Сириядагы жайкын тургундардын өлүмү: аль-Шараа күнөөлүүлөр жазаланарын убадалады

 Сирия

Сүрөттүн булагы, EPA

Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа карапайым элге сокку ургандарды жазалоону убада кылды. Анын билдирүүсү Сириянын коопсуздук күчтөрү алавиттер азчылыгына таандык жүздөгөн жайкын тургунду өлтүрдү деген айыптоолордон кийин айтылды.

Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия мониторинги (SOHR) деңиздин батыш жээгиндеги шаарларда жума жана ишемби күндөрү алавиттерге каршы отуздай кол салуу болуп, 973 жайкын тургун набыт болгонун билдирди.

Буга чейин байкоочулар окуядан улам 1300 киши каза тапты деп эсептешкен, анын ичинде 231 коопсуздук күчтөрүнүн аскери жана бийликтен кулатылган президент Башар Асадды колдогон 250 согушкер да бар.

Би-Би-Си бул маалыматтарды өз алдынча текшере алган жок.

Аль-Шараа Сириянын мамлекеттик телеканалында сүйлөгөн сөзүндө Асадга берилген күчтөрдү таап, жок кылууга убада берди.

"Бүгүн биз ушундай оор абалда турганда, дагы жаңы коркунуч чыга келди. Мурдагы режимдин калдыктары менен алардын чет элдик колдоочулары жаңы жаңжалды тутандырууга аракет кылып жатат. Алардын максаты бизди бөлүп-жаруу, биримдигибизди жана стабилдүүлүгүбүздү бузуу", - деди аль-Шараа.

"Кан төгүүгө катышкандардын баарын чечкиндүү жана аëосуз түрдө жоопко тартабыз. Мамлекеттин ыйгарым укуктарынан аша чаап же бийликти жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган адамдарды да ошондой тагдыр күтөт", - деди Сириянын лидери.

Буга чейин аль-Шараа карапайымга элге каршы жасалган мыйзам бузууларды иликтеп, күнөөлүүлөрдү таба турган "көз карандысыз жарандык комитет" түзөрүн жарыялаган.

 жол

Сүрөттүн булагы, Reuters

Алавиттер жашаган аймактарда эмне болуп жатат?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алавиттер жашаган аймактарда жүздөгөн киши үйлөрүн таштап кеткени кабарланууда.

Алавиттер шиит катары саналып, Сирия калкынын 10% жакынын түзөт. Ал эми сириялыктардын басымдуу бөлүгү суннит мусулмандарынан турат.

Бейшемби күнү Башар Асаддын режими менен байланышы бар куралчан адамдар менен кагылышууда Сириянын коопсуздук күчтөрүнүн ондон ашык аскери набыт болду. Бул тууралуу Syria TV телеканалы кабарлады.

Кагылышуу Латакиянын айланасындагы Жабла аймагында башталган.

SOHR уюмунун айтымында, акыркы эки күндө 1000ден ашуун адамдын өмүрү кыйылды, бул 2024-жылдын декабрында Сириядагы козголоңчулар Асадды бийликтен кулаткандан берки эң оор зомбулук болуп калды.

SOHR баяндамасына караганда, бул жаңжалда өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнүн 125ке жакын аскери жана Асадды колдогон 148 согушкер набыт болду.

Бир күн мурда сириялык 340 жайкын тургун коопсуздук күчтөрүнүн колунан набыт болгону кабарланган.

Сириянын Коргоо министрлиги SANA агенттигине кабарлагандай, коопсуздук кызматкерлерине жасалган "тымызын чабуулдардан" кийин өкмөт кайрадан көзөмөлдү колго алды.

"Зомбулук алавиттер коомчулугунун үрөйүн учурду. Жүздөгөн адам бул аймактардан качып кетишти", - деди активисттердин бири Би-Би-Сиге.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, чогулган эл Латакия провинциясындагы Орусиянын Хмеймим аскер базасында баш калкалаган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар да жазышууда.

Интернетке тарап кеткен видеолордо ондогон адам базанын сыртында туруп, "Эл Орусиянын коргоосун каалайт" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Андан сырткары жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ондогон үй-бүлө коңшу Ливанга качкан.

карта

БУУнун Сирия боюнча атайын элчиси Гейр Педерсен Сирияда "курман болгон жайкын тургундар тууралуу кооптуу кабарларга" терең тынчсызданып жатканын билдирди. Ал бардык тараптарды тынчтыкка чакырып, өлкөгө коркунуч келтире турган аракеттерден алыс болууга үндөдү.

Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа сириялыктарды улуттук биримдикке чакырды. Ал мечитте чыгып сүйлөдү.

SOHR башчысы Рами Абдулрахмандын айтымында, соңку окуялар жарандык согуш уланган он үч жылдан берки эң аëосуз зомбулук болуп калды. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, курман болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.

Тынчтыкты орнотуу максатында кандуу окуялар болгон аймактарга бара турган бардык жол жабылып, коопсуздук күчтөрү жайгаштырылганын жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлады.

Мыйзам бузууларды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн "өзгөчө кырдаал комитети" аскер башчыларынын буйругуна баш ийбегендерди дароо аскердик сотко жөнөтөрүн журналисттер маалымдады.

Зордук-зомбулуктун масштабы, анын ичинде бир айылда ондогон алавиттин өлтүрүлгөнү тууралуу кабарлар жаңы өкмөттүн Сирияны өнүктүрөбүз деген билдирүүсүнөн шек туудурат, деп билдирди Reuters.

Ишемби күнү Сириядагы Фейсбук колдонуучулары курман болгон адамдардын сүрөттөрүн жана некрологдорун бөлүшүп, аларды жоктогон билдирүүлөрдү жазышты.

жол

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуя кантип башталды?

SOHR маалыматына караганда, Асаддын режимин колдогон согушкерлер магистралдын биринде бара жаткан аскер колоннаны буктурмага алышкан, ошондой эле жээктеги аймактарда жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттарына жана куралдуу күчтөрдүн штабдарына кол салышкан.

Коопсуздук кызматынын Латакиядагы өкүлү Мустафа Кнейфати "жакшы пландалган жана атайылап жасалган чабуул" менен алардын позицияларына кол салганын, анын кесепетинен "көптөгөн аскер өлгөнүн" жана жарадар болгонун айтты.

"Биз аймактагы стабилдүүлүктү калыбына келтиребиз жана элибиздин мүлкүн коргойбуз", - деген Мустафа Кнейфатинин сөзүн АFP агенттиги жазып чыкты.

Уюмдун маалыматына караганда, Асаддын куралдуу тарапкерлери Латакиянын тоолорунда жана Жабле шаарында жашынып жүрөт. Алардын санын так айтуу мүмкүн эмес.

Убактылуу өкмөттүн Коргоо министрлигинин өкүлү Хасан Гани Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу Асаддын тарапкерлерине кайрылуу жолдогон эле:

"Миңдеген киши куралын таштап, үй-бүлөсүнө кайтууну чечти, кээ бирлери кылмышкерлерди колдоп, бизден качып, өлүмгө моюн сунууда. Тандоо бар, же куралыңды ташта же белгисиз тагдырды танда". (JK)