НАТО өлкөлөрү эмне жөнүндө макулдашты жана бул Украина үчүн эмнени билдирет?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Елизавета Фохт*, Святослав Хоменко
- Reporting from, Би-Би-Си, Гаага
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жыл сайын өтүүчү жыйынын "Трамптын саммити" деп атоону сунуштады. Рубионун бул баасына каршы чыгуу кыйын. Бир нече ай кылдат даярдык менен өткөн бул иш-чара сыягы, бир гана максатты көздөгөндөй. Ал АКШ президентинин көңүлүн алуу. Буга кантип жеткенин Би-Би-Си айтып берет.
25-июнь кечинде Дональд Трамп журналисттерге толгон пресс-залга чыга келгенде, ал жолугушуунун жыйынтыгынан абдан ыраазы болгону так анык болду.
АКШ президенти тамашалап сүйлөп, жылуу кабыл алганы үчүн Нидерландыны мактап, (өзгөчө голланд дарактарына жогору баа берди) Иранга жасалган ийгиликтүү соккулар тууралуу айтып берди.
Бул кызматтагы алгачкы саммити болгон НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Трампты мактап бүтпөй жатты. Ал альянстын жетекчилигине келгенде ар кандай адамдар, анын ичинде Трамп менен да тил табыша билген адам катары таанылган эле. Саммитте Рютте ошол аброюн сактоого бардык аракетин жумшады.
НАТОго мүчө өлкө лидерлеринин жыйынынын алдында АКШ президенти баш катчыдан келген жеке билдирүүнү көрсөттү. Анда Рютте аны "урматтуу Дональд" деп атап, "Сиз соңку ондогон жылдар ичинде Американын БИР ДА президенти жетише албаган нерсеге жетишесиз",- деп жазган.
Сөз саммиттин катышуучулары макулдашкан коргонуу чыгымдарынын тарыхый көбөйүшү жөнүндө болуп жатат. "Европа жасаш керек болгон ири төлөмдөрдү жүргүзөт, бул сиздин жеңишиңиз", - деп жазган баш катчы.

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images
BBC баш катчыдан, "Бул билдирүүнүн ачык жарыяланышы сизге ыңгайсыздык жараткан жокпу?"- деп сураганда Рютте "Эч кандай, анткени ал катта жазылган нерселер чындык,"- деп жооп берди ал.
Кийин Рютте журналисттер менен жолукканда мындан да ашыкча кетип калгандай болду. Ал Трамптын метафорасын колдоп, аны "ата" деп атап, ал кээде урушуп кеткен балдарын жараштырып туруусу керек деди.
НАТОнун баш катчысынын мындай сөздөрүн күтпөгөн журналисттер жыйынтыктоочу пресс-конференцияда Рюттеден мындай кошоматчылыктын себептерин сурашты. "Бул — табит менен байланыштуу маселе. Трамп — жакшы дос", — деп жооп берди.
Шериктештер (азырынча баары эмес) чыгымдарды көбөйтүүгө даяр
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамптын саммиттеги жакшы маанайынын башкы себеби ачык эле көрүнүп турду. Вашингтон НАТО өлкөлөрүн коргонуу чыгымдарын 5% га чейин көбөйтүү милдеттемесине жетише алды.
Коргонууга чыгашаларды жогорулатуу Вашингтон үчүн 10 жылдан ашуун убакыттан бери кыжырдануучу маселе болуп келген. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин, альянс мүчөлөрү ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 2%ын коргонууга жумшоону максат кылышкан. Бирок аны Украинадагы масштабдуу согуш башталгандан кийин да, бардык өлкөлөр аткара алган жок.
Азыр Трамптын администрациясы Европа коргонуу маселесинде өтө эле көпкө чейин АКШга ишенип келгенин, эми өз коопсуздугу үчүн өзү акы төлөшү керек экенин ачык эле айтып жатат.
Марк Рютте Гаагадагы саммиттин алдында бир нече ай бою бардык өлкөлөрдү АКШ талап кылган 5%га макул болууга көндүрүүгө аракет кылды. Жолугушуу башталаар алдында Испания премьер-министри Педро Санчес анын өлкөсү мындай милдеттенмелерди алуудан кескин баш тартаарын билдирди.
Саммитке бир күн калганда, жыйынтыктоочу декларациянын редакциясын өзгөртүүнүн аркасында Мадридди 5% коргонуу чыгымын бөлүүгө милдеттендирүүдөн бошоткон мунаса тууралуу жарыяланды.
Дал ушундай жол менен чоң жаңжалдан качууга мүмкүн болду. Бирок Испаниядан кийин башка союздаштар да жеңилдиктерди сурашы мүмкүн. Бельгиянын бийлиги альянстын ийкемдүү позициясына үмүт артып жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Трамп бул маселе боюнча басма сөз жыйынында ачык эле сүйлөп, Испанияны "төлөмдөн баш тарткан жападан жалгыз өлкө" деп атады.
"Алардын кылганы өтө эле туура эмес деп эсептейм", — деди ал. Эгерде Мадрид компромисске барбаса, АКШ бул үчүн жооп катары соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдө тарифтерди жогорулатарын эскертти.
