"Кудай урсун, башка аялым жок": Сириянын биринчи айымы Латифа аль-Шараа деген ким?

Ахмед аль-Шараа менен Меккеге барган Сириянын биринчи айымы

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмед аль-Шараа менен Меккеге барган Сириянын биринчи айымы

Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа Анкарада өткөн Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушууга жубайы Латифа менен келген. Ал Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган менен сүйлөшкөндөн кийин эч кандай билдирүү жасаган жок, бирок коомдук сайттарда алардын сүрөттөрү тарады. Сириянын биринчи айымы Латифа аль-Шараа деген ким?

Көптөгөн өлкөдө террордук уюм деп таанылган "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу жана анын союздаштары Дамаскты басып алып, Башар Асад Москвага качып кеткенден бери үч ай өттү. Асаддын ордуна мурда Мухаммед Жулани деген каймана ат менен белгилүү болгон Ахмед аль-Шараа келди.

Аль-Шараа убактылуу президент болгондон кийин эң биринчи Сауд Аравиясына учуп барып, мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты талкуулады. Бирок көптөгөн маалымат каражаттары бул эки өлкөнүн мамилени бекемдөө аракеттерине гана эмес, аль-Шараа менен бирге умра зыяратын аткарып жүргөн аялга көңүл бурду.

Сауд Аравиядан кийин аль-Шараа расмий сапар менен Анкарага аттанды. Бул ирээт расмий иш-чараларга жалгыз өзү катышпастан, жубайы Латифа аль-Шарааны да алып барды.

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Сириянын биринчи айымы Латифа аль-Шараа

Сүрөттүн булагы, Turkish Presidency / Mustafa Oztartan / Handout/Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Сириянын биринчи айымы Латифа аль-Шараа

Магистр даражасына ээ

Латифа ад-Дарубинин (анын фамилиясын ад-Друби деп дагы атап келишет) өмүр баяны расмий жарыяланган эмес. Коомчулукта анын аты аталып, сүрөттөрү чыга баштагандан бери араб маалымат каражаттары анын ата-тегин изилдеп, жашоосу тууралуу учкай маалыматтарды чыгарды.

Мисалы, Латифа Сириянын Хомс провинциясына караштуу Эль-Карьятейн шаарында туулуп өскөнүн, Аль-Шараа менен бирге үч баланы өстүрүп келатканын Okaz аттуу Сауд Аравиядагы гезит жазып чыкты.

Алар өз булактарга таянып, Латифа араб тили жана адабияты боюнча магистр даражасына ээ экенин билдиришкен. Ал эми ата-тегин изилдей келгенде бир нече дин аалымы менен тууган экени белгилүү болду. Мисалы анын ичинде 2009-жылы каза болгон сириялык шейх Абдул Гаффар ад-Друби бар.

Жакынкы Чыгыш тууралуу байма-бай чагылдырган Al-Monitor америкалык маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Сириядагы ад-Друби үй-бүлөсүнүн түпкү теги Осмон дооруна барып такалат. Анын ата-бабаларынын бири Алаа ад-Друби Осмон империясында элчи кызматын аркалаган. Ал 1920-жылы Сириянын экинчи премьер-министри болуп дайындалган, бирок 26 күн өтпөй өлтүрүлгөнү айтылат.

Алавиттер 1970-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу бийликти өз колуна алгандан кийин Сирияны кылымдар бою башкарып келген сунниттик аристократиялык кланды саясий сахнадан сүрүп чыгарышкан. Эми бул үй-бүлөлөр кайрадан саясий оюнга аралашты, дейт изилдөөчү Седрика Лабрусса. Ал мындай пикирин италиялык La Repubblica гезитине билдирген.

Аталган гезитте жазылгандай, Латифа болочок жолдошу менен университетте окуп жүргөндө таанышкан. 2013-жылы Аль-Шараа "Жебхат ан-Нусра" радикал тобун жетектеп турган кезде Латифа менен баш кошкону айтылат.

"Кудай урсун, бул жалгыз аялым, башкалар жок. Коомдук сайттардан укканыңыз жөн гана ушак", - деди Сириянын лидери Дамаскта өткөн иш-чаранын катышуучуларына

Сүрөттүн булагы, @G_CSyriaa

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кудай урсун, бул жалгыз аялым, башкалар жок. Коомдук сайттардан укканыңыз жөн гана ушак", - деди Сириянын лидери Дамаскта өткөн иш-чаранын катышуучуларына

Президенттин жалгыз аялы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Латифа аль-Шараа тууралуу дагы бир кызыктуу маалымат январь айында Дамаскта өткөн сириялык-америкалык аялдар делегациясынын жолугушуусунда белгилүү болду.

Анда Сириянын лидери күтүлбөгөн жерден өзүнүн жубайын иш-чаранын катышуучуларына тааныштырды.

"Кудай урсун, бул жалгыз аялым, башкалар жок. Коомдук сайттардан укканыңыз – бул жөн гана ушак", – деп тамаша-чын аралаш сүйлөгөнү бар.

Иш-чарага катышкан сириялык-америкалык дарыгер Рим аль-Базм ливандык An-Nahar гезитине убактылуу президенттин жубайын төмөндөгүдөй баяндаган:

"Ал Дамасктын аялдарына окшош экен: сүйкүмдүү, чырайлуу, токтоо, чүмбөттөлгөн эмес, өзүнө ишенген жана билимдүү".

