Израил Газадагы ооруканага эки ирет сокку урду: Кан төгүлгөн чабуул тууралуу эмне белгилүү?

Эркек киши Насер ооруканасынан түз эфирге чыккан журналист Хусам аль-Масринин жабдыктарын кармап турат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркек киши Насер ооруканасынан түз эфирге чыккан журналист Хусам аль-Масринин жабдыктарын кармап турат

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнистеги Насер ооруканасына Израил эки жолу сокку уруп, кесепетинен жыйырма киши набыт болду. Арасында журналисттер жана медицина кызматкерлери дагы бар. Израил бул аба соккуларды "кайгылуу окуя" деп атады.

Ооруканага жасалган биринчи соккудан кеминде бир адам каза тапса, куткаруучулар менен журналисттер окуя болгон жерге келгенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин болгон экинчи соккудан дагы башкалары набыт болду.

Каза болгондордун арасында Associated Press, Reuters, Al Jazeera жана Middle East Eye сыяктуу дүйнөлүк маалымат каражаттарында иштеген беш журналист бар.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху муну "каргашалуу окуя" деп атап, Израил терең кайгырып жатканын айтты. Учурда "тыкыр иликтөө башталганын кошумчалады.

Чабуул кандайча жасалды?

Насер ооруканасынын дарыгерлеринин айтымында, эртең мененки саат 10:00 чамасында биринчи сокку урулган.

"Массалык дүрбөлөң, башаламандык башталды",- деп айтып берди ошол учурда оорукананын реанимация бөлүмүндөгү бейтаптарды дарылап жаткан британиялык медициналык кызматкер Би-Би-Сиге.

Анын сөзүнө караганда, болжол менен 10 мүнөттөн кийин, медицина кызматкерлери эвакуация жасоого камынып жаткан маалда, дал ошол жерде дагы бир жардыруу болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, соккулардан тез жардам бөлүмү, стационар жана хирургия бөлүмдөрү жабыркады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргендей, авариялык тепкич да зыянга учураган.

BBC Verify бул маалыматтарды тастыктаган видеолорду көрүп чыкты. Al Ghad телеканалы түз эфирден Насер ооруканасынын үстүнкү кабатында шашылыш жардам көрсөтүү кызматынын бир нече кызматкери алгачкы соккуга реакция кылып, дагы бир нече журналист окуяны видеого тартып жатканын көрсөттү.

"Видеодо журналисттер көп учурда репортаж жасаган тепкич көрүнүп турат. Сокку шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жана кабарчыларга түз тийген. Чаң көккө сапырылып, сыныктар туш тарапка чачыраган. Ал жерде тартылган видеодон жок дегенде бир адамдын сөөгүн көрүүгө болот.

Ошол эле тепкичтен тартылган башка видеодо курман болгондор жана чуркап келген дарыгерлер көрүнүп турат.

Насер ооруканасынын негизги кире беришинин сыртында тартылган дагы бир видеодо дарыгер журналисттерге биринчи соккудан кийин кан болгон кийимдерин көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Ошол маалда дагы бир жардыруу болгон. Эл дүрбөлөңгө түшүп кача баштаганы, айнектин чачырандылары туш тарапка ыргып жатканы тартылган. Жараат алгандардын бири коопсуз жакка сойлоп кетүүгө аракет кылган.

Британдык медкызматкер "жер-суунун баары канжалап, баш аламандык менен коркунуч өкүм сүргөнүн" Би-Би-Сиге айтып берди.

Каза болгондор тууралуу эмне белгилүү?

Хусам аль-Масри

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хусам аль-Масри

Мерт болгон журналисттердин аты-жөнү аныкталды, бирок башка каза болгондор тууралуу маалымат аз.

Хамас көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлиги куткаруучулар менен бейтаптар каза болгонун билдирди.

Хусам аль-Масри Reuters агенттигинде оператор болуп иштечү. Агенттиктин маалыматына караганда, ал түз эфирге чыгып жатып, биринчи соккуда мерт болгон. Анын тарткан кадрларын дүйнөдөгү көптөгөн маалымат агенттиктери, анын ичинде Би-Би-Си да колдонду.

33 жаштагы Марьям Дагга Associated Press агенттигинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон жана дайыма ооруканадан маалымат берип турчу. APнин аймактык редакторлорунун бири Эбби Сьюэлл билдиргендей, Дагганын артында уулу калды, ал согуш башталганда Газадан эвакуацияланган.

Марьям Дагга

Сүрөттүн булагы, BASHAR TALEB/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марьям Дагга
Мухаммед Салама

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мухаммед Салама

Мохаммед Салама Al Jazeera жана Middle East Eye телеканалдарында иштечү. Ал журналист Хала Асфур менен үйлөнүүгө даярдык көрүп жүргөн. Түгөйлөр ок атышпоо келишиминен кийин баш кошууга ниеттенип жаткан,- деп билдирди Al Jazeera.

Ахмад Абу Азиз Middle East Eye телеканалында фрилансер болуп иштеп, Хан-Юнисте жашачу.

