Чегиртке коркунучу: Кыргызстанда зыянкечтер быйыл эрте пайда болду
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын айрым аймактарында зыянкеч чегирткелер жылдагыга салыштырмалуу бир нече жума эрте пайда болуп, алар тез жайылып жатканы айтылууда. Бул кырдаал айрыкча дыйкан-фермерлердин кооптонуусун күчөтүп, алдын алуу жана ыкчам чара көрүү маселесин козгоду. Айыл чарба министрлиги болсо айдоо жерлерине жана жайыттарга олуттуу зыян келтире турган бул коркунучка каршы дары чачуу жана башка коргонуу иштерин күчөтүп жатканын маалымдоодо.
Жылдагыдан эрте пайда болду
Жалал-Абад облусунда быйыл чегирткелер адаттагыдан эрте пайда боло баштаган. Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарда зыянкечтердин саны жылдагыга салыштырмалуу көбөйгөнүн жергиликтүүлөр белгилешүүдө.
Жайыт комитетинин өкүлү Данияр Байназаровдун айтымында, быйыл жаз эрте келгендиктен, чегирткелер өткөн жылга караганда 10-15 күн эрте чыкты.
"Биздин аймакта машина жүрө албаган тоолуу, жетүүгө кыйын жерлер бар. Ошол жактарда чегирткелер учуп калды",- деди ал.
Байназаров 2-3 жыл мурун аймакты чегирткелер көп каптап, жайыттарга чоң зыян келтирип, ал тургай айдоо жерлерге чейин жайылып кеткен учурлар болгонун кошумчалады. Мындай кырдаалды кайталабоо үчүн быйыл алдын алуу иштери эрте башталганын айтты.
"Буга чейин маселе боюнча жогорку органдарга билдирүү жөнөткөнбүз. Азыр атайын төрт техника келди. Дары чачуу иштери активдүү жүрүп жатат",- деди Байназаров.
Күн жылыгандан тарта Өзбекстан менен Казакстандын талааларын чегирткелер каптаганы тууралуу маалыматтар жыл сайын кайталанып келет. Бул көйгөй Кыргызстандын аталган өлкөлөр менен чектеш жайгашкан айылдары үчүн дагы кооптонуу жаратып жатканын айтып кабатыр болгон дыйкандар аз эмес.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн жылы Чүй облусунун Панфилов районунун дыйкандары зыянкеч чегирткелердин саны жылдан жылга көбөйүп, эгин талааларына олуттуу зыян келтирип жатканын билдиришкен эле.
Райондун Казакстан менен чектеш жайгашкан Фрунзе айыл өкмөтүнүн тургуну, дыйкан Алмаз Жапаралиевдин айтымында, аймакта зыянкечтер көйгөйү дале бар, бирок аларга каршы дарылоо иштери өз убагында жүрүп жатат.
"Кечээтен тарта дары чачуу иштери башталды. Эң башкысы чегирткелер толук учуп кеткенге чейин жетишип дарылоо иштерин баштадык. Бул абдан маанилүү",- деди Жапаралиев.
Аталган маселе боюнча район жетекчилиги менен байланышканыбызда, чегирткелерге каршы алдын алуу иштерин жүргүзүп талаада жүргөн экен. Район акиминин биринчи орун басары Максат Телекматов кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Быйыл жаз эрте келип, күн ыкчам ысып кетти. Мунун таасиринен чегирткелер адаттагыдан эрте пайда болду. Былтыркыга салыштырмалуу алардын саны көбүрөөк болуп жатат. Бизге телефон аркылуу да, WhatsApp топтору аркылуу да жарандар кайрылып жатышат. Жайыттарда да, дыйкандардын үлүш жерлеринде да чегирткелердин көбөйгөнү кабарланууда",- деди Телекматов.
Айтымында, жеке менчик үлүш жерлерди чегирткелерден тазалоону дыйкандар өздөрү жүргүзөт. Мамлекетке караган жерлерге жана жайыттарга дары чачуу иштерин жергиликтүү бийлик жыл сайын уюштурат.
"Учурда дары чачуу иштери активдүү жүрүп жатат. Зыянкечтер ар кайсы аймактардан улам-улам пайда болуп жатканы үчүн алар канча гектар жерге жайылганын азырынча так айта албайбыз. Зыянкечтер кайсы жерде пайда болсо, ошол жерге барып дарылоону улантып жатабыз. Мындай иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Чегирткелер чыга баштагандан тартып дароо чара көрүлөт",- деди ал.
Марокко жана Италия чегирткелери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Чүй облустарында зыяндуу чегирткелер пайда боло баштады. Мекеме алардын таралуу коркунучун азайтуу жана эгин аянттарын коргоо максатында ыкчам иштерди жүргүзүп жатканын айтат.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 46 миң 676 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 31 миң 580 гектар жер чегирткелерге каршы химиялык дарылоодон өттү.
"Айдоо аянттарына жеткирбей, жайыттарда дарылап жок кылуу аракетин көрүп жатабыз. Эгер убагында чара көрүлбөсө, зыянкечтер эгин талааларын каптап кетүү коркунучу жогору",- деди Өсүмдүктөрдү коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Салабат Мамбетакунов.
Айтымында, учурда республика боюнча чегирткелерге каршы күрөшүү иштерине 15 атайын техника жана 60 адис тартылган. Адистер зыянкечтер жайгашкан аймактарды аныктап, андан соң дароо химиялык дарылоо иштери жүргүзүүдө.
Кыргызстанда зыянкеч чегирткелердин негизги эки түрү бар. Бул Марокко жана Италия чегирткелери. Адистердин айтымында, алар өзгөчө кооптуу. Анткени үйүр-үйүр болуп жүрөт жана сугалак келет.
"Андыктан аларга каршы күрөшүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келет. Бул чегирткелерди личинка фазасында, башкача айтканда уча элек кезинде жок кылуу өтө маанилүү. Анткени бир айдын ичинде личинка имаго фазасына өтүп, канат байлап учуп чыгат. Андан кийин аларга каршы күрөшүү кыйыныраак болуп калат",- деп түшүндүрдү Мамбетакунов.
Чегирткелерге каршы колдонулган дары-дармектер өсүмдүктөргө зыян тийгизбейт. Бирок дарылоо жүргүзүлгөн жайыт жерлерге 15 күн аралыгында мал жайбай туруу сунушталат.
Климаттын өзгөрүүсү далай мүшкүлдү кошо алып келээрин айрым адистер эскертип келе жатышат. Алардын бири ушул сыяктуу зыянкечтер, жер которгон жаныбарлар жана башка. Сөз болуп жаткан чегирткелер массалык түрдө каптаган учурлар да болгон. Адатта алардын кескин көбөйүп кетиши мал-жан үчүн жутту пайда кылса, адамдар үчүн азык-түлүктүн тартыштыгына себеп болгон учурлар да болгон. Өткөн кылымдын ичинде эки ирет кара чегиртке катуу каптап, адыр-түздөгү шиберден бери мойсоп салганы эскерүүлөрдө дагы, чыгармаларда дагы баяндалат.








