Британиянын мурдагы аскерлери: Ооганстан менен Иракта кармалгандарды өлтүрүү кадыресе көрүнүш болгон

Ханна O'Грейди, Жоэл Гантер, Рори Тинман

Би-Би-Си, "Панорама" программасы

Аскерлердин түнкү операция учурунда тартылган сүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскерлердин түнкү операция учурунда тартылган сүрөт

Британиянын Атайын багыттагы күчтөрүнүн көп жылдан бери үн катпай келген мурдагы аскерлери Би-Би-Синин Panorama программасына маек куруп, өздөрү менен чогуу кызмат өтөгөн аскерлердин Иракта жана Ооганстанда жасаган ыктымал кылмыштары тууралуу айтып беришти.

Күбөлөр Британиянын Атайын аба кызматынын (SAS) аскерлери куралсыз, уктап жаткан адамдарды өлтүрүшкөнүн жана колу кишенделген туткундардын, алардын ичинде балдардын жанын кыйышканын айтып беришти.

"Алар кичинекей баланын колуна кишен салып, анан атып салышкан. Ал согушка катышууга жашы жете элек тестиер экени айдан ачык эле көрүнүп турган", – деп эскерет Ооганстанда кызмат өтөгөн британ аскерлеринин бири.

"Туткундарды өлтүрүү кадимки көрүнүшкө айланган. Алар кимдир бирөөнү кармап, тинтип, колуна кишен салышып, анан атып салышчу. Анан пластик кишенди кесип, анын жанына тапанча коюп коюшчу", – дейт ардагер.

Жаңы көрсөтмөлөр Британиянын атайын күчтөрү Ооганстанда он жылдан ашуун убакыт согуштук кылмыштарды жасап келген деп божомолдоого түртүүдө.

Азыр Англияда Ооганстанда 2010-2013- жылдар аралыгында Британиянын атайын күчтөрү жасады делген согуш кылмыштары боюнча коомдук иликтөө жүрүп жатат. Жаңы далилдер бул кылмыштар мындан да узак убакыт бою жасалып келген болушу мүмкүн экенин айгинелөөдө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Атайын кайык кызматы (SBS) – Улуу Британиянын Королдук деңиз флотунун элиталык атайын багыттагы тобу. Ал дагы биринчи жолу эң оор кылмыштарга – куралсыз жана жарадар болгон адамдарды сотсуз өлүм жазасына тартууга шектелүүдө.

SBSтин курамында кызмат өтөгөн ардагердин айтымында, кээ бир аскерлерде "топтук менталитет" күчтүү болгон. Ардагер алардын операция учурундагы жүрүм-турумун "жапайычылык" деп мүнөздөдү.

"Мен эң жоош жоокерлер кандайча өзгөрүп, оор психопаттык мүнөздөрдү көрсөтө баштаганын көрдүм. Алар мыйзамсыз иштерге барып, бул үчүн жаза албай турганын сезишчү", – деди ал.

Атайын багыттагы күчтөр Ооганстанга британ аскерлерин "Талибан" жоочуларынан жана жанкечтилерден коргоо максатында жиберилген.

Бирок Ооганстандагы операцияларга катышуу Улуу Британиянын аскерлерин чоң жоготууларга кириптер кылган. Ооганстандагы кагылышуулар учурунда 457 британ жоокери каза болуп, миңдегени жаракат алган.

Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып, Улуу Британиянын Коргоо министрлиги учурда жүрүп жаткан коомдук иликтөөнү толук колдоорун жана кандайдыр бир маалыматы бар ардагерлерди көргөн-билгенин ачык айтууга чакырарын билдирди. Министрлик ошондой эле тергөөгө тиешелүү айыптоолор боюнча комментарий бере албай турганын кошумчалады.

Хамид Харзай, Дэвид Кэмерон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хамид Харзай, Дэвид Кэмерон

Аскерлер арасындагы "психопат киши өлтүргүчтөр"

Атайын багыттагы күчтөрдө кызмат өтөгөн же алар менен кызматташкан 30дан ашык адамдын көрсөтмөлөрү Британиянын атайын багыттагы күчтөрү сотсуз өлүм жазасына тартуу иштерине аралашкан болушу мүмкүн деген Panorama программасынын маалыматын тастыктайт.

Мындан тышкары Panorama программасы ошол кездеги премьер Дэвид Кэмерон Ооганстандагы карапайым тургундарды өлтүрүүгө Британиянын атайын аскер бөлүгүнүн катышы бар экени тууралуу кабарларды бир нече жолу алган деген маалыматтарга ээ.

