"Өзүбүз кошо күйдүк". Капчык шыпырган Ислам каржы кооперативи
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандыктар турак-жай кооперативинин толкунуна кабылып, жетишкени үйлүү болуп, жетишпеген миңдегени алданып, көз жашын агызып, укук коргоо органдарында акыйкат издеп жүргөндөрү анык.
Каалаган үйүңдүн баасынын үчтөн бир бөлүгүн бер дагы калганын узак жылдарга бөлүп төлөсөң болот деген жарнамага калктын ишенчээк аялуу катмары оңой эле азгырылды.
Ошентип түрдүү каржы кооперативинен кийин эле турак-жай кооперативи далайынын капчыгын шыпырды. Кооперативди негиздегендердин алды абакта, арты чет жакта изин жашырып жүрөт. Алардан акчасын артка кайтарып алгандар дээрлик жокко эсе.
Би-Би-Си бул ирет Ислам атын жамынып, калың элди кайырмагына илген “Ислам каржы кооперативи” тууралуу баяндайт.
“Ислам каржы кооперативинин” жаралышы

Сүрөттүн булагы, IFC
Кооперативди Юсупов Рустамжон жана Бакыт Орозобеков аттуу эки жаран 2021-жылдын декабрь айында негиздеп, 2022-жылдын 23-мартында Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшкөн. Директору катары Бакыт Орозобеков көрсөтүлүп турат. Ал эми негиздөөчүсү болуп жети киши жазылган.
Бакыт Орозобековдун жубайы Тамара Абдиеванын айтымында, кооперативди ачуу Рустам Юсуповдун идеясы болгон. Анын айтымында, Юсупов юридикалык документ иштерге дээрлик аралашпай, сырттан башкаруу жүргүзүп турган.
“Бул кооперативди Рустам Юсупов деген жигит негиздеген. Анын айтканы боюнча кооперативдин мүчөлөрү, үлүшчүлөр үйдүн элүү пайызын бири-бирине ашар формасында толуктап, калган элүү пайызы инвесторлордон келет, ошолор менен иштейбиз. Ошончо инвестор болгон үчүн минималдуу 10-15 пайызын төгөт жана жыйырма беш жылга берилет деп айткан да. Биз ошо менен иштей баштаганбыз. Инвесторлор кечиккени үчүн азыркы маселе келип чыкты. Инвесторлордун бардыгын Юсупов Рустам тартып келмек”, - деп жооп берди Би-Би-Сиге Бакыт Орозобековдун жубайы Тамара Адиева.

Сүрөттүн булагы, IFC
Ачык маалымат булактарда Рустам Юсупов 1987-жылы Баткен облусуна караштуу Андарак айылында туулган. Кооперативге чейин бир катар ОсОО жана эл аралык компаниялардын башкы директору болгону жазылып жүрөт. Ошондой эле 2020-жылы “Ордо” саясий партиясы аркылуу парламенттик шайлоого катышкан.

Сүрөттүн булагы, MINJUST.GOV.KG
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эми компаниянын кагаздагы негиздөөчүлөрүнө токтолсок. Андагы жети фамилиянын төртөөсү Бакыт Орозобековдун үй-бүлөсү, тагырагы өзү, жубайы жана уулу, кызы болгон. Орозобековдун жубайынын айтымында, алар жолдошуна жардам берүү үчүн кокусунан эле барып Юстиция министрлигине катталып калышкан.
Чымырбаева Нургүл Уркалыевна аттуу негиздөөчүлөрдүн бири менен Би-Би-Си анын социалдык баракчалары аркылуу байланышка чыкты. Анда ал “компанияга эч кандай тиешем жок” деп, катталуучу катары кокусунан эле жазылып калганын айтты.
“Бул компанияга жөн жерден эле жазылып калгам. Рустамдын таанышы аркылуу киргем. Ислам жолу менен кооператив ачабыз деп программасын тааныштырып, кол коюп берүүмдү өтүнгөн. Рустамды бир эле жолу көргөм. Мен Кудай деген кишимин. “Ислам” деген үчүн кол коюп бергем. “Халал” деген сертификат алышкан, ошонусуна дагы ишенгем. Элди алдайын деген оюма дагы келген эмес”, - деп жооп жазды Чымырбаева социалдык баракчалары аркылуу.
Калган Э.Ф.Б. жана Т.у.К. аттуу эки негиздөөчүсү менен Би-Би-Си байланыша алган жок. Компанияда мурда иштеп кеткен, аты атагысы келбеген кызматкер, бул экөө кооперативге үлүшчү болушканын, негиздөөчүсү катары кокусунан эле жазылып калганын анонимдүү түрдө айтып берди.
Кооперативдин куру убадалары