Муатх Абу Таха түрдүү басылмалар менен кызматташкан, анын ичинде израилдик Haaretz гезити менен да иштешкен. Бар болгону эки жума мурун ал журналисттер үчүн видеобайланыш уюштуруп, анда Насерде ачарчылыктан жабыркаган балдарды көрсөткөн. Reuters агенттиги да ал тарткан кадрларды мезгил-мезгили менен жарыялап келгенин билдирди.

Муатх Абу Таха

Сүрөттүн булагы, BASHAR TALEB/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Муатх Абу Таха

Израил эл аралык маалымат каражаттарын, анын ичинде Би-Би-Сини, Газадагы окуяларды эркин чагылдыруу үчүн тилкеге киргизбей келет.

Ошондуктан дүйнөлүк ЖМК негизинен жергиликтүү журналисттер берген маалыматка таянат.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 22 айга созулган согушта 190дон ашуун журналист набыт болгонун, алардын басымдуу көпчүлүгү Израилдин чабуулунан каза болгон палестиналыктар экенин билдирди.

Эки апта мурун Израилдин Газа шаарындагы Аш-Шифа ооруканасынын жанына жасаган соккусунан Al Jazeera телеканалынын кабарчысы Анас аш-Шариф жана дагы төрт кызматкери набыт болгон.

Al Jazeeraʼнын маалыматына ылайык, кабарчылар Анас аш-Шариф менен Мохаммед Крейке, ошондой эле операторлор Ибрагим Захер, Мохаммед Нуфаль жана Муаммян Алива оорукананын негизги дарбазасынын жанында журналисттер үчүн тигилген чатырда отурган учурда сокку урулган.

Израил армиясы ал-Шариф ХАМАСка тиешелүү топтун жетекчиси болгон деп билдирген.

Израил эмне дейт?

Израилдин Коргоо күчтөрү алгач Газа тилкесинин түштүгүндөгү Насер ооруканасынын жанына сокку урганын ырастады.

Ошол эле күнү Израил бийлиги элди тынчтандыруу максатында, аз маалымат камтылган бир катар билдирүүлөрдү таратты.

Дүйшөмбү күнү кечинде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирүү жасап, Израил Газадагы Насер ооруканасында болгон каргашалуу окуяга терең кайгырып турганын айтты.

Израил "журналисттердин, медициналык кызматкерлердин жана бардык жарандардын эмгегин баалайт" жана аскерлер "дыкат иликтөө жүргүзүп жатат" деп айтылат ал билдирүүдө.

Бирок Би-Би-Си кабарчылары ал билдирүүдө кол салуунун атайылап эки ирет жасалганын ачык көрсөтө турган эч нерсе болбогонун байкады. Курман болгондордун көбү болжол менен 10 мүнөттөн кийин ошол эле жерге урулган экинчи соккудан каза тапканы, чабуул атайылап жасалганын айгинелейт.

Кош сокку уруу – талаштуу аскердик тактика. Мында жоготууларды көбөйтүү үчүн бутага катары менен эки жолу чабуул жасалат.

Маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде Израилде жана оккупацияланган палестин аймактарында иштеген чет элдик журналисттер ассоциациясынын билдирүүсүндө, израил армиясы согуш маалында журналисттерге системалуу түрдө атайылап чабуул жасап келет деп айыпталууда.

Израил өзүнүн ички иликтөөсүнүн жыйынтыгын коомчулукка чыгарабы же жокпу азырынча белгисиз.

Дүйнө кандай кабыл алды?

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Насер ооруканасындагы "үрөй учурган өлтүрүүлөрдү" катуу айыптады. Айтымында, окуя "катаал согуш шартында өз милдетин аткарып жаткан медициналык кызматкерлердин менен журналисттердин өмүрү өзгөчө коркунучтарга дуушар болуп жатканын" көрсөтүп койду. Гутерриш "тез жана калыс иликтөө" жүргүзүүгө чакырды.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми бул абдан үрөйү учурган окуя болгонун айтып, ок атышууну дароо токтотууга үндөдү.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон "жол берилгис сокку" деп атап, жайкын тургундар менен журналисттерди коргоого чакырды.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги нес абалында экенин айтты.

Ошол эле учурда АКШ президенти Дональд Трамп соккулар тууралуу маалыматы болбогонун, анын реакциясы тууралуу суроого "кубанган жерим жок" деп жооп берди.

ММК эркиндигин коргоо уюмдары да айыптап чыкты.

"Бул качан жана кайсы жерде токтойт? Эл аралык укук деген бар да", – деди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун башчысы Тибо Бруттен.

Айтымында, "чыр-чатакты чагылдырган журналисттер үчүн кепилдиктер болушу керек, бирок көрүнүп тургандай алардын бири да ишке ашпай жатат".

Чет элдик журналисттер ассоциациясы болсо бул соңку өлтүрүүлөр "бурулуш учур болушу керек" деп билдирди. Алар Израилди "журналисттерди бутага алган жийиркеничтүү практикасын токтотууга" чакырып, "өтө көп журналисттер Израил тарабынан негизсиз өлтүрүлдү" деп кошумчалады.