Ачка калган бөтөн эле бөбөктү эмизе салган полиция элди кубантты

Сүрөттүн булагы, SSC
33 жаштагы полиция кызматкери Аризбет Дионисио Амбросио Мексиканын Акапулько шаарында "Отис" бороонунан кийин куткаруу иштеринде жүрүп, алыстан баланын ыйлаганын уккан. Бороон-чапкын кыйратып, табигый кырсык талкалап кеткен шаарды бир тарабынан каракчылар карактап жаткан маалда полиция келиндин жасаган энелик аракети далайларды кубантты.
Бир аз убакыттан соң, эки баланын энеси Амбросио кайрадан баланын ыйын угуп, анын себебин билүүнү чечкен.
Ошол маалда ал төрт айлык баласы бар аялды жолуктурган. Ал аял уулу эки күндөн бери ачка экенин айтып, ачкалыктан ыйлап жатканын билдирген.
“Мен ага өзүм да бала эмизем, эгер кааласа анын баласын да эмизип берем деп айттым”, - деди полиция кызматкери Мексиканын N+ телеканалына.
Амбросио коргоочу кийимин чечип, ачка болгон баланы эмизе баштаган, көп өтпөй баланын ыйлаганы басылган.
"Жүрөгүм элжиреп кетти. Бул бала да, баланы ушундай шартта көрүү ар бир эне үчүн оор”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, SSC
Бул эпизод Акапулького куткаруу топторун жөнөткөн Мехиконун жарандык коопсуздук кызматы (SSC) тарабынан дем алыш күндөрү жарыяланган.
Акапулько жакында болгон бороон-чапкындан кийин оор трагедияны башынан өткөрүп жатат. Ушундай кезде социалдык тармактарда тараган бул сүрөт эмоционалдуу реакцияларды жаратты.
Каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
31-октябрда жарыяланган расмий маалыматтарга караганда, курорттук шаар Акапулько жана анын айланасындагы муниципалитеттер кыйратуучу “Отис” бороонунан кийин акырындан калыбына келүүдө. Табигый кырсык кеминде кырк беш адамдын өмүрүн алган, кырк жети киши дайынсыз жоголгон.
Каза болгондордун арасында үч чет элдик жаран: бир америкалык, бир британиялык жана бир канадалык бар. Жабырлануучуларды издөө жана келтирилген зыянды аныктоо иштери уланууда.
25-октябрда тропикалык бороон-чапкындан 12 саатка жетпеген убакытта 5-категориядагы бороонго айланган “Отис” өлкөнү каптап, Тынч океандагы рекорддук эң күчтүү циклондордун бирине айланган.
Акыркы күндөрү үй-бүлөлөрү менен байланыша албаган жүздөгөн адамдардын жайгашкан жери аныкталып, негизги инфраструктура акырындык менен калыбына келтириле баштады.
Талап тоноолор

Сүрөттүн булагы, EPA
Акапульконун четиндеги кээ бир аймактарда башаламандык өкүм сүрдү. Жүздөгөн ишканалар жана бизнестер тонолуп, өкмөт жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө жардам берүү үчүн аймакка 15 миңге жакын аскерин жөнөтүүгө аргасыз болгон.
Кээ бир аймактарда дагы эле ичүүчү суу, тамак-аш, электр энергия жана күйүүчү май жетишсиз болуп, өзгөчө кырдаал учурунда социалдык чыңалууну күчөтүүдө.
Hogar Moderno сыяктуу конуштарда кошуналар темирлерден, таштардан жана бутактартардан тосмолорду куруп, өз мүлкүн талап-тоноочулардан коргоо үчүн түнкү күзөттөрдү уюштуруп жатышат.
Көптөгөн үйлөр жарым-жартылай талкаланып, алардын жашоочулары түнкүсүн уктабай чыгышууда.
Электр жана ичүүчү суу

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Улуттук коргоо кызматы Улуттук гвардия Акапулькодо коопсуздукту калыбына келтирип жатканын билдирди.
Жарандык жана аскердик бийлик бир миллион калкы бар шаардын жолдорун тазалоону улантууда, ошондой эле электр энергиясын жана ичүүчү сууну калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Өзгөчө кырдаал учурунда калкка жардам көрсөтүү үчүн өлкөнүн башка аймактарынан куткаруучулар келишти.
Акапульконун айрым тургундары каза болгон жакындарын жерге бере башташты.
Эң коркунучтуу бороондор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Океандын температурасы жогорулай берсе, Отис сыяктуу бороондордун ыктымалдуулугу да жогорулайт.
Окумуштуулар атмосфера системасы өзгөрүп жатканын эскертишүүдө.
Тропикалык катуу шамалдан 12 саатка жетпеген убакытта 5-категориядагы бороонго айланган “Отистин” пайда болушу жана күчөшү илимпоздорду таң калтырды.
Мексиканын Автономиялык университетинин Атмосфералык илимдер институтунун директору Хорхе Заваланын айтымында, бардык божомолдор, анын ичинде Майамиде жайгашкан АКШнын Улуттук Бороондорду изилдөө борборунун божомолдору да так чыккан жок.
Ал келечекте бороон-чапкындар күчөп, ага байланыштуу жаан-чачындын көлөмү көбөйөрүн эскертти.
Окумуштуулар адаттан тыш аба ырайынын көрүнүшүн түшүндүрүүгө аракет кылып жатканда, Завала анын күтүүсүз жерден күчөшүнө алып келген кээ бир факторлорду аныктады, алар: деңиз бетинин жогорку температурасы, океанда топтолгон жылуулуктун жогорку деңгээли, шамалдын өзгөчө күчү жана багыты, нымдуулук деңгээли.








