Вьетнамдагы суу ташкыны 41 адамдын өмүрүн алды

Вьетнамдагы суу ташкыны

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Вьетнамдын борбордук аймактарында өткөн дем алыш күндөн бери тынымсыз жааган жаандан кийинки суу ташкыны кеминде 41 адамдын өмүрүн алып, дагы тогуз адам дайынсыз болууда.

Маалыматтарга караганда, суу ташкыны 52 000ден ашык үйдү каптап, чарбаларды жана ишканаларды электр жарыгысыз калтырган. Акыркы үч күндүн ичинде бир нече аймакта жаандын көлөмү 1,5 метрден ашты, ал эми кээ бир жерлерде 1993-жылдагы суу ташкынынын эң жогорку чеги болгон 5,2 метрге чейин жеткен.

Акыркы айларда Вьетнамды катаал аба ырайынан жапа чегүүдө. Буга чейин Калмаэги жана жана Буалой аттуу эки тайфун биринин артынан бири келип, көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, чоң кыйроолорго жеткирген. Өкмөттүн эсептөөлөрү боюнча, январь айынан октябрь айына чейин Вьетнамдагы жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды түздү.

Хойан жана Нячанг шаарлары эң көп жабыркады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акыркы жаандан эң көп жабыркаган жерлерге - Хойан жана Нячанг жээгиндеги шаарлар, ошондой эле борбордук тоолуу аймактардагы кофе өндүрүүчү негизги аймактар кирет. Бул жерде дыйкандар мурунку бороондордон улам калып кеткен түшүмдү жыйнап жатышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө суу үйлөрүнө кирип жаткандыктан, адамдар чатырларда камалып калганы көрсөтүлгөн. Тараган дагы башка видеодо Ламдонг провинциясындагы асма көпүрөнүн тирөөчтөрү кыйраганы тартылган.

Суу ташкыны болгон аймактарда он миңдеген тургундар эвакуацияланды.

Нячанг шаарындагы ресторандардын биринин ээси AFP агенттигине анын дүкөнүн бир метрге жакын суу каптап кеткенин айтты.

"Мен ресторандарымдагы жана дүкөндөрүмдөгү эмеректериме тынчсызданып жатам, бирок азыр эч нерсе кыла албайм, — деди Буи Куок Винь. — Жаан токтобой жаткандыктан, суу жакында кайтат деп ойлобойм".

Бийлик борбордук Вьетнамда жок эле дегенде жекшембиге чейин орточо жана катуу жаан-чачын болорун эскертти.