Спецназдын операциялары тууралуу маалыматты жарыялоого тыюу салынган. Мындан улам Би-Би-Синин маектештери анонимдүүлүк шарты менен Ирак менен Ооганстандагы операциялар учурунда согуш мыйзамдары британиялык элиталык полктор тарабынан системалуу түрдө жана атайлап бузулганын айтып беришти.

Бул мыйзамдарга ылайык, атайын операциялар учурунда аскерлер британ жоокерлеринин же башка адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаралган учурда гана кылмышка шектүүлөрдү атайлап өлтүрүшү мүмкүн. Күбөлөрдүн айтымында, буга карабай SAS жана SBS кызматкерлери өз эрежелери менен иш алып барышкан.

"Эгер бута тизмеге эки-үч жолу кирсе, биз өлтүрүү ниетин гана көздөчүбүз, эч качан аларды кармоо аракети болгон эмес", — деди SAS курамында кызмат өтөгөн ардагерлердин бири.

Ал бута дегенде аскер кызматкерлери буга чейин кармап, суракка алып, андан кийин коё берген адамдарды айтып жатат.

"Кээде биз бутаны туура эмес аныктап алган жокпузбу деп, документтерин текшерип, өздүгүн тактап, анан атып салчубуз".

"Көп учурда отряд жөн гана кетип баратып, жолдо көрүнгөн эркектердин баарын өлтүрүп салчу", – дейт Би-Би-Синин маектеши.

SAS курамында кызмат өтөгөн күбөлөрдүн бири адам өлтүрүүгө болгон каалоо кээ бир жоокерлер үчүн адатка айланганын белгилейт. Ооганстанда айрым элиталык полктордун мүчөлөрү бул сезимге мас болушкан. Анын айтымында, ал жакта "психопат киши өлтүргүчтөр" көп болгон.

"Кээ бир операциялар учурунда отряд конок үйлөрүнө окшогон имараттарга кирип барып, ичиндеги бардык адамдарды өлтүрүп салчу. Алар уктап жаткан адамдарды атып салышчу. Уктап жаткан адамдарды өлтүрүүнү такыр актоого болбойт", – деп билдирди күбө.

SBS курамында кызмат өтөгөн ардагер Би-Би-Сиге айтып бергендей, кайсы бир аймак британ аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн соң, чабуул топтору ал аймакты кыдырып, бет алдына чыккан адамдардын баарын атып салчу. Андан кийин өлгөн-өлбөгөнүн текшеришип, тирүү калгандар болсо, аларды да атып өлтүрүшчү.

"Бул кадыресе көрүнүш болчу, эч ким эч нерсени жашырчу эмес. Баары билишчү", – деди ал.

Жарадар болуп, коркунуч туудурбаган адамдарды атайлап өлтүрүү — эл аралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат.

SBSтин дагы бир ардагери Panoramaга британ спецназдары жарадарларды дайыма өлтүрүп турушканын айтып берди.

Ал бир операцияны эскерип, анда медик жарадар адамга жардам көрсөтүп жатканын, ошол маалда жоокерлердин бири келип, аны чекеге атып таштаганын билдирди.

"Бул өлтүрүүлөрдү актоого такыр болбойт. Бул ырайымдуулук үчүн өлтүрүү эмес. Бул жөн гана өлтүрүү", — деп кошумчалады ал.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, SAS чабуул топторунун кенже курамы кармалгандарды өлтүрүү тапшырмасын улук офицерлерден алып турган.

Кармалгандар – багынып берген, атайын күчтөр тарабынан текшерүүдөн өткөн, көп учурда колу кишенде болгон адамдар болчу. Британ жана эл аралык мыйзамдарда аскерлерге куралсыз карапайым жарандарды же туткундарды атайлап өлтүрүүгө тыюу салат.

Атайын аба кызматынын мурдагы аскери Би-Би-Сиге Ирактагы операция учурунда да кармалган киши сотсуз өлүм жазасына тартылганы тууралуу айтып берди.

"Мен билгенден, ал эч кандай коркунуч туудурган эмес, куралсыз болчу. Бул уят иш. Эч кандай кесипкөйлүк жок", – деди ал.

Анын айтымында, бул киши өлтүрүү толук кандуу иликтенген эмес. Ал кошумчалагандай, Атайын аба кызматында мындай маселелер Ооганстанга чейин эле башталган жана улук командирлер бул көйгөй тууралуу билишкен.

Мурда Panorama программасы SAS отряддары бири-бири менен жарышып, өлтүргөн адамдарынын санын эсептеп жүргөнү жөнүндө кабарлаган эле.

Ардагерлердин билдирүүлөрү, ошондой эле алардын 2006-жылдагы Ирактагы операциялары боюнча Би-Би-Синин колуна тийген жаңы видео далилдер бул кабарларды ырастап турат.

