Ким Чен Ын Кытайда аскердик парадга катышып, ал жерде Путин менен жолугат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Лора Бикер
- Role, Би-Би-Си, Пекин
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын келерки аптада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Пекинде өтө турган аскердик парадга катыша турганын Кытай өкмөтү билдирди. Бул Кимдин биринчи көп тараптуу эл аралык жолугушуусу болгону турат. Аны Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин дипломатиялык жеңиши катары сыпаттаса болот.
Вашингтон Украинадагы согушту токтотуу боюнча Москва менен макулдашууга умтулуп жаткан чакта бул иш-чара Кытай лидеринин Путин менен Ким Чен Ынга канчалык таасир эте ала турганын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
АКШ президенти Дональд Трамп иш-чарага катышпайт, бирок ушул жуманын башында өзүнүн өзөктүк арсеналын күчөтүп, Батышты кооптондуруп, Орусияны колдоп жаткан Түндүк Корея лидери менен жолугууну каалай турганын билдирди.
Бейшемби күнкү пресс-конференцияда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Түндүк Кореяга көп жылдык "салттуу достугу" үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө "аймактын тынчтыгы жана туруктуулугу" үчүн биргелешип иштөөнү уланта турганын айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Парад Трамптын Азияга мүмкүн болгон сапарынан бир нече жума мурун өтөт. Ак үй мындай пландар тууралуу кыйыткан, бирок расмий түрдө тастыктай элек.
Ошол эле учурда АКШ президенти тарифтерди жана башка маселелерди соңку ирет макулдашуу үчүн Си Цзиньпин менен жолугушууга ачык экени кабарланган.
Ким Чен Ындын Бээжинге соңку сапарынан бери алты жыл өттү. 2019-жылы ал эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышкан.
2018-жылы болсо ал Бээжинге үч жолу барган. Чет өлкөгө чыгууга анчейин дилгир болбогон Ким үчүн бул өзгөчө окуяларга бай жыл болуп калган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Көпчүлүк батыш лидерлери Украинанын аймагына Орусиянын басып кирүүсүнө байланыштуу позициясынан улам парадга катышпайт деп күтүлүүдө.
Бээжин Москвага каршы пикир билдирген жок жана АКШ менен анын союздаштары Кытайды Орусияга кыйыр түрдө колдоо көрсөтүүдө деп сындап келишет, Кытай муну четке кагууда. Ким болсо Орусияны ачык колдоп, ага курал да, аскер да жөнөткөн.
Парадга келчү лидерлердин тизмеси Кытайдын таасири өсүп, дүйнө менен болгон мамилесинин өзгөрүп жатканын көрсөтүп турат.
Айрыкча, парадга Индонезия президенти менен Малайзиянын премьер-министринин келишин Пекиндин Түштүк-Чыгыш Азиядагы коңшу өлкөлөр менен байланышты чыңдоого жасаган аракети катары баалоого болот. Сингапур сыяктуу башка мамлекеттер болсо төмөнүрөөк кызматта отурган өкүлдөрүн жөнөткөнү турат.
Парадга Мьянманын аскер башчысы Мин Аун Хлайн да келет. Ал эл аралык коомчулукта обочолонгон фигура катары саналат жана Кытайдын соодасына, жардамына катуу көз каранды.
Европа Биримдигинен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо катышат. Болгария менен Венгрия делегация жөнөтөт.
Салыштырып карасак, 2015-жылдагы парадга Чехиянын президенти Милош Земан өзү барган, ал эми Польша, Франция, Венгрия, Италия, Нидерланды жана Улуу Британия парламент спикерлерин, өкмөт өкүлдөрүн жиберген.
Кошумча материалдарды Би-Би-Синин Мониторинг кызматынан Иэн Танг даярдады.








