Кытайлык жумушчулар аралашкан окуя: коомдогу тынчсыздануу жана бийликтин түшүндүрмөсү

Сүрөттүн булагы, social media
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары коомдо антикытайлык маанайды күчөтүүгө багытталган аракеттер көбөйгөнүн айтып, муну өлкөнүн туруктуулугуна каршы жасалган маалыматтык чагым катары баалады. Ал коомчулукту мындай чагымдарга алдырбоого чакырды.
Кытай темасына байланышкан талкуулар өткөн апта соңунда Чүйдө кытай жарандары аралашкан мушташ тууралуу маалыматтан кийин күчөгөн.
Талкууларда Кыргызстанда жашаган кытай жарандарынын саны, виза маселеси жана аларды көзөмөлдөө сыяктуу суроолор көтөрүлүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов антикытайлык маанай жасалма күчөтүлүп жатат деп эсептейт.
"Айрым майда-барат тиричилик учурларынан негизсиз жалпы жыйынтыктар чыгарылып, антикытайлык маанай жасалма түрдө күчөтүлүп жатканын көрүп жатабыз. Кээ бир жоопкерчиликсиз саясий күчтөр бул теманы өздөрүнүн башкы үгүт материалдарына айлантууну чечкенин да байкоого болот",- деп жазды ал "Фейсбуктагы" баракчасына.
Байсалов, коомчулукка жана Министрлер кабинетиндеги кесиптештерине кайрылып, провокацияга алдырбоого чакырды.
"Мага так белгилүү. Мындай провокациялар өздөрүнөн-өздөрү пайда болбойт. Анын максаты - өлкөнүн экономикалык чыңдалышына тоскоолдук кылуу, өсүп бараткан эл аралык абройубузду солгундатып, акыры келип Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө сокку урууга багытталган",- деди Байсалов.
Вице-премьер укук коргоо органдарын этностук кастыкты, анын ичинде антикытайлык маанайды күчөтүшү мүмкүн болгон бардык аракеттерди токтотууга үндөдү.
Анын айтымында, бүгүн коом да, мамлекеттик органдар да мындай провокациялардын чыныгы табиятын так түшүнүшү керек.
"Алардын артында Кыргызстандын туруктуулугун бузууну жана экономиканы алсыратууну көздөгөн күчтөр турат. Мамлекеттик саясат эмоциялардын негизинде курулбайт жана курулбашы керек. Биздин кең пейил элибизге максатыбызды сабырдуу, так түшүндүрүп, Кыргызстанын өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн Кытай менен кызматташууну тереңдетүү жана кеңейтүү курсун ишенимдүү улантуубуз зарыл",- деди ал.
Бул - кытай жарандарына байланыштуу акыркы эки күндө эле кыргыз бийлигиндеги үчүнчү жогорку кызмат адамынын билдирүүсү. Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри, президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да билдирүү жасаган.
ТИМ билдирүүсү

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга Кытай жарандары мыйзамда көрсөтүлгөндөй визалык режимдин негизинде кире турганын маалымдаган эле.
Ведомствонун маалыматында айтылгандай, Кытай жарандарынын Кыргызстанга кирүүсү, жүрүүсү жана өлкөдөн чыгышы компетенттүү органдар берген жарактуу виза негизинде гана жүзөгө ашырылат.
"Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген жобого ылайык, чет өлкөлүк жарандар визада же башка уруксат берүүчү документте көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү так сактоого милдеттүү",- деп айталат анда.
ТИМ кабарлагандай, Кыргызстан визалык саясатты либералдаштырууда этап-этабы менен жана тең салмактуу ыкманы тандап, улуттук кызыкчылыктарды эске алат.
Өткөн апта соңунда коомдук сайттарда Чүйдөгү кытайлыктар аралашкан мушташ тууралуу кабарлар тарап, өлкөдө Кытайдан келген жумушчулардын саны өскөнү тууралуу талкуулар жаралган.
16-ноябрда Чүй облусундагы кыргыз жана кытай жарандарынын мушташына байланыштуу 16 адам камалганы тууралуу маалымат тараган.
Чүй милициясы билдиргендей, Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылынын жанындагы мушташ боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 15-ноябрда болгон окуя боюнча баш-аягы 44 адам тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилип, алардын 16сы камакка алынган.
Маалыматка ылайык, "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл аралашмасын ташуу маалында жолду бөлүшө албай калып, натыйжада ортодо жаңжал чыккан.
"Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну - Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, жабык баш мээ травмасы, мээнин чайкалышы, желке бөлүгүндө теринин астына кан куюлуу жана жумшак ткандардын көгөрүүсү аныкталган", - деп айтылат Чүй милициясынын маалыматында.
Бийликтин жообу
Бул окуядан кийин тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстанда кытайлык жумушчулардын саны "мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк" экенин айтып, аны Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу менен байланыштырды.
"Бул долбоордо каралган иштерге Кытай жарандары дагы өздөрүнүн заманбап технологиялары менен тартылды. Өзүбүз дагы бул долбоордун алкагындагы ички темир жолдорубузду куруп жатабыз. Бирок бул ири долбоорду биз өзүбүздүн гана күч менен сала албай турганыбызды жарандарыбыз жакшы түшүнүүсү кажет", - деди Кулубаев.
Кыргызстандын башкы дипломаты кытай жарандары "Балыкчы - Барскоон" жолу сыяктуу башка долбоорлордо иштеп жатканын айтып, жарандарды антикытайлык маанайды күчөтүп жиберүүчү билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.
"Иштеп жаткан кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат. Көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бизде визалык режим бар. Визасынын мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетишет. Виза мөөнөтү бүтүп чыкпагандары болсо рейддерде аныкталып, депортация болот. Аларга мыйзам жактан көйгөйлөр керек эмес", - деди министр.
Аны улай президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да "Фейсбук" аркылуу билдирүү тараптып, Чүйдө "курулуш багытында келип иштеп жаткан кытай жарандары менен кыргыз жарандары уруша кетишкенин" айтып, бул окуядан кийин улут аралык кастыкты козуткан пикирлер тарап жатканын айтып, чагымчылдыкка алдырбоого үндөдү.
"Эми, адам бар жерде уруш-талаш боло берет экен, адамдын табияты ошол. Ал улутка же расага карабайт. Мисалы биздин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык жарандарыбыз деле башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт, биздеги кытайлар сыяктуу. Алар деле кээде урушуп, жанжалдаша кеткен окуяларга туш болушат. Андыктан чагымчылдарга азгырылбагыла", - деди Орунбеков.
Кытай жарандары аралашкан чуулуу окуялар
Кытай Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөшү. Өлкөдө Кытай каржылаган жана кытайлык жумушчулар тартылган инфраструктуралык долбоорлор арбын.
Соңку 10 жыл ичинде кыргыз жана кытай жарандары жаңжалдаша кеткен бир нече окуялар катталган. Мисалы 2019-жылдын август айында Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Күбөлөр бул жаңжалга 300дөн 500гө чейинки адам аралашканын айтышкан. Бул окуядан кийин кенде иш бир топко үзгүлтүккө учураган.
2013-жылы Өзгөндө Датка-Кемин долбоорунда иштеп жаткан кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундар мушташа кетишкен. Телефон талаштан чыккан жаңжал жергиликтүүлөрдү барымтага алуу, кафени талкалоо жана милицияга кол көтөрүү менен коштолгон.