Би-Би-Синин булактары аба кызматынын айрым аскерлери канча киши өлтүрүлгөнүн өз алдынча эсептеп жүргөнүн айтышты. Маселен, атайын күчтөрдүн бир аткычы Ооганстандагы алты айлык кызматында ондогон адамдарды өлтүргөн.

Айрым аскерлер кармалган жарандарды атпай, мууздап салышкан.

Ардагердин биринин айтымында, Улуу Британиянын атайын күчтөрүнүн командачылыгы бул жагдайдан кабардар болгон.

"Мен өзүмдү жоопкерчиликтен бошотпойм. Бирок баары эле билишчү. Эмне болуп жатканын тымызын жакташчу", – деди ал.

Күбөлөрдүн айтымында, бул өлтүрүүлөргө ашыкча көңүл бурдурбоо үчүн аскерлер өлгөн кишилердин жанына курал коюп сүрөткө тартышчу.

"Алар өздөрү менен кошо жасалма гранатаны ала жүрчү, ал жарылбайт", – деди SAS курамындагы кызмат өтөгөн мурдагы аткыч.

Дагы бир ардагердин айтымында, аткычтар АК-47 автоматтарын бүктөлүүчү запастары менен көтөрүп жүрүшкөн. Анткени аларды рюкзакка салуу жана сөөктүн жанына коюп коюу оңой болгон.

Баяндамалар "ойдон чыгарылган"

Брюс Холдер

Күбөлөрдүн айтымында, текшерүүнүн алдын алуу үчүн офицерлер чабуул топторунун отчетторун бурмалоого жардам беришкен.

Спецназдын башка бир ардагери да отчеттор ойдон чыгарылганын ырастады.

SBS менен иштешкен чалгын кызматкеринин айтымында, маселен, отчетто атайын күчтөр атышууга кабылганы жазылса, аны коштогон сүрөттөрдөн башына бир нече жолу ок атылган денелерди көрүүгө болот.

Отчетторду бурмалоо Королдук аскер полициясынын иликтөөсүнөн качуу максатында жасалган. Бирок британ аскерлеринин операциялары ооган командирлерин жана ооган өкмөтүнүн өкүлдөрүн катуу тынчсыздандырган.

2010-жылдын июнь айынан 2013-жылдын ноябрына чейин Ооганстанга премьер-министр катары жети жолу барган Дэвид Кэмерон Ооганстандын ошол кездеги президенти Хамид Карзайдын тынчсыздануусунан кабардар болгон. Муну алардын жыйындарына катышкандардын көбү ырасташат.

Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Рангин Дадфар Спанта Panorama долбооруна Хамид Карзай бул маселе тууралуу кайра-кайра айтып келгенин билдирди.

"Ооган президенти түнкү рейддер, жай тургундар арасындагы курмандыктар жана камакка алуулар боюнча даттанууларын дайыма айтып келгендиктен, анын кыжырдануусун байкабаган бир дагы батыш дипломаты же аскер лидери болгон жок", – деди АКШнын НАТОдогу мурдагы элчиси генерал Дуглас Лют.

Генералдын пикиринде, эгерде британ аскерлерине каршы айыптоолорду британ аскер командачылыгы билбей калса, таң калыштуу болмок.

"Лорд Кэмерон Хамид Карзай НАТО күчтөрүнө тиешелүү маселелерди көтөргөнүн гана эстей алат. Британ атайын күчтөрүнүн катышуусундагы конкреттүү окуялар талкууланган эмес", – деди Дэвид Кэмерондун өкүлү Panorama программасына.

Мурдагы премьер-министрдин өкүлү тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүү туура болорун билдирди. Ал ошондой эле лорд Кэмерон кылмыш иштерин жашыруу боюнча кутумга катыштыгы бар деген божомолдор " болбогон сөз" экенин кошумчалады.

АКШ жана Франция сыяктуу башка көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, Улуу Британия өзүнүн элиталык атайын күчтөрүнүн бөлүктөрүнө парламенттик көзөмөл жүргүзбөйт. Алардын аракети үчүн премьер-министр, ошондой эле коргоо министри жана атайын багыттагы бөлүктүн башчысы жооп берет.

Королдук адвокат Брюс Холдер мурда сот адилеттиги кызматынын башчысы болгон. Бул кызмат кылмыш жасаган аскер кызматкерлерине айып тагууга жана жазага тартууга жооптуу. Ал Panorama программасына берген маегинде коомдук иликтөө британ атайын күчтөрүнүн мыйзамсыз операциялары тууралуу лорд Кэмерон канчалык деңгээлде кабардар болгонун ачыкка чыгарат деп үмүтөнөрүн айтты. (АА)