Копенгагендеги кол салуудан кеминде үч адам каза тапты

Копенгагенде соода борборунда бир адам ок атып, кеминде үч адам каза таап, дагы үчөө оор абалда экенин Даниянын полициясы билдирди. Инцидент шаардын түштүгүндөгү Field's соода борборунда жекшембиде болду. Полиция теракт версиясын жокко чыгарган жок.

Соода борборундагы курал менен кол салган киши

Сүрөттүн булагы, MAHDI AL WAZNI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соода борборундагы курал менен кол салган киши

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдөн соода борборунан качып чыгып аткан адамдарды жана көп сандаган полицейлерди көрүүгө болот. Ок атуу кайсы убакта башталганы так айтыла элек, бирок полицияга кабар жергиликтүү убакыт боюнча 17:35 те келген.

Полиция бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы адам кармалып, андан мылтык патрондору менен кошо алынганын билдирүүдө. Анын аты жөнүн азыр айтыша элек, болгону этникалык даниялык деп гана билдиришти. Дүйшөмбүдө анын соту башталат.

Бул кол салууга күбө болгондордун бири Рикке Левандовски. «Башында бул ууру деп ойлодук. Андан кийин мен ок атыла баштаганын угуп, дүкөндөгү тактанын артына кирип кеттим. Ал шыпка же жерге эмес, адамдарды карай атып жатты»,-деп айтып берди Рикке көргөн билгенин Даниянын телекөрсөтүүсүнө.

Копенгаген кол салуу

Сүрөттүн булагы, EPA

"Биз ок атылганын угуп калдык, эки же үч жолу болду, адамдар кымгуут түшүп сыртка чуркап жөнөштү»,-дейт дагы бир күбө Лизбет.

 Соода борборуна барган жол тосулуп коюлду, коомдук транспорт токтоду. 

Соода борборундагы кол салуудан кийин адамдар бири-бирин сооротуп жатышты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Соода борборунун жанындагы Royal Arena концерт залында кечинде британдык ырчы Гарри Стайлздын концерти болмок. "Мен өзүм жана менин командам Копенгагендеги соода борборунда жабыркагандардын баары үчүн сыйынып жатабыз. Мен калчылдап калдым", - деп жазды ырчы коомдук сайтка.

Шоунун уюштуруучусу Live Nation компаниясы концерт болот деп жаткан, бирок кийин анын токтогону белгилүү болду.

Концертке келген 17 миңден ашуун көрүүчү аянтчаны таштап кетүүгө аргасыз болду, полиция аларды коомдук транспортко коштоп жеткирип барды.

Премьер-министр менен королдук үй-бүлөнүн көңүл айтуусу

Соода борборундагы кол салуудан кийин адамдар бири-бирин сооротуп жатышты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соода борборундагы кол салуудан кийин адамдар бири-бирин сооротуп жатышты

Королева Маргрете II менен кронпринц Фредерик «жабыркагандарга, алардын туугандарына терең көңүл айтарын» билдиришти. Бул окуядан кийин Данияда «Тур де Франс» веложарышын өткөрүүгө байланыштуу мурда пландалган королдук салтанат болбой калды.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен дагы өзүнүн көңүл айтуусун жолдоду. Ал ырайымсыз кол салуудан өлкө жабыркаганын билдирип, элди биримдикке чакырды. (KC)