«Миллиондон бирөө». Америкада кош жатындуу аял эки күндө эки бала төрөдү

Келси Хэтчер

Сүрөттүн булагы, ANDREA MABRY/UNIVERSITY OF ALABAMA AT BIRMINGHAM

Америкада сейрек өзгөчөлүгү бар – эки жатындуу аял эки жолу, эки күндө төрөдү. Толготуу, төрөө процесси жалпысынан 20 саатка созулду.

32 жаштагы Келси Хэтчер бир кызын шейшембиге караган түнү, экинчисин шаршембиде төрөдү. Бул Бирмингемдеги Алабама университетинин төрөт үйүндө болду.

Ымыркай кыздар эгиз деп саналууда, бирок туулган күндөрү туура келбейт, мындайлар сейрек учурайт.

Хэтчердин айтымында, ал үйүнө кайтып барып, майрамдык ырахатка бөлөнүүдө. Бул кубанычтуу окуя Рождествого туш келет мурда эле ойлоп тилек кылган экен.

UAB'дын акушери эне менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар өзүн жакшы сезип жатканын айтты жана анын кесибиндеги адамдар өмүр бою иштеп, мындай сейрек төрөттү көрбөй да калат деп Би-Би-Сиге билдирди.

Хэтчер он жетиге чыкканда анын эки жатыны (лат. uterus didelphys) бар экени белгилүү болгон.

UAB маалыматы боюнча, бул аялдардын 0,3% кездешүүчү сейрек аномалия. Ошондо да эки маткага тең бойго бүтө бербейт, бул миллиондон бирөө гана болушу мүмкүн дейт UAB дарыгерлери.

Мындай учурлар дүйнөдө сейрек болот. 2019-жылы Бангладеште бир аял биринчи жатындан баласын эрте төрөп, андан бир айдан кийин экинчи жатындан эгиз балдарды төрөгөн.

Хэтчердин буга чейинки үч кош бойлуулугу кадимкидей эле өткөн. Бул жолу дагы ал боюнда бир гана бала бар деп ойлоп жүргөн, кийин ультраүн изилдөө экинчи жатында дагы эмбрион өсүп жатканын көрсөткөн.

«Биз буга ишенген жокпуз», — деп эскерет ал.

Ал өзүнүн өзгөчө кош бойлуулугун инстаграмда жазып чагылдырып да жүрдү.

Төрөт үйүнө барганда анын кош бойлуулугу адаттагыдай эле өтүп жатканын айтышкан. Хэтчерди төрөткөн профессор Ричард Дэвис ар бир ымыркай «өсүп-өрчүү үчүн өзүнчө уяга ээ болгонун» билдирди. Тагыраак айтканда, ар бир бала өзүнүн жатынында өстү.

Хэлси жаңы төрөлгөн кыздары менен

Сүрөттүн булагы, UNIVERSITY OF ALABAMA AT BIRMINGHAM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келси жаңы төрөлгөн ымыркайлары жана күйөөсү Калеб менен.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Төрөттү стимуляция кылуу зарылдыгы 39-аптада болду. Төрөт дарыгерлердин туруктуу көзөмөлү алдында өттү, акушерлердин эки бригадасы иштеди.

Төрөт үйүнүн акушер-гинекологиялык бөлүмүнөн доктор Швета Патель айткандай, бул Хэтчердин «эң стандарттуу эмес жагы» болду.

UAB кызматкерлеринде мындай кырдаалда кандай иштеш керектиги жөнүндө көп маалымат базасы бар эле, ошону колдонуунун сааты келди.

Биринчи кыз, Рокси, вагиналдуу жол менен 19-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча 19:45 те төрөлдү. Экинчи кыз, Ребел, жарык дүйнөгө операция жолу менен он сааттан кийин келди.

Профессор Дэвис кыздарды бөлөк жумурткалуу эгиздер деп айтса болот деди, ар бир ымыркай өзүнчө сперматозоид тукумдаган өзүнчө жумурткада өсүп өөрчүгөндө бул термин колдонулат.

«Ошол эле убакта булар бир курсактагы эки бала болду, — дейт ал. — Бирок алардын ар бири өзүнүн уясында өстү».

Кош жатын - бул тубаса патология, мындай учурда бул орган жогору жагынан экиге бөлүнүп кетет. Кээ бир учурда жатындын эки бөлүгү тең толук жетилген орган болот, анда эмбрион кадимкидей эле өсүп өөрчүй алат. (МА)