Уйкуну кантип жакшыртса болот?
Анна Касиди, Бизнес кабарчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Никол Бейкер коронавирус пандемиясы башталгандан бери уйкусуздуктан жабыркап келген көптөгөн адамдардын бири.
“Мен күндө кечки саат 9да уйкуга кетип, таңкы 3тө ойгонгон адамга айландым. Аябай чарчап, коркуп жүрдүм. Себеби күндүзү көңүлдү бир жерге топтоого аябай аракет кылчумун”, - дейт ал.
Мекеменин координатору болуп иштеген Бейкер уйкуга байланыштуу маселелерди өтө тынчсызданганы менен байланыштырган.
“Коронавирус көрсөткүчтөрү, жумуштагы коопсуздук, үй-бүлөм, саякаттоого эркиндик берилбегени жана келечектин бүдөмүк болгону жөнүндө улам сарсанаа болуп, бул мени аябай стресске салып, тынчымды алды”, - дейт ал.
“Мээм тынымсыз иштеп, жашоо тууралуу күнү-түнү сарсанаа тарта берип, түндөсү уктай албай калдым”.

Сүрөттүн булагы, NICOLE BAKER
Саутгемптон университети былтыр жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, пандемияга чейин Британияда алты адамдын бирөөсү уйкусуздуктан жабыр тартып келген болсо, бул сан пандемия учурунда төрт кишиден бирөөнө туура келген.
Ал ортодо “уйкусуздук” сөзү Google сайтында 2020-жылы АКШда болуп көрбөгөндөй көп изделген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чарчаган кызматкерлердин иши арбыбагандыктан, пандемия учурунда көптөгөн компаниялар өз кызматкерлерине жакшыраак санда жана сапатта уктап эс алуусу үчүн жардам берүүгө өтүштү. Никол Бейкер иштеген Лондондогу MVF аттуу маркетинг фирмасы ошондой компаниялардын бири.
Пандемия башталганда MVF өз кызматкерлеринин саламаттыгын колдоо иштерин көбөйткөн. Алар менталдык саламаттык боюнча үйрөтүүчү сессияларды жана уйкуга багытталган мастеркласстарды өткөрүшкөн. Андан тышкары, Headspace медитация колдонмосуна бекер жаздырышкан.
Бейкердин айтымында, кошумча колдоо программасы уйкусуздук менен күрөшүүгө жардам берген. “Бул ресурстар пандемия мага жана айланамдагы адамдарга кандай таасир эткенин түшүнүүгө жана жөнгө салууга жардам берди. Бул мени бир аз тынчтантып, жеңилдетти”, - дейт ал.
Бир күн бою уктоону үйрөткөн уюмудун негиздөөчүсү жана насаатчысы Кейти Фишер кызматкерлерге көмөк көрсөткөн компаниялар менен иштейт. Анын айтымында, тынчсыздануу көбөйгөн сайын карантин учурунда камалып калуу уйкунун бузулушуна салым кошкон.
“Көптөгөн адамдар күндүзү сыртка аз чыккандыктан укташты. Алардын активдүүлүгү азайып, күндүн аягында эс ала албай кыйналышат. Жумушка барбай калуунун терс кесепети тийген. Жол жүрүү менен күнүң бөлүнүп, сени сыртка чыгарып турмак”.

Сүрөттүн булагы, KATIE FISCHER
GroupM глобалдык жарнама компаниясы Кейти Фишер менен кызматташкан уюмдардын бири. Компания өз кызматкерлерине уктоо боюнча жеке сессияларды өткөрөт.
GroupM жаш балдардын ата-энелерине уктоо боюнча сессияларды мурдатан бери өткөрүп келатат. Бирок пандемия маалында алар бул кызматты бардык кызматкерлерге сунушташкан.
Мындай сессияларда Фишер адамдын саламаттыгын, жеке шарттарын жана уктоонун айланасындагы көйгөйлөрдүн себептерин текшерип, андан чыгуу жолдорун табууга көмөктөшөт.
GroupM компаниясынын бизнес өнөктөшү Женифер Харлинин айтымында, уйкуну колдоо компаниянын саламаттык жана жыргалчылык программасынын негизги өңүтү болуп келүүдө.
“Биз жетиштүү уктабасак, анда жумушка жакшы бериле албайбыз. Ошондуктан жыргалчылыкка инвестиция кылышыбыз керек. Компаниялар адамдардын бактылуу, сак-саламат болушуна жана жакшы укташына кам көрүшү зарыл”, - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, MVF
Ранд Европа фирмасынын 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, пандемияга чейин эле уйкудан калган жумушчулар Британиянын экономикасына жылына 40 млрд фунт стерлинг чыгаша алып келген. Анын себеби чарчаңкы жумушчулар ишин катыра жасай албайт же жумушка такыр эле келбей калышат.
Пандемиядан кийин дүйнө жүзү акырындык менен калыбына келе баштаган чакта көптөгөн компаниялар гибриддик иштөө моделин киргизип жатышат. Алар өз кызматкерлерине убакыттын жарымын үйлөрүнөн иштеп улантуусуна уруксат берүүдө. Фишер компаниялар өз кызматкерлерине дайыма көз салып туруу керек деп кеңеш берет.
Анын айтымында, фирмалар жумуш жана үйдөгү жашоонун ортосунда чектерди белгилеп коюшу кажет. Ал эми жумушта иштебеген адамдарды үзгүлтүксүз көнүгүү кылууга шыктандырып турушу керек.
Ошондой эле, ал адамдар ар дайым эртең менен ойгонуу убактысын бир тартипке келтириши керек деп кеңеш берет. Мунун баары ал үйдөн иштейби же жумушка барабы сапаттуураак уктоого шарт түзөт.

Сүрөттүн булагы, MAX KIRSTEN
Гипнотерапевт жана уйку боюнча насаатчы Макс Кристен кошумчалагандай, пандемия учурунда адамдар өздөштүргөн терс сапаттардын көпчүлүгү, мисалы, телефондо же планшетте ашыкча убакыт өткөрүү, уйкуга бүлүк салууда.
“Адамдар экрандан жумушка, экрандан бош убакытка жана экрандан уйкуга кетип жатышат. Мындай жүрүм-турумга алкоголдук ичимдиктер же болбосо эртең менен же кечинде ашыкча кофеин сыяктуу кошумча маселелер дагы үстөк болуп жатат”, - дейт ал.
Кристен уйкусуздуктан жабыркагандарга төмөнкүдөй кеңеш берет. Уктоочу бөлмөнү караңгы кылуу жана салкындатуу, уктоонун алдында экрандан жана жумушка байланыштуу ойлордон арылуу жана эң маанилүүсү жашооңдо уйкуга артыкчылык берүү. Ошентип түндөсү жакшы уктоого шарттарды түзүү кажет.
“Уктоо эч качан ыңгайсыздык катары каралбашы керек. Ал сенин жумушуңдун чектерин аныктаган негизги принцип. Бул уйку деп аталган таң каларлык процесс үчүн өзгөчө убакытты табуу”, - дейт ал. (EA)