Сүрөттүн булагы, IFC
«Ислам каржы кооперативи» турак-жай менен эле эмес, автоунаа, мал-чарба өңдүү адал бизнес ачууга, айыл-чарба техникаларын алууга, ошондой эле, карызы бар жарандарды береседен куткарабыз деген дымактуу убадалар айтылган. Мүлктүн жарым баасын төлөгөн киши эки айдан алты айга чейин күтмөк.
Ушундай эле убадаларды Бакыт Орозобеков дагы бир канча медиага берген интервьюларында айтып жүргөн. Эң негизгиси үстүнө эч кандай үстөк пайыз кошулбарын айтып, бул чыгашанын баарын соопчулук үчүн башка өлкөдөн келген инвестор төлөп берерин айтчу. Бирок, ал инвестордун аты-жөнү эч жерде ачык айтылган эмес.
“Эмне үчүн Ислам каржы деп аталат? Биздин атыбыз айтып тургандай, кооператив биринчи максат эмес да. Атыбыз айтып тургандай эле ислам жолу менен каржылоо. Эч кандай пайызы жок элибизге жардам берүү. Кеп турак-жай маселесинде эмес. Биз программада беш маселени алып кетип бара жатабыз. Бешөө тең элибизге эч кандай пайызы жок жардам берүү да. Биз ошон үчүн Исламдын атын алдык. Биздин кооператив Кыргызстанда эле иштебейт. Бул - эл аралык кооператив болуп түзүлгөн. Борбор Азиянын алты мамлекетине ачылмакпыз, азыр үчөөнө ачтык. Кыргызстандан кийин, Россияга ачылды, эки күн болду Казакстанга барып, ал жактан дагы ачып келдик”, - деп айткан Бакыт Орозобеков бир жыл мурун 5-каналга берген маегинде.
Турак-жайды төлөө мөөнөтү 25 жылга чейин, техниканы төлөө башында 10 жылга чейин болсо, кийин алты жылга кыскартылган.
Мындай азгырыктуу жарнамалардан кийин келген элдин саны кооперативдин имаратына батпай, Бишкекте кошумча филиалдар ачылган. Ош облусунда дагы расмий өкүлчүлүгү ачылган. Ошентип кооперативге катталып, акчасын салган адамдардын саны көбөйө берген.
Инвесторлор ким болгон?

Сүрөттүн булагы, IFC
Кооперативди ачкандар каражат чет жактагы инвесторлордон келет деп элди ишендирип турушкан. Бирок, башында алардын аттары так ачыкталбай табышмактуу болуп келген. Инвестор аттууларды кооперативдин үлүшчүлөрү эмес, аны жетектеген Бакыт Орозобеков жана анын үй-бүлөсү дагы көрбөгөнүн айтышууда.
Качан гана убакыт өтүп, айтылган убадалар аткарылбай, үлүшчүлөр инвесторлорду ачыктоону талап кыла баштаганда, Рустам Юсупов каржы кооперативинин төрт инвестору бар экенин айтып, анын экөөсүн ачыктаган.
Бирөөсү Катар республикасынан JTA Холдинги, экинчиси Америкадагы - Империал Банк Турист болгон.
“Инвесторлор жүз миң сом же бир миллион сом каражат эмес, жүз миллиондон бир миллиардка чейинки каражаттарды которуп жатат. Узак мөөнөткө берилип жатат бул каражаттар. Инвестор менен башында келишимибиз жок болсо, анда кооператив өзүнүн күчү менен алыска барбайт болчу”, - деп айткан Рустам Юсупов кооперативдин ютубдагы расмий баракчасында.

