Трамп Венесуэланын президенти Мадурону эмнеге коркутууда?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ванесса Бушшлүтер, Латын Америка боюнча редактор, BBC News Online
АКШнын президенти Доналд Трамп Венесуэланын өлкө башчысы Николас Мадурого карата басымын күчөтүп келатат. Трамптын бийлиги Мадурону кармаоого жардамы тийген маалымат бергендерге сый акыны эки эсеге көбөйттү. Ал эми согуштук кемелерди Венесуэлага сокку ура ала турганчалык аралыкта кармап турат. Түштүк Америкадагы өлкөдөн баңгизат ташып баратканы айтылган кемелерге каршы урулган соккунун натыйжасында ондогон адамдар каза болушкан. Трамп 21-ноябрда Мадуро менен телефон сүйлөшүүдө Мадурого Венесуэладан чыгып кетүү ультиматумун койгону да айтылууда.
Николас Мадуро ким?
Николас Мадуро солчул президент Уго Чавестин жетекчилигинде жана анын Венесуэла бириккен социалисттик партиясынын (PSUV) тушунда таанымал боло баштаган.
Мурдагы автобус айдоочусу жана профсоюз жетекчиси Мадуро 2013-жылы Чавестен кийин президенттикке келген.
Чавес менен Мадуро бийликте турган 26 жыл бою алардын партиясы башкы институттарды колго алууга жетишкен. Мисалы, Улуттук ассамблеяны, сот системасынын жана шайлоо комиссиясынын көпчүлүк бөлүгүн айтууга болот.
2024-жылы шайлоо комиссиясы оппозиция чогулткан шайлоо жыйынтыктары өз өкүлү Эдмундо Гонсалес ишеничтүү жеңишке жеткенин көрсөткөнүнө карабастан Мадурону президенттик шайлоодо утуп чыкканын жарыялаган.
АКШ бул шайлоону мыйзамсыз деп тапкан көпчүлүк өлкөлөрдүн бири жана Гонсалести "шайланган президент" деп тааныган.
Бирок аскердик күчтү, полицияны жана мыйзам чыгаруучуларды бекем көзөмөлдөгөн Мадуро дале бийликте отурат. Гонсалес болсо түрмөгө түшүп калуудан кооптонуп качып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эмне үчүн Трамп Венесуэлага көңүл бурууда?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп экинчи мөөнөткө шайланып келгенде иммиграцияны токтотууну башкы маселе деп белгилеген. Ал көптөгөн венесуэлалык мигранттардын АКШга келишине Мадурону күнөөлөп келет.
2013-жылдан бери 8 миллиондой венесуэлалык экономикалык кризистен жана саясий куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткени айтылат. Аталган эки жагдай тең Мадуронун тушунда начарлап кеткен.
Көпчүлүгү Латын Америка өлкөлөрүнө качып кетишсе, жүз миңдеген венесуэлалыктар АКШга барышкан.
Трамп далил көрсөтпөстөн Мадурону "түрмөлөрдү жана психиатриялык бейтапканаларды бошотуп жатат" жана камалгандарды АКШга көчүп кетүүгө "мажбурлап жатат" деп күнөөлөгөн.
Ошондой эле, Трамп маңзаттардын, айрыкча фентанил менен кокаиндин, ири көлөмдө АКШга ташылып жатканына каршы күрөшкө көңүл бурган.
Баңгизаттарга каршы күрөштүн алкагында Трамп эки венесуэлалык кылмыш тобун эл аралык террористтик уюм деп жарыялаган. Алар "Трен де Арагуа" (Tren de Aragua) жана "Картел де лос Солес" (Cartel de los Soles). Трамп экинчи уюмду Мадуро өзү жетектейт деп күнөөлөгөн.
Мадуро болсо картелдин башчысы деген айыпка караманча каршы чыгып келет. Ал АКШны "маңзатка каршы согушту" жамынып алып өзүн бийликтен кулатууга жана Венесуэланын ири мунай коруна ээлик кылып калууга аракет кылып жатат деп айыптоодо.
Талдоочулар белгилегендей, "Картел де лос Солес" иерархиялык бир топ эмес, болгону жалпы аталыш. Алардын айтымында, ал өлкөдөн кокаинди алып өтүүгө уруксат берген жемкор венесуэлалык аткаминерлерге карата колдонулган сөз.
Эмне үчүн АКШ Кариб деңизине согуштук кемелерди жөнөттү?

Сүрөттүн булагы, US Navy via REUTERS
АКШ Карибде 15 миң аскер, учак ташуучу, ракеталык сокку уруучу бир нече кемелерди жана десанттык амфибия кемелерин жайагаштырды.
