Миллиондогон айфон колдонуучулар сот аркылуу акча өндүрүп алса болот
Нур Нанжи, бизнес кабарчы, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эски телефондордун иштөөсүн жашырын түрдө жайлатып койду деп Apple компаниясына каршы соттук иш ачылуусунун артынан миллиондогон айфон колдонуучулар акча өндүрүп алышы ыктымал.
Жастин Гутмандын белгилешинче, Apple компаниясы программалык камсыздоону жаңыртуу телефондун ишин жакшыртат деп айтканы менен иш жүзүндө ал телефондун иштешин жайлаткан. Ошентип колдонуучуларга туура эмес маалымат берген.
Ал Британиядагы 25 миллиондой iPhone колдонуучу үчүн келтирилген 768 млн фунт стерлингди төлөтүп алууну көздөөдө.
Apple компаниясы “эч качан” өз өндүрүшүнүн иштөө мөөнөтүн атайылап кыскартпаганын билдирди.
Атаандаштык маселелери боюнча апелляциялык сотко берилген доо арызда белгиленгендей, оңдоонун кымбат болуусун “жөнгө салуу” үчүн Apple эски iPhone түзмөктөрүнүн иштөөсүн жайлатып койгон.
Бул 2017-жылдын январында iPhone колдонуучулар үчүн программалык камсыздоону жаңыртууга кошо киргизилген заряддоону жөнгө салуу шайманы менен байланыштуу. Ал эски телефондордун ишинде жаралган көйгөйлөр менен күрөшүп, алардын капыстан эле өчүп калуусун алдын алган система болчу.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу Гутмандын айтымында, шайман туурасында маалымат программалык камсыздоону жаңыртуу учурунда берилген эмес жана ошол кезде компания ал система түзмөктүн ишин жайлатары боюнча түшүндүргөн эмес.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Гутмандын белгилешинче, жаңы iOS программалык камсыздоону ишке киргизүүдөн улам iPhone телефондорунун батареясы кыйынчылыкка туш болгон болушу ыктымал. Ал эми Apple компаниясы ошол фактыны жаап- жашыруу үчүн жаңы шайманды киргизген дейт Гутман. Продукцияны кайтарып алуунун же кошумча батареяларды берүүнүн ордуна компания колдонуучуларды программалык камсыздоону жаңыртууга мажбурлаган.
“Өз кардарларына чынчыл жана мыйзам чегинде мамиле кылып, акысыз алмаштырууну, оңдоону же кенемтени сунуштоонун ордуна Apple программалык камсыздоонун ичинде жашырылган шайманды ачык айтпай, адамдардын башын айланткан. Аталган шайман телефондордун ишин 58% жайлаткан”, — деди Гутман.
Доо арызда камтылган айфондорго iPhone 6, 6 Plus, 6S, 6S Plus, SE, 7, 7 Plus, 8, 8 Plus жана iPhone X кирет.
Кардарлар зыянды төлөтүп алуу үчүн ишке активдүү түрдө кошулууга милдеттүү эмес.
“Apple продукцияларынын иштөө мөөнөтүн атайылап кыскартуу же жаңыртууну орнотуп алгыла деп кардарлардын колдонуу тажрыйбасын начарлатуу үчүн эч качан эч нерсе кылган эмеспиз жана кылбайбыз. Биздин максатыбыз ар дайым кардарларыбызга жаккан продукцияны жасоо болгон. Ал эми айфондордун өмүрүн мүмкүн болушунча узартуу ошол максатыбыздын бир бөлүгү”, — делет Apple компаниясынын билдирүүсүндө.
Зои Клейнмандын анализи, технология боюнча редактор
Apple компаниясына көптөн бери “батареягейт” иши илешип келатат. Компания болсо ниети калыс экенин айтып көшөрүүдө.
Компаниянын башчысы Тим Кук 2018-жылы “биздин башкача оюбуз бар деп ойлогондордон” болуп көрбөгөндөй жол менен кечирим сураган эле.
Сынчылардын айтымында, программаны жаңыртуу адамдарды жаңы түзмөктөрдү сатып алууга түрткөн. Анткени программалык камсыздоону жаңыртуудан кийин алардын эски телефондору кадыресе Facetime сыяктуу функцияларды аткарууда кескин түрдө жайлап кеткен.
Apple компаниясы тескерисинче түзмөктөрдүн иштөө мөөнөтүн узартууга аракет кылганын айтууда. Кийинчерээк техника алпы iPhone 6 жана андан кийинки моделдерге батареяларды алмаштырууга арзандатуу сунуштаган.
Мында эки ири көйгөй жатат: алардын бири гаджеттер салыштырмалуу түрдө ылдам эскиргенинде. Себеби программалык камсыздоону жаңылоонун натыйжасында ал соңку жана алдыңкы системаны жөнгө сала албай калууда.
Технологиялык фирмалардын айтымында, мындай жаңыртуулар түзмөктөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана иштөө жөндөмүн жакшыртуу үчүн зарыл. Бирок жаңыртуу эски жабдууну артта калтырып кетет. Башкача айтканда, процессорлор кыйла жайлап кетет, эски батареялардын кубаты аз болот.
Убакыттын өтүшү менен аккумуляторлорду тез-тез заряддап туруу керектелет — бул экинчи көйгөй. Портативдик түзмөк күчтүү болгон сайын, ал энергияны көбүүрөөк керектеп талап кыла баштайт. Кадимки литий-ион аккумуляторунун өмүрү 500 заряддоо циклине барабар.
“Батареягейт”
Гутмандын доо арызы ушундай эле иш АКШда жөнгө салынгандан эки жыл өтүп ачылып жатат.
2020-жылы Apple компаниясы эскирген айфондордун жай иштеп калганы боюнча айыптоолорду жөнгө салуу үчүн 113 млн доллар төлөп берүүгө макул болгон эле.
АКШдагы 33 штат Apple компаниясы мындай кадамга керектөөчүлөрдү жаңы түзмөктөрдү сатып алууга түртүү үчүн барууда деп айтып чыгышкан.
2016-жылы iPhone 6, 7 жана SE моделдеринин иши жайлап, миллиондогон адамдар зыянга учураган. Бул ызы-чуу “батареягейт” иши катары белгилүү болгон.
Ал кезде Apple компаниясы комментарий берүүдөн баш тартып, бирок мурдараак батареянын иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн телефондордун иши жайлатылганын билдирген эле.
Enders Analysis изилдөө фирмасынын аналитиги Клэр Голубовскинин айтымында, батареялардын эскирүүсүнөн улам техникалык чектөөлөрдү эске алганда андай көйгөйлөр мындан кийин да боло бериши мүмкүн.
“Жаңы түзмөктөрдөгү технология акырындык менен эмес, чоң арыш менен өнүгүп турат. Ал ар кандай мүмкүнчүлүккө ээ болгон түрдүү түзмөктөрдө иштей турган программалык камсыздоону жаңыртууда көйгөйлөрдү жаратат”, — дейт Голубовски.
“Apple компаниясы кирешесинин 84% жаңы түзмөктөрдү сатуу менен табат. Эски моделдердин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздап туруу үчүн жаңыртууларды көпкө чейин кармап тура алышпайт”.
“Түзмөктөргө жана программалык камсыздоону жаңыртууга байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин мындай көйгөй улана берет”, — деп кошумчалады ал. (EA)