Сүрөттүн булагы, ELTR
Андан сырткары, Рустам Юсупов өткөн жылдын март айында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ошол кездеги биринчи орун басары Бакыт Төрөбаевди баш кылып, ар бир министрликтин өкүлдөрүн чакырып, Бишкекте эки күн бою “Ислам каржы инвестициялык форумун” өткөргөн.
Анда Ислам каржылоосу, камсыздандыруу, баалуу кагаздар, адал өнөр-жай жана инвестициялар тууралуу сөз болуп, эң негизги Ислам жолу менен инвестицияларды тартып, Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 миң турак-жай кура турган пландарын айтышкан. Бул үчүн Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен араб өлкөлөрүнөн келген “Иман” кайрымдуулук фонду менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.
Катардагы JTA Холдингтин өкүлү келип, Кыргызстанга инвестиция кылуунун приоритеттүү багыттары бар экенин айтып, холдинг минималдуу 10 млн доллардан чексиз суммага чейин инвестиция кыларын билдирген. Мунун баарын мамлекеттик телеканалдар чагылдырган берүүлөрдөн азыр дагы көрүүгө болот. Кооперативге кататталгандар үчүн бул форум ого бетер ишенүүгө түрткү берген.

Сүрөттүн булагы, ElTR
Мындан башка дагы бир топ дымактуу убадалар айтылган.
Өлкөдө инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүүчү, инвесторлор ортосунда келип чыгуучу талаш-тартышты чечүүгө көмөктөшкөн Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттик бул инвестициялык форумга катышпаганын айтып таң калтырды.
“Президентке караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттик 2023-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында өткөн “Ислам бизнес жана инвестициялар” форумуна катышпагандыгын маалымдайт”, - деп жазылат агенттиктин Би-Би-Сиге берген жообунда.
Агенттик “Ислам каржы кооперативинин” инвесторлору боюнча маалыматы болгонбу деген Би-Би-Синин суроосуна так жооп беген эмес.
Бул жооптуу окугандан кийин мамлекеттик денгээлдеги масштабдуу инвестициялык форум өтүп жатса, улуттук агенттик кайсы жакты карап отурган деген суроо кетпей койбойт.

Сүрөттүн булагы, IFC
Эми Рустам Юсупов ачыктаган инвесторлорго келсек. Америкадагы - Империал Банк Туристтин сайтында кооператив тууралуу сөз жок жана Би-Би-Синин суроолоруна дагы жооп келген жок.
Ал эми экинчи инвестор катары көрсөткөн Катардагы JTA Холдинги Би-Би-Синин суроолоруна башында жооп берүүгө макул болуп, кийин себебин ачыктабастан кайра баш тартышты.
Алар бардык суроону кооператив ээлерине берүү керектигин айтып, алар менен болгон байланышын ырастаган дагы, четке дагы каккан жок.
“Сиздин суроолордун JTA Холдингине тиешеси жок экен. Ошол үчүн суроолоруңузду “Ислам каржы кооперативи” долбоорунун ээлерине жөнөтүшүңүз керек экен”, - деген өңдүү жоопторду берип жатты компаниянын өкүлү Али.
Бирок, кооперативдин ютуб каналында JТА холдингинин өкүлү катары өзүн тааныштырган Мехди Мохсен кооператив менен кызматташуу келишимине кол коюп жатканын көрүүгө болот. Бул далилдин баарына JTA Холдинги эч кандай комментарий берген жок.

Сүрөттүн булагы, jtaholding.qa
Холдингдин расмий сайтында кооперативге инвестор болгону тууралуу маалымат чыккан жок. Анын жетекчиси Амир Алим Салинин өткөн жылы Кыргызстандагы инвестициялык форумга келгени жана Кыргызстандын экономика министри Данияр Иманалиев менен жолугушканы тууралуу маалыматтар сайтта бар.
Кооперативдин директору Бакыт Орозобековдун жубайы Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, JTA Холдингтин өкүлдөрү Кыргызстанга келип, кооператив үлүшчүлөрүнө айтылган убадалар жакында ишке ашарын айтып кеткенин билдирди.
“Негизги инвестор Катардагы JTA деген компания болчу да. Ошонун өкүлү Мехди деген жигит өзүнүн котормочусу жана Рустам Юсупов жана башка кишилер менен келип, Бишкектеги Москва көчөсү 14 дарегинде жайгашкан кеңсеге келип, кооперативдин коллективине жыйын өтүшкөн. Ошондо Мехди өзүнүн котормочусу менен келип, акча качан болот, канча суммада болот, эмне себептен кечигип жатат деген бардык суроолорго жооп берип кетишкен. Ошондо биз өкүлү өзү келип жатса деп ишенгенбиз. 17 мамлекеттен инвесторлорду чакырып, мамлекеттик деңгээлдеги форум өткөрүп жатса, анда дагы катуу ишендик”, - деп жооп берген Тамара Адиева.
Би-Би-Синин бир канча ай жүргүзгөн иликтөөсүндө кооперативдин инвесторлору ким болгону так аныкталган жок.
Элдин акчасы кайда?

