедим. Ал жакта таптакыр башкача. Алар дарыгерди аябай сыйлашат. Себеби, дарыгер эмне десе, ошону аткарып, ооруп калсам, көп чыгымга учурап калам деп чочулашат",-дейт Памир Муратов, 5-үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору.
"А биздин саясат көп учурда, элге биздин медиктер бардыгына жооп берет деген принципти коюп койгон. Келген кишинин баары эле ойлойт да, бул бүт баарына жооп бериш керек деп. Мисалы, өздөрү дарыгерлер айткан эрежени сакташпайт. Бирок, ооруп келгенден кийин дарыгерге доо коюшат. Мисалы, нормалдуу тамактангандын ордуна, каалашынча тамак жешет, тойго барышат, кечке чейин тойдо жүрүп, эртең менен келген “кан басымым көтөрүлүп жатат деп” келген кишилер бар да. Биздин максат – ооруларды дарылабастан, ошонун профилактикасы менен алектенишибиз керек да. А биз тескерисинче, кесепеттери менен иштейбиз да”.

Буга чейин дарыгерлерлерге кол салган бир нече фактылар ачыкталса дагы аларга кандай жоопкерчилик каралганы азыркыга чейин белгисиз. Аларды агрессиядан коргоочу мыйзам кабыл алуу демилгеси көтөрүлүп, тийиштүү мыйзам долбоору парламентке түшүп, коомдук талкууга коюлду.
Анда кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга бейбаштык жасалса, 50 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салуу же беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Дарыгер кызга үйлөнсөң - 50 миң сом сыйлык
Мындай агрессивдүү мамиле тажрыйбалуу адистердин өлкөгө жана жеке клиникаларга кетип жаткан тенденцияны күчөтүшү ыктымал дешет. Аймактарда ансыз деле дарыгер жетишсиз. Кадр жок болгондуктан, пенсиядагы адамдар иштеп жаткан райондор бар.
Мисалы, ушул жылдын февраль айында эле Таласта 132 дарыгер жетишсиздиги айтылган. Адис жок болгондуктан, 82 жаштагы акушер Салый Акматова аргасыздан оорукананы таштап кете албай иштеп жүрөт.
Өкмөт кадр маселесин чечүү үчүн, болочок дарыгерлердин окуу акысын төлөп берип, аймакка тартуу аракетин көрүп жатат. Бирок, бул реформа азыр натыйжалуу жыйынтык бере элек.
Талас облустунда жергиликтүү бийлик дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон сыйлык берүүдө.
Өлкөнүн алыскы аймактарында дагы ушундай эле көрүнүш. Өлкө боюнча 1700дөй дарыгер жетишсиз болуп жатканын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөн жылы билдирген.
Көбөйгөн маянанын эсеби

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Тез жардамдын" дарыгерине кол салуу болордун алдында медицина өкмөт өмүр сакчыларынын эмгек акысын көбөйтүү жөнүндө чечимин жарыя кылган.
Эмгек акы ушул жылдын сентябрь айынан баштап көтөрүлөт.
- дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50%га чейин;
- орто медициналык персоналдын маяналары 20%га чейин;
- кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат:
Жарлыкка ылайык, алыскы аймактагы хирург 20 миң сом 136 сом айлык алып жүрсө, эми сентябрдан тарта 50 миң 205 сом ала баштайт. Анестезиолог, реаниматологдун маянасы 75 миң сомго чейин чукулдайт. Педаитрдыкы 68 миң сомго чейин көтөрүлөт. Клиникалык ординатордун азыркы айлыгы 1200 сом болсо, 1-июлдан тарта алардын стипендиясы 20 миң сомду түзөт.
Теңдемечилик жана атаандаштык
Дарыгерлердин эмгек акысы текши көбөйүп жаткан менен, айрым эксперттер, эмгек акы төлөө системасынын прогрессивдүү формаларын киргизүү керек, баарына бирдей теңдемечилик мамиле өзүн актабай жатат деп белгилешүүдө.
«Менин оюмда, айлык акыны союздун убагындай кылып баарына көтөрүп койгону бир чети туура эмес. Себеби, дарыгерлердин ишине жараша айлык төлөшүбүз керек. Мисалы, мага канчалык бейтап ишенип келип, мен канчалык аларды көп көрсөм, менин жыйынтыгым жакшы болсо, жанымдагы дарыгерден көп айлык алсам, ошондо атаандаштык болот. Ошондо берки дарыгер дагы ойлоно баштайт, мен бейтаптарга орой мамиле кылбай, аларды жакшы карайын, окуюн деп, аракет кыла баштайт».
Памир Муратов медицина жаатында 42 жылдан бери эмгектенип келет. Ал Кыргызстанга дагы, башка өлкөлөрдүкү сыяктуу дарыгерлер арасында атаандаштык системасын киргизүү абзел экенин билдирүүдө. Ошондо сапаттуу тейлөө жана дарыгерге карата арыздар азаят дейт.
Ошол эле учурда ак халатчандардын дагы мыйзамга каршы келген иштерди жасаган фактылар бар. Мындай учурлар элдин ого бетер кыжырын келтирип, нааразылыктын күчөшүнө алып келет.
Саламаттык сактоо тармагында эмгек акыдан сырткары, кадр тартыштыгы, паракорлук, кесипкөйлүктүн төмөндүгү, материалдык базанын эскиргени сыяктуу толтура көйгөйлөр бар. Анын баарын чечүү үчүн бул тармакта системалуу комплекстүү реформалар болуп жатканына көп болду, бирок коомдук мамиленин азыркы деңгээлине караганда башталган иштин үзүрү анчалык болбой жаткансыйт.








