Электромобилдердин экологияга тийгизген пайдасы жана зыяны

Электромобиль

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жылдан жылга Кыргызстанда электромобилдердин саны өсүүдө. Бийлик бул багытта бир катар жеңилдиктерди берип, экологиялык таза транспортту колдоого кызыкдар экенин айтып келет. Адистердин айтымында, электромобилдердин негизги артыкчылыктарынын бири айлана-чөйрөгө болгон терс таасиринин аздыгы. Ошол эле учурда мындай унаалардын кеңири жайылуусу менен алардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси дагы курч бойдон калууда.

Дүйнө жүзү экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө ыктап жатканда, Кыргызстан дагы бул агымдан артта калбай, тиешелүү шарттарды түзүүгө аракет кылып келет.

Айрыкча, Бишкек сыяктуу ири шаарларда абанын булганышы олуттуу көйгөйгө айлангандыктан, электр транспорту бул маселени жеңилдетүүнүн бирден-бир жолу катары каралууда.

Ошону менен бирге, кыргыз бийлиги 2015-жылы кол койгон Париж келишимине ылайык, парник газдарынын көлөмүн кыскартуу боюнча милдеттенмелерин аткарууга умтулуп жаткан чагы.

Мындан улам өлкөгө электр унааларын ташып келүүгө аябай көп жеңилдиктер берилген.

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып келүү режими улам узартылып отуруп, 2023-жылы 2025-жылдын 31-декабрына чейин жылдырылган.

"Башка транспорт каражаттарына салыштурмалуу электр кыймымылдаткычы бар унааларды каттоодо дагы артыкчылык берилген. Болгону мамлекеттик каттоо белгиси, транспорт каражаттарын катоо күбөлүгү үчүн 1877 сом алынат",- деди Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ички көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов Би-Би-Сиге.

Расмий органдардын маалыматына ылайык, Кыргызстанга 2022-жылы 1076 электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаа кирген. 2023-жылы бул сан 2965ке жетсе, 2024-жылы 5 миң 940 даана унаа катталган.

"Эффективдүү жана үнөмдүү"

Искендер Шаршеев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Элтранс" электр транспорт айдоочулар бирикмесинин төрагасы Искендер Шаршеев электромобиль күйүүчү май менен жүргөн салттуу унааларга караганда бир топ артыкчылыктарга ээ экенин белгилейт.

"Кадимки бензин менен жүргөн унаалар ар бир 100 литр бензиндин 66 литрин жөн гана асманга түтүн кылып чыгарат. Болгону 34 литри гана кыймылдаткычты иштетүүгө жумшалат. Башкача айтканда, мындай унаалардын пайдалуу иш коэффициенти (КПД) 34-36 пайызды гана түзөт. Электромобилдерде бул көрсөткүч 98-99 пайызга чейин жетет. Батарея канча энергия алса, аны дээрлик толугу менен кыймылга айлантат. Ошондуктан электр унаалары өтө эффективдүү жана үнөмдүү",- деди Искендер Шаршеев.

Бирок бул жерде электр энергиясынын булагы абдан маанилүү экенин эске алуу керек. Шаршеевдин баамында, эгерде электр кубаты жылуулук электр станцияларынан алынса, анда электромобилдердин экологиялык артыкчылыктары тууралуу сөз кылуу кыйын.

"Эгерде электр энергиясы ГЭСтен алынса, анда электромобилдер абдан пайдалуу деп айтууга болот. Анткени бул толугу менен жашыл энергия болуп эсептелет. Бир жаман жери азырынча Кыргызстанга батареясынын кубаты 300-400 чакырымга жеткен унаалар гана келип жатат. Муздаткычты же жылыткычты иштеткенде бул аралык 250-300 чакырымга чейин кыскарат. Ошондой эле кубаттоо үчүн көп убакыт кетет. Бензин менен жүргөн унааларга салыштырмалуу тетиктери кыйла аз. Маселен, кадимки унаада 25 миңге жакын болт болсо, электромобилде болгону 5-10 миңдей болт бар. Анткени ал кыймыл берүүчү трансмиссиялык күчтү түз эле электр энергиясынын жардамы менен алат",- деди Искендер Шаршеев.

Кыргызстанга электромобилдердин 80-90 пайызы негизинен Кытайдан келет. Андан тышкары, Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн да импорттолот. Кээде Вьетнам жана АКШдан дагы алып келинет.

Деген менен электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар үчүн инфраструктура жана тейлөө тармагы Кыргызстанда азырынча толук калыптана элек.

"Учурда мындай унааларды оңдоп-түзөөнү өздөштүргөн 50гө чукул уста бар, бирок алардын ичинен эң мыкты билгени 5-6 гана киши. Ошондой эле кубаттоочу станциялардын саны 300гө да жетпейт. Бирок алар акырындап көбөйүүдө",- деди "Элтранс" электр транспорт айдоочулар бирикмесинин төрагасы Искендер Шаршеев.

Ошондой эле ал коомдо көп талкуу жараткан иштен чыккан батареяларды зыянсыздандыруу маселесине дагы токтолду.

