Россиядагы мунай тартыш: "Кыргызстанда бензинге баа дагы өсөт"
Украинанын аба күчтөрү дрондор менен Россиянын мунай затты кайра иштетүүчү заводдорун бутага алгандан кийин 17-сентябрда Санкт-Петербургдагы биржада АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасы 73 миң 144 рублга чыкты. Бул ушуга чейинки катталган эң кымбат нарктык баа болуп жатат.
Күйүүчу отунга таңкыстык азыр Россиянын ондогон аймактарында өзгөчө Нижегородск, Ростов, Рязань облустарында орун алды. Анын эпкини Кыргызстанга да жетти.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Кыргызстанда күйүүчү май соңку эки айда беш-алты сомго кымбаттады. Бул тууралуу Би-Би-сиге Мунай ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, Россиянын өзүндө учурда күйүүчү майга таңкыстык жоюлбай, мындан улам Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып жатат.
"Баалар дагы да көтөрүлөт. Тартыш болгондо баалар өсө берет, азыр күйүүчү майга болгон баа жума сайын көтөрүлүп атат", - Канат Эшатов.
Учурда Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 76, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 70 сомдун тегерегинде болууда.
Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн 500 миң тоннадан ашат. Анын дээрлик 90-95% Россиядан сатылып алынат.
Эшатов буга чейин арзаныраак алынып келинген көлөмдөрдүн эсебинен Кыргызстанда күйүүчү майга болгон чекене баа дагы кескин кымбаттабай жатканын айтты.
"Бизде күйүүчү отунду Азербайжан, Ирандан да ташып келүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок ал Кыргызстан үчүн кымбатка туруп атат. Себеби алар биржадагы баа менен сатат, ал баа орустардыкынан бир топ эле жогору", – деп түшүндүрдү Эшатов.
Мунай ташуучулардын айтымында, күйүүчү майга болгон тартыштык Кыргызстанда эле эмес, Өзбекстан менен Тажикстанда дагы байкалууда. Алар дагы күйүүчү отунду негизинен Россиядан экспорттойт.








