Башкалар өлүп, эмнеге мен калдым деп ойлой берем: Нормандиядагы союздаштар десантына 80 жыл

Бейшемби күнү союздаштардын басып алган Нормандияга десант түшүргөнүнө 80 жыл толду. Бул окуя экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына дээрлик бир жыл калганда фашисттик Германияга каршы көптөн күткөн экинчи фронттун ачылышын даңазалоо болуп саналат.
Мааракелик иш-чараларга катышуу үчүн АКШнын президенти Жо Байден Францияга келди. Жакынкы күндөрү ал бир нече европалык лидер, анын ичинде Украинанын президенти Володимир Зеленский менен жолугушууну пландаштырууда.
Улуу Британияда Портсмут шаарында эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү, ал жерден 1944-жылы июнда Ла-Манш аркылуу дээрлик 160 миң аскерди өткөрүү башталган.
"[Бул адамдардын] туруктуулугу, эрдиги жана баатырдыгы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Биз үчүн бул шыктануунун булагы, улуу муунга канчалык карыздар экенибизди эсибизге салат", - деди Британиянын падышасы Чарльз III.
Падыша экинчи фронттун ачылышына англиялыктар гана эмес, башка отузга чукул өлкөнүн аскер кызматкерлери да катышкандыгын эске салды.
Советтик аскерлер нацисттерди жеңүүдө чечүүчү роль ойногонуна карабастан [алар Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда эң чоң жоготууларга учурашкан] иш-чарага Москванын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Британ падышасынын сөзү Портсмутта дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.
Сексен жыл мурун Ла-Манш аркылуу жолго чыккандардын арасында жаш Дональд Хокинс да болгон. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышын тылда өткөрүп, Букингемде касапчынын жардамчысы болуп иштеген. Бирок 1944-жылы май айында ыктыярдуу отрядга жазылып, "колунан келген жардамын берүү үчүн" фронтко кеткен.
Хокинс Мидлсекс полкунун аткычы болуп калды. Деңизге чыгуудан бираз мурда ал курал-жарактарды жана унааларды суу өткөрбөй тургандай кылып түшүүгө даярданууга буйрук алган.
"Францияга барабыз"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эдди Браун анда Королдук байланыш корпусунун диспетчери болуп иштеген.
"Түнкү саат экилерде баарын ойготуп, кетүүгө даярдангыла дешти. Бирок бизди кайда алып барарын эч ким билген эмес", - деп эскерет ал.
Сержант ага бир франк номиналындагы банкнотту бергенде гана Эдди Францияга барарын боолголоду.
Ал убакта нацисттер бир нече жылдан бери Европанын жээгинин көпчүлүк бөлүгүн коргоого активдүү даярдык көрө башташкан эле.
Гордон Прайм мен абдан коркуп кеттим дейт:
"Кайсыл бир деңгээлде коркуу сезимиңди көрсөтүү жолдошторуңду дүрбөлөңгө салууга барабар болчу. Бирок такыр эле коркпогондой түр көрсөтүү да жеткен акмакчылык болмок".
Түшүү белгиленген күнү таң эртең Гордон жолдоштору менен "Юнона" деген жашыруун аталыштагы десанттык кемеге түшүп, Нормандияны көздөй жөнөштү.
Ал жеткенде мотоцикл менен жээкке түшүп баратканын элестеткен эле, бирок аба десанттык бөлүгүнүн командиринин ага башка пландары бар болчу. Гордон кузовунда 750 кг динамит жана дээрлик бир тонна бензини бар үч тонналык жүк ташуучу унаанын рулуна отурууга буйрук алды.
"Согуш менин кулагымда дале жаңырып турат"
Сексен жылдык мааракеси белгиленип жаткан операциянын эң улгайган катышуучусу 104 жаштагы Персиваль Чейфер болуп калды.
"Сизге согушта кандай кыямат кайым болгонун элестетүү кыйын. Кудай анын бетин көрсөтпөсүн. Коркунучтуу үндөр... Чындыгында бул ызы-чууга качып бараткан аскер кызматкерлери себепкер болушту. Айрымдары колуна курал алып чуркаса, кээ бири жолдошторун табууга аракет кылып жатышты. Утуру кимдир бирөөнүн жакын эле жерде кулап баратканын көрөсүң. Жарадар же мүрт кеткенин да билбейсиң. Бирок ага көңүл бурбай, чуркап кете бересиң. Согуш деген ушундай болот",- деп эскерет ал.

Мэри Скотт Королдук деңиз флотунун Портсмуттагы Аялдар жардамчы кызматынын байланышчысы болгон. Портативдик радиостанцияны колдонуп Францияга операциянын жүрүшү жөнүндө акыркы кабарларды жөнөтүп, чачыранды отряддарды координациялоо үчүн командачылыктын буйруктарын берип турган:
"Мылтыктын үндөрү, пулеметтордун тырылдаганы, замбиректердин кулак жарган үнү, адамдардын кыйкырыгын гана угасың. Чындап эле таң калып, бул чындап эле согуш экенин түшүнөсүң. Мен согуштун үнүн ушинтип өз кулагым менен угам".
Ал кезде жыйырмага чыга элек Жорж Хорнер түндүк ирландиялык Королдук Ольстер аткычтар взводунун мүчөсү катары согушту өз көзү менен көргөн.
"Бир нече десанттык кемелер чөгүп кетти. Өрт басылган жок. Жээкке жетүү үчүн бизге 100-150 метр аралыкты сүзүп өтүүгө туура келди. Ошондо ойлонуп, бул жакка эки бутум, эки колум менен келгем, дал ушул турушумда бул жерден сүзүп кетишим керек дедим.
"Адамдар түз эле сууга түшүп кетип жатышты"
Фашисттер экинчи фронттун ачылышын айыгышкан коргонуу менен тосуп алышты. Десант түшүрүлгөн күнү эле союздаш аскерлер Нормандияда дээрлик 4500 жоокерин жоготкон. Дагы беш миңге жакыны жаракат алган.
Аскердик авиацияда шифр терүүчү болуп кызмат кылган Бернард Морган бул окуяны мындай эскерет:
"Жээкте ушунча көп жоокерлердин сөөгүн көрүү абдан оор болду. Буга чейин өлгөн адамдарды көргөн эмесмин. Бул жерде алар жөн эле сууга түшүп кетип жатышты. Ал жер терең болгондуктан жүгү оор жоокерлерди суу түбүнө тартып баратты. Көптөр жээкке жете алышпады".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Доналд Хокинс башын жерге салып, колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып оор үшкүрүп отурат. Ал азыр 103 жашта.
"Менин көптөгөн досторум жана жолдошторум күлгүн курагында набыт болушту, эмне үчүн кудай мага мынчалык узак өмүр берди деп кээде өзүмдөн сурап калам".












