Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу: келишимге 3 президент кол койду
Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Лидерлер Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президент Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат деп жазылат президенттин басма сөз кызматынын берген маалыматында.
Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.
Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту (1993-жылы Борбор Азиядагы беш өлкөнүн катышуусунда Аралды сактоо эл аралык фонду негизделген).
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20-21-июль күндөру Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүүдө. Ага катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары 20-июлда Кыргызстанга келишкен. Ал эми Түркмөнстан менен Тажикстандын президенттери бүгүн, 21-июлда келишти. (MD)







