Өтө чоң аралыкты сүзүп өткөн өркөчтүү кит окумуштууларды таң калтырды
Хелен Бриггс, Би-Би-Синин Айлана-чөйрө боюнча кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Natalia Botero-Acosta
Окумуштуулар өркөчтүү киттин эң узак аралыкты сүзүп өткөн адаттан тыш окуясын аныктады. Бул климаттын өзгөрүшүнө же киттин өзүнө түгөй издөөсүнө байланыштуу болушу мүмкүн.
2017-жылы бул өркөчтүү кит Тынч океандын Колумбиянын жээгинде байкоого алынган, бир нече жылдан кийин ал Инди океанындагы Занзибарга жакын жерде пайда болуп, кеминде 13 000 чакырым сүзүп өткөн.
Жаратылышты коргоо жаатындагы адистердин айтымында, мындай узак сапардын себеби климаттын өзгөрүшүнөн улам тамак-аштын азайышы же түгөй издөө болушу мүмкүн.
Танзаниядагы Киттерди изилдөө программасынын өкүлү Екатерина Калашникованын айтымында, өркөчтүү киттин адаттан тыш миграциясы адистерди таң калтырууда.
Өркөчтүү киттер дүйнөдөгү бардык океанды байырлайт. Алар жыл сайын өтө чоң аралыкты сүзүп өтүшөт. Бул сүт эмүүчүлөр түркүмүндөгү эң узак миграция жасаган жаныбарлар. Жупташуу үчүн тропикалык аймактарга сүзүп барса, балдарын чоңойтуу, азыктануу үчүн муздак сууларга көчүшөт.
Бирок бул өркөчтүү эркек киттин сапары андан да таң калыштуу болууда, анткени ал өзү сыяктуу киттер чогулган, жупташкан эки башка аймакка сүзүп барган.

Мунун себебин изилдеген окумуштуулардын бир теориясы боюнча, климаттын өзгөрүүсүнөн улам өркөчтүү киттердин азыгы болгон крилдердин (нидерл. kriel — "майда") саны азаюуда. Ошондон улам киттер азык издеп узак аралыкты сүзүп өткөнгө аргасыз болууда.
Дагы бир теорияга караганда, бул киттер тукум улоо үчүн улам жаңы аймактарды издеп жүрүп отурат. Бул албетте популяцияны көбөйтүү, калыбына келтирүү аракеттерине жакшы салым кошот.
"Рекорддук аралыкты сүзүп өтүүнүн чыныгы себебин билбейбиз. Буга глобалдык климаттын өзгөрүшү, экологиялык чоң кырсыктар, ошондой эле бул түрдүн эволюциялык этаптарды басып өтүп жатканы себеп болушу ыктымал",- дейт окумуштуу Калашникова.
Өркөчтүү кит алгачкы жолу 2013-жылы Тынч океандын Колумбия жээктеринде изилдөөчү кемеден сүрөткө тартылган. Анда бул эркек кит башка киттер менен сүзүп баратканы каттоого алынган.

Сүрөттүн булагы, Ekaterina Kalashnikova
2017-жылы ошол эле аймактан кайрадан сүрөткө тартылды. Бирок 2022-жылы Занзибардын жээгинде пайда болду.
Бул экөөнүн аралыгы кеминде 13 000 чакырым. Окумуштуулардын айтымында, кит мындан да көп аралыкты сүзүп өткөн болушу мүмкүн.
Изилдөөчүлөр бул киттин сапарын happywhale.com сайтына келип түшкөн жүз миңдеген сүрөт, каттын негизинде аныктап чыкты. Окумуштуулар киттин куйругу, башы, тулку боюн сүрөттөгөн үлгүлөрдү маалымат базасына киргизип, анын сапарын аныктоодо жасалма интеллектке таянганын айтышат. Бул изилдөөчүлөргө өркөчтүү киттердин дүйнө жүзү боюнча кыймылдарын картага түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
Жогорудагы изилдөө Royal Society Open Science журналына жарыяланды.
Бул Би-Би-Си кабарчысы Хелен Бриггстин макаласынын котормосу. Англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот. (ErA)