"Эгерде электромобиль кырсыктап жараксыз абалга келсе же анын батареясы иштен чыкса, аны утилизациялоо үчүн Кытай компанияларына тапшырса болот. Себеби бул батареялардын курамында өтө сейрек кездешүүчү баалуу металлдар бар. Алардын айрымдары алтындан да кымбат. Кытай компаниялары мындай батареяларды кайра иштетүүгө кызыкдар болгондуктан, алып кетүүгө даяр. Кооптуулугу боюнча айтсак, BYD компаниясынын негиздөөчүсү бир жолу инвесторлордун көзүнчө электролитти ичип, анын коопсуздугун далилдеген. Өлгөн эмес, онкология деле болуп кеткен жок. Бирок батареядагы молибден, литий, ванадий, кобальт жана никель кооптуу элементтер. Ошол эле учурда бул металлдар кымбат болгондуктан сатууга мүмкүнчүлүк бар. Сатуу үчүн электромобилдерди оңдогондор менен байланышса болот",- Шаршеев.

"Утилизациялоо маселеси ачык бойдон турат"

Электромобиль

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү боюнча эксперт Атай Самыйбек уулунун айтымында, Кыргызстанда электромобилдердин аккумуляторлорун кайра иштетүү же жок кылуу боюнча система жок.

"Бул экосистема үчүн чоң көйгөй. Эгерде эски батареялар туура утилизация болбосо, алар жер кыртышын жана суу ресурстарын ууландырышы мүмкүн",- деди эксперт.

Самыйбек уулу бул багытта төмөнкү механизмдерди ишке ашыруу керек деген ойдо:

"Иштен чыккан батареяларда дагы пайдалуу материалдар бар. Аларды кайра иштетүү аркылуу жаңы батареяларды чыгарууга пайдаланса болот. Андан тышкары электромобилдерден алынган эски батареялар толугу менен жараксыз болуп калганга чейин энергия сактоочу жай катары колдонсо болот. Ошондой эле Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен кызматташып, батареяларды кайра иштетүүчү заводдорго жөнөтүү механизмдерин иштеп чыгышы керек".

Эксперттин пикиринде, азырынча бул багытта Кыргызстанда олуттуу иштер жасала элек. Ошондуктан мамлекет экологиялык стандарттарга жооп берген утилизациялык системаны иштеп чыгууга жана бул процесске жеке секторду тартууга тийиш.

Ош мамлекеттик университетинин Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар борборунун директору Абдыжапар Аккулов Кыргызстандын шартында электромобилдерге басым жасоо туура эмес деген пикирде.

Анын айтымында, бул тармак техникалык жактан революциялык ийгиликтерге жетишип жатканы менен айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири да чоң.

"Электромобилдердин батареялары коргошун баштаган оор металлдарды камтыйт. Аларды жок кылуу же зыянсыздандыруу чоң көйгөй. Кыргызстандын мындай калдыктарды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Бул жагдай бизди тынчсыздандырат",- дейт Аккулов.

Ошондой эле ал электромобилдер абаны убактылуу тазалоого салым кошуп жатканы менен эксплуатациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин батареялары эмне болот деген маселе ачык бойдон калып жатканын белгиледи.

"Кадимки автоунааларды жок дегенде металлга өткөрүп, жок кылууга болот. Электромобилдердин батареяларын кантип коопсуз жок кылуу керек? Бул азырынча так чечиле элек маселе",- деди ал.

Аба, жер жана суу тыгыз байланышта экенин эске алганда, заттардын айлануу цикли ушул үч компоненттин ичинде жүрөт.

Андыктан литий, никель жана кобальт сыяктуу оор металлдарды камтыган аккумуляторлорду же батареяларды жөн эле таштап коюу экосистема үчүн өтө чоң коркунуч жаратат.

"Жер кыртышын толугу менен өлтүрүп, такырга айлантат. Оор металлдар кычкылдануу реакциясына кирип, микроорганизмдерди, өсүмдүктөрдү жок кылат. Мындан тышкары, жаан-чачын аркылуу жер астындагы суу булактарына сиңип, аны ууландырышы мүмкүн. Бул өтө кооптуу процесс. Алардын абага бөлүп чыгарган оксиддери адамдын ден соолугуна да зыян. Азыр көптөгөн оорулар жашарып, адамдардын иммунитети төмөндөп жатат. Бул айлана-чөйрөнүн, азык-түлүктүн жана абанын таза эместигинен улам келип чыккан көйгөйлөрдүн бири",- дейт Аккулов.

Ал Кыргызстанда колдонулган аккумуляторлорду жана батареяларды зыянсыздандыруу боюнча мамлекеттик саясат болушу керек дейт.

"Унаа" мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, жараксыз транспорт каражаттары менчик ээсинин арызынын негизинде каттоодон чыгарылат. Аны жок кылуу тартиби унаа ээсине жүктөлөт. Өткөн жылы төрт электромобиль каттоодон чыгарылган.

Адистер Кыргызстанда электромобилдердин кеңири жайылышы электр энергиясына болгон суроо-талапты дагы олуттуу жогорулатат дейт.

Искендер Шаршеевдин айтымында, өлкөнү толук электромобилдерге өткөрүү үчүн кошумча 2 миллиард кВт-саат электр энергиясы талап кылынат.

Деген менен өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы дале көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3 миллиард кВт-сааттан ашат.