Израил ХАМАСтын аскер канатынын басма сөз катчысы Абу Убайда өлтүрүлгөнүн жарыялады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ишембиде Газа шаарына жасалган соккудан кийин Израил ХАМАСтын аскердик канаты – "Изз ад-Дин аль-Кассам бригадаларынын" басма сөз катчысы Абу Убайданын өлтүрүлгөнүн жарыялады. Ал уюмдун атынан дээрлик жыйырма жыл бою билдирүүлөрдү жасап келген.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Израилдин армиясын жана чалгындоо кызматтарын "кемчиликсиз аткарылган" операциясы менен куттуктады.
Ал операциянын убактысы жана орду тууралуу кеңири маалымат берген жок. Бирок Израилдин коргонуу армиясы буга чейин анын учактары ишемби күнү Газа шаарынын Аль-Римал районунда "негизги террористти" бутага алганын билдирген. Андан кийин маалымат каражаттары максат Абу Убайда болгонун жазып чыгышты.
Хамас анын өлгөнүн расмий тастыктай элек, бирок Израилдин Газа шаарындагы турак жайга жасаган соккусунан ондогон жайкын тургундар мерт кетип, жарадар болгонун билдирди.
Жекшембиде Кац Израилдин Газа шаарын басып алуу боюнча жакында бекитилген планына токтолуп, Убайданын дагы көптөгөн "кылмыштуу шериктери" "Газадагы кампанияны күчөтүүдө" бутага алынарын эскертти.
ЦАХАЛ жана Израилдин Шин Бет атайын кызматы Абу Убайданы бутага алган ишемби күнкү соккулар тууралуу кененирээк маалымат берди.
Биргелешкен билдирүүдө алар операция "Шин-Бет жана ЦАХАЛдын чалгын башкармалыгы топтогон маалыматтардын аркасында мүмкүн болгонун" айткан. Дал ушул маалыматтар аркылуу Убайданын жашынган жерин аныктоого мүмкүн болгон.
Бир учурда эки башка тараптан беш ракета алты кабаттуу турак үйдүн экинчи жана үчүнчү кабатын талкалаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сокку урулган батир тиш дарыгеринин кабинети катары колдонулуп келген. Күбөлөрдүн айтымында, жардыруудан кийин миңдеген долларлык акчалар абага чачылган. Ири суммалар уурдалганы, бирок кийин Хамастын согушкерлерине кайтарылганы кабарланууда. Абу Убайда аты менен белгилүү болгон Хутайфа аль-Кахлуттун өлтүрүлүшү бул топ үчүн маанилүү символикалык сокку болуп калды.
Жүзүн дайыма палестин жоолугу менен чүмбөп, Израилге жана оккупацияга каршы ашкере ачуу сөздөрү менен белгилүү болгон Абу Убайда ХАМАСтын аскерий канатынын Газада аман калган соңку көрүнүктүү фигураларынын бири болгон. Ал ХАМАС тын Жакынкы Чыгыштагы колдоочуларынын кумири катары эсептелген.
Израил армиясы менен Шин Беттин биргелешкен билдирүүсүндө Убайда "террордук уюмдун көрүнүктүү өкүлү болгон" жана " ХАМАСтын пропагандасын жайылткан" деп айтылат.
Болжол менен жашы 40ка таяп калган Абу Убайда жума күнү жасаган соңку билдирүүсүндө барымтадагы израилдиктер ХАМАС согушкерлери сыяктуу тагдырга туш болоорун айтып, Израилге анын Газа шаарын басып алуу планынын кесепеттери тууралуу эскерткен.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ишембиде ХАМАС Израилди Газа шаарынын эл жыш отурукташкан Аль-Римал районундагы турак жайга кол салганы үчүн айыптады.
Жергиликтүү журналисттер кеминде жети киши каза болуп, 20 киши жарадар болгонун, анын ичинде балдар да бар экенин кабарлашты.
ЦАХАЛ кол салуудан мурун "жай тургундарга зыян келтирүү ыктымалдыгын азайтуу үчүн бир катар чаралар көрүлгөнүн, анын ичинде абадан байкоо жүргүзүлүп, так багытталган курал-жарактар жана кошумча чалгындоо маалыматы колдонулганын" билдирди.
Би-Би-Си Израил армиясы менен ХАМАСтын билдирүүлөрүн өз алдынча тактай алган жок.
Август айынын башында Израилдин министрлер кабинети 22 айга созулган согушту токтотуу максатын көздөгөн жаңы чабуул менен Газа шаарын көзөмөлгө алуу планын бекиткен.
Израилдин аскердик операциясы Газа секторунда 7-октябрда ХАМАС уюштурган кол салууга жооп иретинде башталган. Ал күнү болжол менен 1200 адам мерт болуп, дагы 251 киши барымтага алынган. Ошондон бери ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 63 миңден ашык палестиндик каза тапкан.
Газа шаарын алуу операциясы толук кандуу башталбаса да, Израилдин бир миллионго жакын калкы бар шаарга кол салуулары уланууда.
Израил армиясы аскерлер киргенге чейин Газа шаарынын бардык тургундарын эвакуациялап, түштүктөгү баш калкалоочу жайларга көчүрүүнү пландап жатканын билдирди.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, Газа шаарындагы үйлөрдүн 90 пайыздан ашыгы талкаланып же жараксыз абалга кептелген. Саламаттык сактоо тармагы, суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена системалары дээрлик иштен чыккан.