Жолугушуунун дагы бир катышуучусу, Тынчтык жана өнүгүү боюнча Сирия-Америка альянсынын мүчөсү Абдулхафиз Шараф Латифа айымды никаб эмес хиджаб салынып жүргөнүн, Сириянын салттуу стилинде кийингенин сүрөттөгөн.

Иш-чара учурунда Латифа аль-Шараа өлкөнүн биринчи айымы катары сөз сүйлөгөнбү же жокпу, ал белгисиз, бирок расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийинки сүрөттөрдө ал көрүнбөйт. Сириялык да, башка араб медиалары дагы аталган иш-чарадан Латифа айымдын сөздөрүн келтирген эмес.

Ал жолугушуудан бир нече күн өтпөй Economist гезитинин кабарчылары Ахмед аль-Шараага анын аялы Сириянын биринчи айымы болобу деп суроо узаткан.

"Президенттин аялы автоматтык түрдө биринчи айым деп эсептелет, бул салт. Эгер биринчи айым деген кызмат бар болсо, аны көчөдөн кокусунан келген аял ээлеп калбайт", – деген эле Сириянын убактылуу президенти аль-Шараа.

Бирок ал өз сөзүндө биринчи айым элден жогору турган айым эмес, калкка кызмат кылган аял болушу керектигин белгилеген. Бул билдирүү Сирияны бир нече жыл башкарып, бийликтен кулатылган Башар Асаддын аялы Асма Асадга карата айылган таамай сөз эле.

Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад жана анын жубайы Асма Асад

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад жана анын жубайы Асма Асад

"Аль-Шараа өзүн каардуу киши эмес, демократ башкаруучу катары көрсөткүсү келет"

Асма Асад менен Латифа аль-Шараанын сырткы келбеттери ар башка болгону менен, эки аялды бириктирип турган жагдайлар бар. Экөөнүн тең теги Хомс шаарына барып такалат. Экөөнүн тең үчтөн баласы бар. Латифа айымдыкы – үч уул, Асма Асаддыкы– эки уул, бир кыз.

"Өз учурунда Асма Асад дагы күйөөсүнүн көлөкөсүндө жүрүп, көмүскө иштерди жасаган. Бара-бара анын үй-бүлөсү жана ага жакын кишилер экономикалык ресурстардын олуттуу бөлүгүн өз колдоруна топтоп, өлкөдөгү кырдаалга олуттуу таасир эте баштаган", – деди Би-Би-Сиге чыгыш таануучу Марианна Беленькая.

Беленькаянын айтымында, эмитен эле Латифа аль-Шараанын айрым туугандары беделдүү кызмат орундарда пайда боло баштаганына коомчулук көңүл бурууда:

"Эжесинин күйөөсү Дамасктын губернатору болуп дайындалганы талкууланып жатат".

Анткен менен Сириянын жаңы биринчи айымынын коомдук образы азырынча сыр бойдон калууда. Буга чейин ал үч жолу эл алдына чыкты. АКШ-Сирия делегациясы менен жолугушууда, Аль-Шараанын Сауд Аравия жана Түркияга болгон иш сапарында. Бирок Латифа айым бир да жолу сөз сүйлөй элек.

"Сириянын биринчи айымынын образы кандай болоорун айтуу кыйын. Бирок аны эл арасына чыгарып, көбүрөөк көрсөтүүгө аракеттенишет. Анткени Ахмед аль-Шараа өзүн каардуу киши эмес, демократ башкаруучу катары көрсөткүсү келет", – деди Беленькая.

Беленькаядан айырмаланып дагы бир чыгыш таануучу Руслан Сулейманов Би-Би-Сиге Латифа айым тууралуу мындайча пикирин билдирди:

"Аль-Шараа белгилүү бир убакытка чейин жубайын коомчулукка алып чыгат, анткени азыр саясий кырдаал ошону талап кылып жатат. Бирок көпкө узабайт. Санкцияларды алып салуу, "Хайят Тахрир аш-Шам" тобун террорчулардын тизмесинен чыгаруу бийлик үчүн маанилүү болуп турат".

"Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобу Идлиб провинциясын көзөмөлдөп турганда аль-Шараа жубайын эл алдына чыгарбаганын Руслан Сулейманов белгиледи.

Сулейманов араб мамлекеттериндеги биринчи айымдардын кадыр-барк күтүү жана таасир этүү деңгээли бул өлкөнүн светтик багытына жана Батыш агымынын тийгизген таасирине жараша болорун түшүндүрөт. Чыгыш таануучу Египет президентинин жубайы Энтиссар ас-Сиси жана Иордания падышасынын жубайы Рания Аль-Абдуллахты мисал катары келтирген. Сулеймановдун айтымында, экөө тең коомдук чөйрөдөгү иштерге активдүү аралашып, интервью берип, эл арасына көп чыгат. Рания айым палестиналыктарды колдоп чыкканда араб дүйнөсүндө өзгөчө кадыр-баркка ээ болуп, аны урматтай башташты деп кошумчалады эксперт. (KB)