Сүрөттүн булагы, Stop bespredel
Кооперативге бир жылга жакын убакытта беш миңден ашык киши алды эки жарым миллион сом, арты жүз миң сомго чейин каражат салып катталган. Алардын ичинен 1050 айтылган турак-жай жана техникага ээ болгонун компаниянын өкүлдөрү билдиришти. Ал эми калганы салган акчасын кайтара албай, айрымдары укук коргоо органдарына арыз жазса, айрымдары Бакыт Орозобековдун үй-бүлөсүнөн келип доолап жатышат.
Кооператив ачылгандан бери инвестор аттуулардан эч кандай акча келген эмес. Айтылган 1050 жаранга турак-жай жана техника башка кооператив үлүшчүлөрү төккөн акчанын эсебинен алынып берилген. Турак-жай алгандардын катарында кооператив ээлеринин тууган-уруктары дагы бар. Муну компаниянын өкүлдөрү билдиришти.
Ошондой эле компаниянын кеңсесинин ижара акысы, андагы кызматкерлердин айлыгы, жарнама жана башка чыгымдын баары үлүшчүлөрдүн төккөн акчасынын эсебинен кетип турган.
Үй алам деп канча жылдан бери чогулткан акчасын берип, жөн жерден күйүп отурган жарандардын арманын азыр айтпасак дагы белгилүү. Кыргыз коомунда акыркы он жылдан бери ушул өңдүү компанияларга акчасын берип, алданып калгандарды далай эле көрдү. Бир окуя экинчисине сабак бербей, мындай кейиштүү окуялар кайталанганы кайталанган.
Укук коргоо органдарына арыз жазып, акча алгандар кармалганы менен, каражаттын өзү жок болуп, маселе чечилбей келет.
Кооператив өкүлдөрү инвесторго ишенип беш миңдей эл эмес, өзүбүз дагы күйүп отурабыз дейт.
“Өзүбүз кооперативден бир үй алганбыз. Бирок, эл акчамды бергиле деп ызы-чуу кылганда, кайра сатып, акчасын таратып бергенбиз. Менин туугандарым деле биз айткандарга ишенип, акчасын салып азыр күтүп отурушат. Менин улуу байкем бартер иретинде үйүн өткөрүп койгон. Эми ал же акчасынан жок, же үйүнөн жок ал олтурат. Азыр бизге элден дагы, туугандардан дагы удар болуп жатат. Эч кимди алдайлы деген эмеспиз. Жолдошумдун Рустам Юсуповго ишенип алганында болуп жатат кептин баары”, - деп билдирди Бакыт Орозобековдун жубайы Тамара Адиева.
Азыркы тапта кооперативдин директору Бакыт Орозобеков ушул жылдын 2-январынан бери түрмөдө олтурат.
“Ислам каржы кооперативинин” өкүлдөрүнүн берген маалыматында, компанияга жалпысынан беш миңден ашуун киши катталган. Алардын салган акчасынын жалпы суммасы 20 млн долларга чукулдайт. Акчасын доолап жүргөн төрт миң чамал киши бар. Алар утур-утур Свердлов райондук ИИБге арыз менен кайрылууда.
Ал эми Рустам Юсупов 19-март күнү Өзбекстандан Кыргызстандан келе жатканда чек арадан кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Ал акыркы айларда Өзбекстанда болуп, кооператив үлүшчүлөрүнүн каражатын кайтарып берем деп ишендирип жүргөн.
Кооперативге акча төккөндөрдүн кимисне микрофон сунба, баары тең акчаны алсак дегенден эки көзү төрт болуп турган чагы. Бирок, акчалар жумшалып кеткендиктен, ордун кайра ким толтуруп берет белгисиз.
Ушул эле сыяктуу көрүнүш азыркы тапта “Ихсан” курулуш кооперативинде турат. Алардын үлүшчүлөрү эки жылдан бери салган акчасын кайтара албай, улам сайын соттон сотко сүйрөлүп жүргөн учуру.












