Европада кар калың түштү, Британияда -12°С

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа калың жааган кардын кесепеттери менен күрөшүүдө, Британияда абанын температурасы -12°Cге чейин төмөндөдү.
Батыш Европанын тургундары өткөн дем алыш күндөрү жол кыймылын токтоткон калың кардын кесепеттери менен күрөшүүдө. Ал ортодо Британияда термометрдин көрсөткүчү -12 градустан төмөн түштү.
Акыркы бир нече күндө Германиянын көпчүлүк аймактарында кар жаап, нөлдөн төмөн температура катталды.
Акыркы жайырма жылда салыштырмалуу жылуу кышка көнүп калган өлкөнүн көптөгөн тургундары, ошондой эле транспорт жана коммуналдык кызматтар үчүн бул күтүүсүз чоң окуя болду.
Ишембиде Бавариянын борбору Мюнхенде транспорттук каттамдар жабылды. Аба ырайын маалымдаган кызматтардын билдиришинче мында жумадан ишембиге караган түнү 40 сантиметрден ашык кар жааган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери аталган аймакта мындай аба ырайы катталган эмес.
Мюнхен аэропорту жекшемби күнү таңга чейин ишин токтоткондугун жарыялады - 760 рейс кечикти же болбой калды.
Жергиликтүү бийлик тургундарды өз коопсуздугу үчүн үйдө калууга чакырды.
Кардын жаашы жана нөлдөн төмөн температура поезддердин кыймылын үзүп, автобустар менен трамвайлардын ишин токтотту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жумадан ишембиге караган түнү Төмөнкү Бавариянын полициясы аба ырайынын начарлашынан улам 350 чалуу болгонун билдирди. Жол кырсыгынын кесепетинен беш адам жеңил жаракат алган.
Дем алыш күндөрү Австрия менен Чехияда кар калың жаап, бир нече чакырымга созулган жол тыгындары пайда болуп, аба каттамдары кармалып, электр энергиясы өчүрүлдү.
Британиядагы суук

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британ аралдарына декабрдын башындагы мезгил үчүн адаттан тыш суук аба ырайы келди. Британиянын айрым аймактарында дем алыш күндөрү термометр -12,5 градуска чейин төмөндөдү.
Өлкөнүн түндүк бөлүгүнө калың кар түштү; Камбрияда (Англиянын түндүк-батышындагы аймак) көптөгөн айдоочулар калың кардан улам бир нече саат бою тыгында калып, жол кыймылы токтоду.
Англиянын түндүк-батышында, Мидлендде (өлкөнүн борбордук бөлүгүндө), түштүктө жана Уэльс менен Шотландиянын айрым бөлүктөрүндө кар жана муз тууралуу “сары” эскертүүлөр берилди. (ДО)

Сүрөттүн булагы, Getty Images












