"Хезболла" согуш чоң аймакка жайылып кетерин эскертти

Шейх Наим Кассем

Ливандагы кубаттуу, куралчан шиит исламчыл тобу – "Хезболланын" колбашчысынын орун басары Жакынкы Чыгышта согуш кеңири жайылып кетүү коркунучу бар экенин айтты. Бул – Израилдин Газадагы жарандарды бомбалап, өлтүрүп жатканына байланыштуу деди ал.

Шейх Наим Кассем Би-Би-Си менен маегинде “аймак мындан көп көтөрө албайт” деди. Ирандын колдоосуна таянган "Хезболла" Израилди талкалоону максат койгон. Ал Британия, АКШ жана Араб Лигасы тарабынан террорчул уюм катары таанылган. Би-Би-Синин Бейруттагы башкы эл аралык кабарчысы Орла Гверин Шейх Кассемге жолугуп, сейрек болуучу маекти алды.

Би-Би-Си: Аймакта кеңири жаңжал чыгышы мүмкүнбү?

Наим Кассем: Алардын кастыгы ушундай ылдамдыкта күчөп, улана берсе, бул абдан опурталдуу жана аймакта абдан олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет. Анын кесепетин эч ким токтото албай калат. Кеңири аймакта согуш чыгып кетүү коркунучу турганы айкын.

Би-Би-Си: Ал коркунуч канчалык реалдуу жана жакын болуп турат?

Наим Кассем: Коркунуч даана эле турат. Себеби Израил жөн жай жарандарга каршы агрессиясын күчөтүп, аялдарды жана балдарды өлтүрүп жатат. Бүтүндөй аймакты коркунучка кептебей туруп, бул абалды улантуу мүмкүнбү? Менимче, мүмкүн эмес.

Би-Би-Си: "Хезболланын" Израилдин ичине терең кирип жете алган куралы бар экенин билебиз. Эгерде силер ал куралды колдоно турган болсоңор, Израил аба күчтөрүн колдонуп жооп кайтара алат. Ал киши элестете алгыс денгээлде жооп кайтараарын, натыйжада, көптөгөн ливандыктар өмүрүнөн ажырашы ыктымал экенин убада кылды. Ушуга карабай тобокелчиликке барасыңарбы?

Наим Кассем: Бул – нормалдуу жана түшүнүктүү нерсе жана биз жоготууларга даярбыз. Бирок, Израил жоготууларын көтөрө алабы деген суроо турат. Бул Израил үчүн суроо.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Соңку айдагы транс чекаралык чабуулдарды эске алганда, согушту каржылай албаса да, бул жерде эч бир колдоо жок болсо, өзү каалабаган күндө да, Ливан согушка тартылып кетпейби?

Наим Кассем: Ар бир ливандыктын согуштан коркууга укугу бар. Бул – түшүнүктүү. Согуш эч кимге жакпайт. Бирок бул согушка ким жооптуу? Бизби же Израил баштадыбы? Эң негизгиси, Газага каршы ушунчалык ырайымсыз түрдө агрессияны баштаган израилдиктер болуп жатат.

Би-Би-Си: Анткен менен 7-октябрда Израилге чабуулду "Хамас" баштады, көбү жөн жай жарандар, аялдар жана балдар болгон 1400 израилдик мерт кетти. Бул жолку согушту Израиль эмес, "Хамас" баштабадыды.

Наим Кассем: Палестиналыктар өз эркиндиги жана өз жерин кайтарып алыш үчүн эмне кылышы керек эле? Бул чара болбой коймок эмес. Бул – каршылык көрсөтүү жана коргонуу чарасы болду.

Би-Би-Си: Айрымдар 7-октябрдагы чабуул палестиналыктардын өзүнө кыйроо алып келди дешүүдө. Себеби, Газа аябай талкаланды, миңдеген жарандар, анын ичинде төрт миңден ашуун жаш бала өлдү. Ал чабуулдардын, чынында, кесепети эле тийбедиби?

Шейх Наим Кассем: Бул жерде палестиналыктардын каршылык көрсөтүүсү ири жетишкендик болду деп ойлойм. Израил салган кыргын палестиналыктарды чыйралтты, дагы көптөгөн-көптөгөн палестиналыктар өз жерин сактап калууга бел байлады. Алар каршылыгын улантуудан башка аргасы жок экенин билишет.

Би-Би-Си: Чабуулдар чоң жетишкендик болду деп жатасыз. Бирок бул чабуулдан бери он миңдеген палестиналыктар набыт болду, дагы канча жоготуу болоору белгисиз.

Наим Кассем: Палестиналыктарды ким өлтүрдү? Акылынан адашкан израилдиктер өлтүрдү.

Би-Би-Си: "Хамас" Газада талкалануу коркунучуна кептелип турганда, "Хезболла" көбүрөөк аскердик кийлигишүүгө барат белеңер?

Наим Кассем: Бул – келечектин маселеси жана майданга жараша болот. Биз бул тууралуу медиага сүйлөбөйбүз. Бирок, шартка жараша, көбүрөөк тирешип жана каршылык көрсөтүү пландарыбыз бар.