Бул шартта НАТОго мүчө болгон Чыгыш Европадагы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн эмоциялары таптакыр башкача көрүнүп турду. Алар буга чейин эле Россиянын кайрадан империалисттик амбицияларын жандантуу коркунучун сезип, коргонууга болгон чыгымдарын активдүү көбөйтүп келген.
"Путин уктап жаткан алпты ойготуп койду… Бир нече жылдан кийин эле Россия коргонуу чыгымдары боюнча [биз менен] атаандашуу кыйын экенин түшүнөт. Бул СССРде 1980-жылдары болгон окуянын кайталанышы болот",- деди Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский НАТО саммитинин алкагында өткөн иш-чарада.
Кандай болгон күндө да бардык катышуучу өлкөлөр саммиттин декларациясына кол коюшту. Алар келечекте НАТО өлкөлөрү өздөрүнүн ИДПсынын 3,5% дан кем эмесин түздөн-түз аскердик максаттарга: курал-жарак, ок-дарылар жана армияларды кармоого жумшашы керек деп чечишти.
Дагы 1,5 пайыз кошумча максаттарга - стратегиялык маанидеги инфраструктураны жана тармактарды коргоого, инновацияларга, мисалы, "жарандык даярдыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө" багытталышы керек. Бирок бул өтө бүдөмүк формулировка, өлкөлөр бул кошумча 1,5 пайыздын ичине каалаган инфраструктуралык чыгымдарды көрсөтө алышы мүмкүн.
Саммиттин жыйынтык документи да, өзү да адаттагыдан кыска болду. Журналисттер муну да Трамптын фактору менен байланыштырды. Уюштуруучулар талаш-тартыш жараткан жагдайлардан качууга аракет кылып, айрыкча Россияга карата катуу сөздөрдөн оолак болушту.

Сүрөттүн булагы, Kevin Dietsch/Getty Images
Мисалы, быйылкы жыйынтык декларацияда "согуш" деген сөз такыр жок. Ал эми өткөн жылы кабыл алынган билдирүүдө Россия 40тан ашуун жолу аталган. Россия Украинадагы "агрессиялык согушка" толук жооптуу жана НАТО үчүн "эң чоң жана түз коркунуч бойдон калууда" деген мазмундагы сүйлөмдөр болгон.
Бирок көңүл бурууга арзый турган жагдай – учурдагы коммюникеге ылайык, украин армиясына аскердик жардам да коргонууга багытталган максаттуу чыгым катары каралат.
Декларацияда Киевди колдоо тууралуу сөз болоруна ишеним болгон эмес. Украина Гаагадагы саммитке белгисиздик кырдаалында барган.
Украинанын жетишкендиги
Саммиттин жыйынтыгы Киев күткөндөн алда канча жакшы болгонун украин делегациясындагы булак Би-Би-Сиге билдирди. Алгачкы күтүүлөр жакшы болгон эмес.
Украина тарап бул ирет жарыялана турган билдирүү былтыр Вашингтондо өткөн НАТОнун саммитиндеги декларацияга жакындабасын жакшы түшүнүп турган. Анда Украина тууралуу кайра-кайра айтылып, анын альянска толук кандуу мүчө болуу багыты "кайтпас жол" деп сүрөттөлгөн.
2025-жылы мындай амбициялуу билдирүүлөрдү эч ким күткөн эмес. АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Украинага да, НАТОго да болгон күмөн саноосун жашырган эмес.
Февралда Ак үйдөгү чыр-чатактан кийин Зеленский менен Трамп мамилелерин жакшырткандай болду. Бирок АКШнын президенти мурдагыдай эле Владимир Путинге болгон жылуу мамилесин жашырбайт жана маал-маалы менен орус пропагандасына окшош билдирүүлөрдү жасап турат.
Гаагадагы саммит Дональд Трамп өзүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу сезе тургандай уюштурулган шартта Украинанын бул иш-чарага катышуусу дээрлик акыркы учурга чейин суроо жаратып турду.
Жыйынтыгында Украинанын делегациясы Нидерланддан жакшы маанай менен кетти.
"Украина үчүн Гаагадагы саммит чоң жеңиш болбосо да, ийгилик болду", — деп билдирди Би-Би-Сиге Европанын эл аралык мамилелер боюнча кеңешинин эксперти Лео Литра.

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images
"Гаагадагы сүйлөшүүлөрдүн атмосферасы жакшы болду. Биз үчүн негизги маселелер боюнча альянстын мүчөлөрүнүн ортосунда күчтүү консенсус түзүлүп жатканы байкалды. Украина тынчтыкты жактайт, ал эми Россия тынчтыкка тоскоол болуп жатат. Украинага колдоо улантылышы керек. Анын аскерий-өнөр жай комплексине инвестицияларды көбөйтүү зарыл. Москвага карата санкциялык жана саясий кысым дагы күчөтүлүшү абзел",- деди Би-Би-Синин украин делегациясындагы булагы.
Жыйынтыктарга келсек, Лео Литранын айтымында, эң негизги жетишкендиктердин бири- Украина НАТОнун бюджетине иш жүзүндө кошулгандай болду.
