Трамп: Ирандагы режимдин алмашуусу – "боло турган иштердин эң жакшысы"

Али Хаменеи жана Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters/ EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Али Хаменеи жана Дональд Трамп
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы режимдин алмашуусу "боло турган иштердин эң жакшысы" экенин билдирип, өлкөдөгү диний режимди алмаштыруу идеясын колдой турганын баса белгиледи.

"47 жыл бою куру сөздөр гана айтылып келди. Бул убакыттын ичинде биз көптөгөн өмүрлөрдөн айрылдык", — деди ал жума күнү.

Трамп Ирандын башында кимди көргүсү келерин так айтуудан баш тартты, бирок бул кызматты ээлей турган «адамдар бар» экенин белгиледи. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Трамптын акыркы билдирүүлөрүнө азырынча жооп кайтара элек.

Ал арада АКШ өзөктүк келишимге жетишүү максатында Иранга басымды күчөтүү үчүн Жакынкы Чыгышка экинчи авианосецин жөнөттү. Трамптын айтымында, дүйнөдөгү эң ири аскердик кеме жана Американын эң жаңы учак ташуучу кемеси - USS Gerald R. Ford жакында Кариб деңизинен Жакынкы Чыгышка багыт алат.

Трамп өзүнүн Truth Social платформасында учак ташуучу кеменин абадан тартылган сүрөтүн жарыялады. Ал кеме Жакынкы Чыгышта жайгашкан Американын башка бир кемеси — USS Abraham Lincoln'го карай баратканы байкалат.

Пентагон учак ташуучу бул кемени январь айында, АКШ Ирандагы миңдеген адамдардын өмүрүн алган массалык нааразылык акцияларын кандуу басууну токтотуу үчүн сокку уруу менен коркуткандан кийин жөнөткөн.

Трамп эгер өзөктүк келишимге жетишилбесе, Иранга сокку уруу менен опузалаганына карабастан, шаршемби күнү Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Тегеран менен диалогду улантууну жактай баштады.

"Иран менен келишимге келүү мүмкүнбү же жокпу, ошону билүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууну талап кылганымдан башка азырынча эч кандай акыркы келишимдерге кол коюла элек", — деп жазды Трамп Truth Social тармагына.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жума күнү кечинде Форт-Брэггде сүйлөп жатып, Трамп "АКШнын соккусунан кутулуу үчүн Тегеран эмне кылышы керек?" деген суроого: "Иран бизге эң башында эле сунуштай турган келишимди сунушташы керек", — деп жооп берди.

АКШ Ирандан уранды байытууну токтотууну талап кылууда, ал эми Нетаньяхунун өкмөтү Тегерандан баллистикалык ракеталар программасын кыскартууну жана ХАМАС менен "Хезболла" сыяктуу радикалдык топторду колдоону токтотууну талап кылып келет.

Иран ушул кезге чейин санкцияларды алып салуу шарты менен өзүнүн өзөктүк программасын чектөөгө даяр экенин билдирип келет, бирок өлкө президенти Масуд Пезешкиан Тегеран "ашыкча талаптарга моюн сунбай турганын" эскертти.

Биринчи президенттик мөөнөтүндө Трамп АКШны Обаманын тушунда түзүлгөн Иран менен өзөктүк келишимден чыгарып, өлкөнүн экономикасына катуу сокку урган санкцияларды кайра киргизген. Өткөн жылы администрация Израил менен Ирандын ортосундагы 12 күндүк согушка чейин жаңы келишимге жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра жанданткан.