Париждеги 12 жашар кыздын табышмактуу өлүмү

Хью Шофилд, Би-Би-Си Париж

Лоланын бул сүрөтүн апасы Facebook аркылуу кайрылуусунда жүктөгөн.

Лола

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лола

12 жашар окуучу кыздын жансыз денеси ал жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда эле, желим контейнерден табылганы Париждин тургундарын шок кылды.

Лола аттуу өспүрүм кыз демейдегидей эле мектепте күн өткөрүп, бирок түштөн кийин үйүнө кайткан эмес. Кызы кечиккенинен улам атасы тынчсыздана баштаган.

Кечинде кыздын атасы консьерж болуп иштеген Париждин 12-округундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан пластик кутуча табылды.

Лоланын бүктөлгөн денеси чүпүрөккө оролуп, ошол кутучадан чыкты. Кыздын колу-буту байланып, мойнунда жарааты бар экени аныкталды. Доктурлар кийин кыз муунтулуп өлтүрүлгөнүн тастыкташты. Кыздын буттарында эки белги болгон, бир бутунда «0», экинчисинде «1» деген жазуу болгон.

Ишемби күнү полиция кыздын өлүмүнө шектелген 24 жаштагы теги алжир аялды кармаган, анын ысымы Дахбия Б экенин жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Шектүүнү видео камералардагы жазуулардан улам табышкан, алардын биринде аял Лола менен чогуу турак үйлөрдүн башкы эшигине кирип бара жатканы жаздырылып калган.

Кечинде шектүү аял ошол эле үйдөн контейнер менен чыгып бара жатканын көрүүгө болот. Андан кийин шектүү аял көчөдө өзүн бир кызыктай алып жүргөнү байкалган. Күбөлөрдүн бири шектүү аял андан акча сурап, «орган сатуудан түшкөн акчадан аны кайтарып берүүсүн» айтканын да полицияга айтып берди.

Бирок полиция бул билдирүүнү маанилүү деп эсептеген жок. Дахбия Б-нын туруктуу жашаган жери болгон эмес, ал психикалык жактан туруксуз экен, андыктан бул ишти ал «эч себеби жок эле» жасашы мүмкүн, деп эсептейт полиция.

Ошондой эле көчөт кыздын өлүмүнө шектелип 43 жаштагы эркек киши кармалды. Ал Дахбияны жана ал көтөргөн контейнерди өз машинасында ташыган. Таксиге түшүп шаар айланган Дахбия кийин өзү сиңдиси менен жашаган батирге келген.

Ал жерде эже-сиңди катуу урушуп, Дахбия контейнерин таштап үйүнөн чыгып кеткен. Дахбия ал түнү Буа-Коломб аттуу шаар четиндеги жерде түнөп, таң атканда аны кармап кетишкен.

Лола жашаган үйдүн алдына тургундар гулчамбарлар коюп кетип жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лола жашаган үйдүн алдына тургундар гулчамбарлар коюп кетип жатышат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Полиция 15 жашка чыга элек жаранды кыйнап, ырайымсыздык менен өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Дахбиянын үстүнөн соттук териштирүү жүрөрү да айтылды. Ал эми Лола окуган мектепте окуучулар жана ата-энелер дүйшөмбү күнү абдан капа болушту. Мектепке Франциянын Билим министри Пап Ндиайе жана мэр Парижа Анн Идальго келип кетти. Окуучуларды тынчтантуу үчүн мектепке психологдор да жөнөтүлдү.

"Кызым дем алыш күндөрү ыйлап чыкты, көзүн ирмебеди",- деди эки баланын атасы, жергиликтүү тургун Гасми Le Parisien басылмасына. "Азыр биздин райондогу эч кимге ишенбей калдык, балдарым үчүн абдан коркуп калдым".

"Бул окуя менин жан дүйнөмө бүлүк салды",- деген ушул эле гезитке атын айтпаган дагы бир аял. "Бүгүн уулумду мектепке жөнөтүп, өзүм бир нече метр артта баламдын аркасынан жүрдүм. Алда кандай болуп кетет деп ойлодум".

"Эми мен аны мектепке коштоп жүрөм, эгер окуусу 16.30 бүтсө, мен жумуштан 16.00 чыгып турам. Бул талкуулап отурчу маселе эмес".

Француз президентинин аялы Брижит Макрон бул окуяны "акылга сыйбас жана адам көтөргүс трагедия" деп сыпаттады. (EK)