Вашингтондогу саммит: Борбор Азия лидерлери Трамп менен жолукту

Сүрөттүн булагы, president.kg
Вашингтондо АКШ менен Борбор Азия лидерлеринин С5+1 форматындагы саммити өттү. Анын алкагында америкалык президент Дональд Трамп региондун лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Трамптын "глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору бааларын" айтып, Борбор Азия мамлекеттери чек ара маселелерин "тынч жол" менен чечип алганын белгиледи.
"Жыйынтыгында Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, биз менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат", - деди Жапаров.
Ал Кыргызстан Америка менен экономика жана инвестициялар, туризм, гидроэнергетика, санарип экономика, жасалма интеллект, IT-чөйрөсү, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо сыяктуу негизги төрт багытта кызматташа аларын кошумчалады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азияны "маанилүү" чөлкөм деп сыпаттап, Американын бул регион менен экономикалык жана соода алакасы тереңдеп бара жатканын айтты.
"C5 деген ат менен таанымал Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөнүн географиялык жана тарыхый кесилиштеринде турду. Чыгыш менен Батышты байланыштырган байыркы Жибек жолу да ушул өлкөлөр аркылуу өткөн. Улуу жана керемет тарых! Бүгүн алардын Евразиянын жүрөгүндөгү ордунун мааниси жана потенциалы чоң. Тилекке каршы буга чейинки америкалык президенттер бул чөлкөмдү толугу менен көз жаздымда калтырып келген. Бул укмуштуудай аймак. Айтмакчы, бул абдан бай аймак", - деди Трамп.
Кечки тамактын алкагындагы сүйлөшүүлөргө америка тараптан Трамптан тышкары АКШнын вице-президенти Же Ди Вэнс жана мамлекеттик катчысы Марко Рубио баштаган расмийлер, Борбор Азиянын лидерлери Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамев, Шавкат Мирзиёев жана алардын башкы дипломаттары катышты.
Саммиттен тышкары Трамп региондун лидерлери менен өз ара сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Борбор Азиянын минералдык потенциалы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2023-жылы сентябрда ал кездеги АКШ президенти Жо Байден БУУнун жыйынынын алкагында Борбор Азия лидерлерин С5+1 форматындагы алгачкы саммитке чогултканы бар. Бирок ал саммиттен айырмаланып, бул жолу Борбор Азия лидерлери саммит үчүн атайын Вашингтонго барышты.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эльданиз Гусейнов тынчтык келишими тууралуу Орусия менен майнапсыз сүйлөшүүлөрдүн жана Кытай менен соода согушунун фонунда АКШ кайрадан Борбор Азияга назарын буруп жатышынын себептерин региондун минералдык потенциалынан көрөт.
"АКШнын Борбор Азияга карата буга чейинки саясаты көбүнчө тийди-качты болуп келди. Ал региондогу кризис же Афганистандагы операцияга окшогон көз карандылыктар менен байланыштуу болду. Кытайга болгон сейрек металл жана сырьедон көз карандуулукка да байланыштуу болду. Азыр биз Трамптын Кытай менен соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүү аракетин көрүп атабыз. Кытайдан дале болсо сейрек металл жаатында көз карандуулук сакталып жатат, мындай шартта АКШ Борбор Азияга керектүү сырье булагы катары карай баштады", - деди эксперт.
Трамп Борбор Азиянын президенттери менен Кытай лидери Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин жолугуп жатат.
Талдоочулар "С5+1" саммити Трамптын Азия–Тынч океан аймагындагы "минералдык дипломатиясынын" уландысы катары уюштурулуп жатканын айтышууда.
Вашингтон менен Бээжин ортосундагы соода согушунун курчушуна кайсы бир деңгээлде Кытайдын стратегиялык маанидеги сейрек кездешүүчү элементтердин экспортуна чектөө киргизүүсү себеп болгону да айтылып келет.
Борбор Азия региону литий, бериллий, уран, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү рудалар жана платина тобундагы сейрек металлдардын ири запастарына ээ.
Геологдордун баамында, Борбор Азия регионунда жер койнунда дүйнөлүк сейрек кездешүүчү элементтердин кеминде 15% топтолгон. Кыргызстанда 200 ашуун стратегиялык чийки заттын кендери, ал эми Казакстанда болжол менен 160, Өзбекстан менен Тажикстанда ондогон кен казыналары бар экени, алардын көпчүлүгү али толук изилдене электиги айтылат.
Эксперттер дал ушул себептен Борбор Азия жаңы "чийки заттык дипломатиянын" аренасына айланганын белгилеп жатышат.
Укук коргоочулардын чакырыгы
Вашингтондогу саммиттин алдында "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирүү таратып, Трамптын администрациясын Борбор Азия менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүү элементи катары чөлкөмдөгү сот системасын реформалоого, коррупцияга каршы күрөшкө жана адам укугун коргоого багытталган демилгелерди колдоого алууга чакырган.
"Сиздердин жолугушуунун жыйынтыгында саясий туткундарды бошотууга, мыйзамсыз куугунтукка кабылган жарандык активисттер менен журналисттерди коргоого, Газа секторуна гуманитардык жардамды күчөтүүгө, ошондой Ооганстандагы аялдардын билим алуусуна багытталган конкреттүү кадамдар ташталат деп ишенебиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле уюм бул саммит АКШнын адамдын универсалдуу укуктарына болгон берилгендигин тастыктай турган жыйын болорун белгилеген.
Анын алдында Норвегиянын Хельсинки комитети да саммитке катышкан өлкөлөр бири-бирин адам укуктарын коргоого үндөшү керектигин билдирген.












