Украина Франциядан 100 "Рафал" аскердик учагын алат

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Ярослав Луки
- Author, Жеймс Уотерсхаус
- Role, Брюсселдеги Украина боюнча кабарчы
Украина Франциядан жүздөй "Рафал" F4 согуштук учагын жана абадан коргонуу боюнча алдыңкы системасын алайын деп жатат. Бул Орусиянын кыйратуучу чабуулуна каршы Киевдин коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө багытталган келишимдин алкагында ишке ашмакчы.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Париждин чет-жакасындагы авиабазада франциялык кесиптеши Эммануэл Макрон менен бирге ниетин билдирген катка кол койгондон кийин бул кадамды "тарыхый" деп атады.
"Рафал" F4 учактарын жеткирүүнү 2035-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми дрондордун биргелешкен өндүрүшү ушул жылы башталмакчы.
Каржылык жагы азырынча иштелип чыга элек, бирок маалыматтар боюнча, Франция Европа Биримдигинен каражат тартууну жана Орусиянын тоңдурулган активдерин алууну пландап жатат. Бул талаштуу кадам 27 мүчөдөн турган биримдикте ача пикир жараткан.
"Бул стратегиялык макулдашуу кийинки жылдан тартып 10 жылга чейин созулат", — деди Зеленский дүйшөмбү күнкү Макрон менен биргелешкен брифингде.
Украина "аябай кубаттуу француз радарларын", абадан коргонуучу сегиз системаны жана башка алдыңкы курал-жарактарды дагы алат деп кошумчалады ал.
Зеленский белгилегендей, мындай алдыңкы коргонуу системалары "кимдир бирөөнүн өмүрүн сактоо дегенди билдирет… бул аябай маанилүү".

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Орусия соңку айларда Украинадагы энергетика жана темир жол инфратүзүмдөрүнө каршы өзүнүн дрон жана ракеталык чабуулдарын көбөйткөн. Натыйжада өлкө боюнча массалык түрдө жарык өчүрүүлөргө себеп болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул чабуулдарда ондогон жай тургундар каза болгон. Муну Киев менен Батыштагы өнөктөштөрү согуштук кылмыш деп атап келет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Украинанын түндүк-чыгышындагы Балаклея шаарына Орусиянын соңку эле кол салуусунда үч киши өлтүрүлүп, 15и жаракат алган.
Зеленскийдин жанында сүйлөп жатып Макрон төмөнкүлөрдү билдирди: "Биз Рафалдарды, 100 Рафалды мерчемдеп жатабыз. Бул көп. Бул Ураинанын куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү үчүн зарыл".
Франциянын президенти Украинаны алдыда эмне күтүп турса, ошого даярдоого көмөктөшкүсү келгенин кошумчалады.
"Рафал" аскердик учактары Украинанын аба мейкиндигин коргоодо маанилүү орду бар деп эсептелет. Анткени өлкө чек арадагы шаарларына карата абадан урулган соккуларды токтотууда дээрлик алсыз экени айтылат.
"Орустар ай сайын 6000 бомба колдонуп жатышат", — деди Би-Би-Сиге украиналык аскердик аналитик Сергей Кужан. "Франциянын 200 км аралыкты камтый алган аба системасын алуу маанилүү болмок, себеби орустардын 230 км аралыкты камтыган өз системасы бар".
Киев менен Парижидн бул билдирүүсү олуттуу жетишкендик катары каралса да Королдук бириккен куралдуу күчтөр институтунун (RUSI) өкүлү Жастин Бронк төмөнкүчө токтолду: "Алардын жетишкендиги иштин мөөнөтүнөн жана берилген ракеталардан көз каранды болот".
Бул сатып алуу буйрутмасы эмес, узак мөөнөттүү саясий макулдашуу. Ошондуктан көпчүлүк бул билдирүү Орусиянын массалык чабуулун түп тамырынан өзгөртүп жиберерине ишене бербейт.
Батыштын аскердик техникаларынын пайдасы - даярдап окутуу жана материалдык-техникалык камсыздоо менен тыгыз байланыштуу. Германиянын "Леопард 2си" болобу же Американын F16сыбы, анын баарына ыкчам даярдап окутуу, олуттуу сандагы көмөкчү экипаж жана көптөгөн кошумча жабдуулар керектелет.
"Рафалдарга" ким акча төлөөрү боюнча суроо курч бойдон турат. Киевдин бюджетине Франция өз салымын кошору айтылып жатат. Ошондой эле Евробиримдик менен бирге карыз алуу механизмдин караштырып жаткан болушу мүмкүн.
Бирок Брюсселдеги Евробиримдиктин өкүлдөрү жабык эшик артында акча аз-аздан түгөнө баштаганын айтканын угууга болот.
Евробиримдик Украинанын солгундаган экономикасына алдыңкы эки жылда колдоо көрсөтүү боюнча макулдашкан. Бирок Украинага каржылык жана аскердик көмөк көрсөтүү үчүн Орусиянын 140 млрд евросун бөгөттөн чыгаруу боюнча бирдиктүү пикир жок.
Бул сунуштар эл аралык мыйзамдарга азырынча туура келбейт. Айрым мүчө өлкөлөр согуш бүткөндөн кийин Орусияга кайра акча төлөп калбайбызды деп кабатыр.
Украинанын аба күчтөрү Франциянын "Мираж" аскердик учактарын жана АКШнын F-16сын мурдатан эле колдонуп келатат. Жакында эле Киев Швециянын "Грипен" учактарын алууга макул болду.
Франциядан кийин Зеленский аскердик жана башка колдоо алуу үчүн Испанияга бармакчы.
Соңку аптада ал Греция менен газ келишимин түзүүгө жетишти. Американын суюлтулган табигый газы Балкандагы түтүктөр аркылуу ушул кышта Украинага жеткирилери күтүлүүдө.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согушту 2022-жылдын февралында баштаган.
Учурда Москва украин аймагынын дээрлик 20% көзөмөлдөйт. Ири согуштук жоготуулар боюнча маалыматтарга карабастан, Орусиянын аскерлери фронт чектерин бойлой акырындык менен бастырып кирип келатышат.