Европа өлкөлөрү Украинага жардам берүү үчүн бөлгөн коргонуу чыгымдарын Гаагадагы саммитте белгиленген "5 пайыздын" ичине киргизе алат. Мындай мүмкүнчүлүк менен Украина согуш шартында өзүнө керектүү каржылык резерв түзө алат.
"Мунун жакшы жагы – эми Европанын Украинага көрсөткөн жардамы кайсы бир өлкөдө өткөн шайлоого же ички саясий кырдаалга көз каранды болбой калат. Бул жардам техникалык деңгээлде бөлүнө берет", – дейт Лео Литра.
Би-Би-Си менен болгон маегинде Жогорку раданын коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо боюнча комитетинин төрага орун басары Егор Чернев Гаагадагы саммиттин экинчи жетишкендигин атады.
Коммюнике абдан кыска болгонуна карабастан, анда Украина тууралуу өзүнчө сөз болуп, НАТОнун колдоо көрсөтүүнү уланта турганы айтылды.
Акыры, Володимир Зеленский менен Дональд Трамп дагы жолугушту. Би-Би-Си маалыматына караганда, анын пландалгандан узакка созулганын Киев үчүн да оң жыйынтык деп эсептесе болот.
"Бул жакшы, мазмундуу жана узакка созулган жолугушуу болду. Анын жүрүшүндө бир топ маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүн болду",- деп билдирди Би-Би-Сиге украин делегациясындагы булак.
Украина менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүсү азырынча толук ачыктала элек.
Бирок Украина президентинин кеңсесиндеги Би-Би-Си булагы билдиргендей, бул жолугушууда Володимир Зеленский Дональд Трампка карталарды көрсөтүп, орус тараптын согуш талаасындагы "ийгиликтери" тууралуу билдирүүлөрү ашыкча маалымдалганын түшүндүрүүгө аракет кылды.
Андан тышкары, Зеленский америкалык кесиптешине курман болгон аскер кызматкерлеринин жакында эле сөөгүн алмаштыруу учурунда Россия орус аскерлеринин сөөктөрүн украиндерге өткөрүп бергендигинин бир нече далилин көрсөттү.
"Жолдошуңуз аскерде кызмат өтөп жатабы?"

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Володимир Зеленский Дональд Трамптын дүйнөгө көз карашын өзгөртө алдыбы же жокпу азырынча белгисиз.
Бирок жыйынтыктоочу пресс-конференцияда бир нерсе айкын болду. Трампка Ирандын ядролук программасын дээрлик толук кыйратты делген "эр жүрөк америкалык учкучтардын уникалдуу ийгилиги" тууралуу айтуу көбүрөөк жакты. Ошентсе да, ага Украина боюнча бир нече суроого жооп берүүгө туура келди.
Биринчиден, президент Трамп шайлоо кампаниясында "Украина менен Россиянын ортосундагы согушту 24 сааттын ичинде токтотом" деген убадасы тамаша иретинде айтылганын моюнга алды.
Экинчиден, Гаагадагы анын риторикасы Зеленскийге караганда Владимир Путинге карата ачыгыраак жана курчураак болду. Трамп Путинди "туура жолдон адашкан адам" деп атады, пресс-конференция учурунда "Владимир Путин бул согушту токтотушу керек",- деп айтты.
Дональд Трамптын пресс-конференциясынын эң эмоционалдуу учуру Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчысы Мирослава Печанын америкалык президентке АКШ Киевге Patriot абадан коргонуу системаларын сатууга даярбы деген суроосу болду.
Бул кыязы, дүйнөдөгү эң мыкты система. Ал Киев европалык өнөктөштөрүнүн жардамы менен Вашингтондон сатып алгысы келген америкалык куралдардын номенклатурасына кирет.
Зеленский Киев Вашингтонго бир нече апта мурун сатып алгысы келген нерселердин тизмесин жөнөткөнүн, бирок чет өлкөдөн эч кандай жооп болбогонун айтты.
Азыр бул суроого түз жоопту Трамптын өзүнөн сурашты.
"Сиз азыр Украинада жашайсызбы?"- деп сурады Трамп Би-Би-Синин журналистинен.
"Жок, күйөөм Украинада. Мен балдарым менен Варшавада жашайм",- деп жооп берди ал.
– Жолдошуңуз азыр аскерби? – деп сурады АКШ президенти жана оң жооп алгандан кийин, сөзүн улады:
"Украина чындап эле Patriot ракетадан коргонуу системаларын каалап жатат. Биз алардын айрымдарын жеткиликтүү кыла алабызбы - көрөбүз. Аларды алуу өтө кыйын. Алар бизге да керек. Биз бул системаларды Израилге берип жатабыз жана алар абдан натыйжалуу. Сизге ийгилик каалайм. Күйөөңүзгө салам айтыңыз".
Бул жооптон улам Украина жакын арада Patriot системаларын алабы же жокпу белгисиз. Бирок эң маанилүүсү, Трамп Киевге курал-жарактан жардам берүүгө байланыштуу суроого "жок" деп так кесе айткан жок. (VO)












