Казакстанда ЛГБТны даңазалоого тыюу салуу демилгеленүүдө

Казакстандын желеги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Казакстанда Мажилис алдындагы депутаттарын жумушчу тобу ЛГБТны даңазалоого тыюу салууну караган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Orda.kz казак маалымат каражатына Мажилис депутаты Ирина Смирнова ырастаган.

Депутаттын айтымында, мыйзам сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө каршы багытталган эмес, бирок салттуу эмес сексуалдык көз карашты жайылтууга бөгөттү карайт.

"Педофилия эле болбосо, ар ким өз жашоосунда эмне кылса өзү билет. Бирок пропаганданын кереги жок. Силер көргөн жоксуңар, бирок мен китепканаларда ЛГБТ тууралуу китептерди көрдүм. Ал жакта бир жыныстуу эки бала, эки ханзаада бирин-бири жактырып калат экен. Ушундай мазмундагы китептерге уруксат берилип жатат, ушундай нерсеге чакырган журнал, комикстер да бар",- деген Смирнова.

Депутаттын пикиринде казак өкмөтү мындай жөнгө салууну, керек болсо, кечигип кабыл алып жатат.

Смирнова бул мыйзам долбоору орус аналогунан көчүрүлгөн деген маалыматты четке какты. Казакстанда мындан ары ЛГБТ темасы камтылган адабият же фильмдерге атайын белгилер коюлат жана чектөөнү ишке ашыруу Маданият министрлигине жүктөлдү.

Дагы бир tengrinews маалымат агенттиги бул тууралуу контентти жайылтууга Административдик кодекс аркылуу чара каралып жатканын жазды.

Эми мыйзам долбоору Мажилистин пленардык жыйынында кароого коюлат.

Буга чейин эл аралык укук коргоочу Хьюман Райтс Вотч уюму Казакстандагы бул демилгени дискриминациялык мүнөзү бар экенин айтып, бул тууралуу петицияны чакырып алууга үндөгөн.