Египетте 100 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу фараондун мүрзөсү табылды

кире бериши

Сүрөттүн булагы, New Kingdom Research Foundation

Египеттик жана британиялык изилдөөчүлөр Египетти 3500 жыл мурун башкарган фараон Тутмос II көрүстөнүн табышты. Негизи археологдор анын аялдарынын биринин кабырын табабыз деп ойлошкон, бирок казуу иштери учурунда фараондун өзүнө таандык жай аныкталды. Бул 1922-жылы Тутанхамондун жаткан жери табылгандан берки алгачкы табылга болуп калды.

Нес кылган укмуштуудай сезим

Археологдор казуу иштерин Луксор шаарына жакын жердеги Фиван көрүстөнүнүн батыш бөлүгүндө жүргүзүшкөн. Алар XVIII династиянын фараондорунун мүрзөлөрү эки чакырымдан ашык аралыкта, Падышалар өрөөнүнө жакын жерде деп эсептешкен.

Египеттин Туризм жана байыркы эстеликтер министрлигинин маалыматы боюнча, кабыр тууралуу маалымат 2022-жылы белгилүү болгон. Окумуштуулар ал жакта фарондордун биринин аялынын сөөгү жатат деп ойлошкон.

Бирок алар казуу иштеринин жүрүшүндө көк түскө боелгон, сары жылдыздар тартылган шыпты табышкан. Бул кабырда фараон өзү көмүлгөн деген белгини туюндурат.

"Мындай учурларда эмоцияңды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Нес болуп каласың. Себеби таптакыр күтпөгөн табылгага туш болосуң. Чынында бул укмуштуудай сезим. Кабырдан чыкканда аялым сыртта күтүп турган. Мен ыйлагандан башка эч нерсе кыла алган жокмун", – дейт казуу тобунун башчысы Пирс Литерленд.

Археологдор сөөктүн калдыктарын табуу үчүн урандыларды толук тинтишкен. Бирок кабыр бош болуп чыккан

Сүрөттүн булагы, New Kingdom Research Foundation

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Археологдор сөөктүн калдыктарын табуу үчүн урандыларды толук тинтишкен. Бирок кабыр бош болуп чыккан

Фараондун бош кабыры

Литерленддин айтымында, кабырга чоң тепкич жана өтө узун коридор аркылуу барышкан.

"Кабырга жетүү үчүн көп убакыт кетти. Суу каптап, шыптар кулап түшкөндүктөн жолду урандылар бөгөп калган. Биз 10 метрлик туннелди 40 сантиметр ачык жер менен сойлоп өтүп, мүрзөгө кирдик", – дейт археолог.

Сөөк көмүлгөн жайда алар көк түстөгү шыпты жана "Амдуат" китебине мүнөздүү тексттердин чегерилгенин көрүшкөн. Жаңы падышалык доордо бул фараондордун күмбөздөрүн кооздоо үчүн гана колдонулган.

Археологдор сөөктүн калдыктарын табуу үчүн урандыларды толук тинтишкен. Бирок кабыр бош болуп чыккан.

Кабыр шаркыратманын астында курулгандыктан аны суу каптап кеткенин, буга байланыштуу байыркы заманда эле фараондун сөөгү башка жайга көчүрүлгөнүн издилдөөчүлөр түшүнүшкөн.

Археологдор көрүстөндө тонналаган урандыларды иргеп жатып, Тутмос II жана анын аялы Хатшепсуттун ысымы чегерилген гипс вазалардын сыныктарын табышкан. Литерленддин баамында, вазалар мүрзөнүн ичиндегилер көчүрүлгөндө сынып калган. Ал бул жакшы болгонун, себеби бул сыныктар аркылуу кабыр кимге тиешелүү экенин аныктай алдык деди.

Бул калдыктар Тутмос IIни көмүү иштерине байланыштуу табылган биринчи буюмдар.

Фараондун көрүстөнүнүн аныкталышы — изилдөөчүлөр тобунун 12 жылдык ишинин натыйжасы

Сүрөттүн булагы, New Kingdom Research Foundation

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фараондун көрүстөнүнүн аныкталышы — изилдөөчүлөр тобунун 12 жылдык ишинин натыйжасы

Тутмос II деген ким?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тутмос II Египетти биздин заманга чейин болжол менен 1492-1978-жылдар аралыгында кайсы бир мөөнөттө башкарып турган. Ал Мысырдын аял башкаруучуларынын бири, ханыша Хатшеспуттун күйөөсү (өгөй бир тууганы) катары белгилүү.

Тутмос II катары аныкталган CG61066 номурлуу мумия 1881-жылы табылган. Бирок Литерленддин командасынын ачылышы бул идентификациянын анык экенинен шек жаратууда. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мумияланган жасат 30 жаштан ашкан адамга таандык болгон. Тутмос II фараон болгондо "уядагы шумкар" катары сүрөттөлүп, уулу Тутмос III төрөлгөндөн көп өтпөй, жаш кезинде эле каза болгон.

Тутмос II Тутанхамондун бабаларынын бири. Британ археологдору анын мүрзөсүн 1922-жылы табышкан. Ошондо эле фараондордун сырдуу каргышы жөнүндөгү уламыш да пайда болгон. Литерленд менен бирге команданы жетектеген Жудит Банбери мындай ырым-жырымга ишенбейт:

"Микробиологдор менен кызматташуунун натыйжасында мүрзөдө бактериялар, инфекциялар бар экенин билебиз. Андыктан сак болушубуз керек экенин түшүнөбүз. Казуу иштерин жүргүзгөн египеттиктер өтө кылдат. Алар жер астында чаңда иштешет, ошондуктан беткап жана каска кийип, бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт. Бул себептен мен каргыш жөнүндө анча деле тынчсызданбайм".

Фараондун көрүстөнүнүн аныкталышы Жаңы падышалыкты изилдөө фонду менен Египеттин Туризм жана байыркы эстеликтер министрлигинин изилдөөчүлөр тобунун 12 жылдык ишинин натыйжасы.

Аталган топ мурда Фиван көрүстөнүнүн батыш бөлүгүндө 54 мүрзөнү казып, фараондордун династиясындагы отуздан ашык аялдын тек-жайын аныкташкан.

"Фараондун кабыры 1922-жылы Тутанхамондун саганасы табылгандан берки алгачкы табылга. Бул египтология жана жалпы тарыхыбызды кеңири түшүнүү үчүн зарыл болгон маанилүү окуя", – деди Египеттин туризм жана байыркы эстеликтер министри Шериф Фати. (AA)