Эки уламыш: Месси менен ымыркай Ламин Ямалдын сүрөттөрү
Джордж Райт, Би-Би-Си кабарлары

Сүрөттүн булагы, Joan Monfort/AP
2007-жылы жаш Лионель Месси кайрымдуулук календары үчүн фотосессияда Барселонадагы Камп Ноудагы кийим алмаштыруучу бөлмөдө ымыркай менен сүрөткө түшкөн.
20 жаштагы Мессинин ысмы сүрөткө түшкөнгө чейин эле белгилүү болуп калган, мезгил өтүп, ал бардык доордун эң атактуусу аталды.
Бирок фотограф сүрөттөгү ымыркай 17 жылга жетпеген мезгилден кийин эл аралык футболдо жаңылык жаратарын билген эмес.
Көрсө Месси жөн кишини эмес, Европа чемпионатында өзгөчөлөнгөн 16 жаштагы Ламин Ямалды жуунтуп жатыптыр.
Анын шейшемби күнү жарым финалда Францияга киргизген тобу мындан ары да ондогон жылдар бою айтылып калчу унутулгус окуяга айланды.
Өзүнүн 16 жаш 362 күндүк өмүрүндө ал турнирдин тарыхында атаандаштын дарбазасына топ киргизген эң жаш адам болуп калды.
Месси менен Ямалдын унутулуп калган бул сүрөтү өткөн аптада Ямалдын атасы аны Инстаграмга "Эки уламыштын башталышы" деген текст менен жайгаштыргандан кийин кайра пайда болду.

Сүрөттүн булагы, Joan Monfort/AP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сүрөттөрдү Associated Press агенттигинде штаттан тышкаркы фотограф болуп иштеген Жоан Монфорт тарткан.
Сүрөттөр ЮНИСЕФ Ламинанын үй-бүлөсү жашаган Матаро шаарында лотерея өткөргөндөн кийин тартылган, - деди ал.
"Алар "Камп Ноуда" Барсанын оюнчусу менен сүрөткө түшүү үчүн лотерея алышкан. Алар лотереяны утуп алышты", - деди Монфорт мырза Associated Press агенттигине.
Тапшырма оңой болгон жок,- дейт фотограф.
"Месси ичим тап жигит, уялчаак дагы мүнөзү бар" деди ал.
«Ал кийим алмаштыруучу жайдан чыгып келе жатып, күтүлбөгөн жерден башка кийим алмаштыруучу бөлмөдөн суусу толо пластик идиштин ичинде наристе бар экенин көрдү. Ымыркай менен сүрөткө түшүү Мессиге оной болгон жок. Башында ал аны кантип кармашты да билбеди».
Кээ бир сүрөттөрдө Ямалдын апасын көрүүгө болот.
Месси сыяктуу эле, Ямал дагы Барселонада ойноп, ал жерде клубдун тарыхындагы эң жаш оюнчу жана дарбазага топ киргизген оюнчу, ошондой эле Испания лигасынын эң жаш бомбардири болду.
Монфорт мырзанын айтымында сүрөт өткөн аптада Интернетте тездик менен тарай баштаганда гана ал баланын Ямал экенин түшүндү.
"Мындай сенсация жараткан окуяга тиешелүү экениңди билүү кимге болбосун жагымдуу" деди ал.
"Чынын айтсам, бул абдан жагымдуу сезим». (МА)