Мындай куралдуу күчтөрдү жайгаштыруунун максаты АКШга кирген фентанил менен кокаиндин агымын токтотуу делет. Бул аймактагы 1989-жылы АКШ Панаманы басып алгандан берки эң ири аскердик күч.
Сентябрдан бери АКШнын күчтөрү эл аралык сууларда баңгизат ташып баратат делген кемелерге 20дан ашуун сокку урган. Алардын натыйжасында 80ден ашуун киши каза болгон.
Трамптын өкмөтү өз аракетин маңзат ташыганы айтылган эл аралык эмес куралдуу жаңжалдарга аралашкан деп белгилейт жана аларды АКШга каршы утурумдук аскердик аракеттерге айыптап келет.
АКШ кеменин бортундагыларды "баңгизат террорчулары" деп атаган, бирок укуктук маселелер боюнча эксперттердин айтымында, урулган соккулар мыйзамсыз. Себеби мындай мүнөздөмө "аларды мыйзамдуу аскердик бутага айланткан эмес".
Эл аралык кылмыш сотунун мурдагы башкы прокурору Би-Би-Сиге билдиргендей, АКШнын аскердик өнөктүгү тынч мезгилде жарандарга каршы пландаштырылган, системалык кол салуу категориясына кирет.
Ага жооп катары Ак үйдөн билдиришкендей, Доналд Трамп АКШны "жээктерибизге уу алып келүүгө аракеттенген... америкалыктардын жашоосун талкалаган" картелдерден коргоо үчүн куралдуу жаңжал боюнча мыйзамга ылайык аракет кылган.
Венесуэла АКШга баңгизат ташып жатабы?
Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча эксперттердин айтымында, Венесуэла дүйнөлүк маңзат ташууда салыштырмалуу анча деле чоң оюнчу эмес. Ал транзиттик өлкө аркылуу ташылган маңзат башка өлкөлөрдө өндүрүлөт жана үчүнчү өлкөлөргө жеткирилет.
Венесуэланын кошунасы Колумбия дүйнөдөгү эң ири кокаин өндүрүүчү, бирок анын көбү АКШга Венесуэла аркылуу эмес, башка багыттар менен өтөт.
АКШнын 2020-жылдагы Баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын баяндамасына ылайык, АКШга жеткен кокаиндин дээрлик төрттөн үчү Тынч океаны аркылуу ташылып келет. Аз гана бөлүгү Карибдеги ылдам кемелер менен жеткирилет.
Ошентсе да АКШнын көпчүлүк соккулары Кариб деңизинде, ал эми Тынч океанында болгону бир нечеси гана урулду.
Сентябрда Трамп АКШнын аскердик жетекчилерине бутага алынган кемелерде "негизинен фентанил жана башка баңгизаттардан турган ак күкүм салынган баштыктар болгонун" айткан.
Бирок, фентанил көбүнчө Мексикада өндүрүлөт жана АКШга түштүк чек арасынан эле ташылат.
АКШ Венесуэлага сокку урушу мүмкүнбү?
Трамп Мадуро менен телефондо 21-ноябрда сүйлөшкөнүн ырастаган.
Сүйлөшүүнүн мазмуну жөнүндө ал эч нерсе айткан эмес. Рейтерс маалымат агенттиги кабарлагандай, Трамп Мадурого Венесуэладан үй-бүлө мүчөлөрүн алып бир аптанын ичинде чыгып кетүүгө ультиматум койгон. Агенттик маалымдагандай, Мадуро Трамптын коопсуз чыгып кетүү сунушун кабыл алган эмес.
Айтылган убакыттан бир күн өтүп, Трамп Венесуэланын айланасында аба мейкинидиги жабылганын жар салды.
Буга чейин Трамп венесуэлалык баңгизатчыларга каршы "жерден" чара көрүлөрүн айтып коркуткан, бирок мындай операция кантип ишке ашырылары жөнүндө так маалымат берген эмес.
Трамптын басма сөз катчысы дагы кабарчыларга "азыр президент караштырып жаткан бир нече варианттар бар экенин" айтып, АКШнын күчтөрү Венесуэлага тартылары ыктымалдыгын четке каккан эмес.
Кандай варианттар бар экенин ал чечмелеген жок, бирок аскердик талдоочулар бир нече аптадан бери белгилеп келатышкандай, АКШнын Кариб деңизиндеги куралдуу күчтөрүнүн катышы баңгизатка каршы операция үчүн керектелгенден алда канча көп.












