Баканын эмбриондорун АКШга мыйзамсыз алып келген орус биологу 20 жылга камалышы мүмкүн

Петрова

Сүрөттүн булагы, @coraedga_ / Instagram

АКШнын Юстиция министрлиги Гарвард медициналык мектебинин илимий кызматкери Ксения Петровага карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Петрова Франциядан бака эмбриондорунун үлгүлөрүн АКШга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылганы айтылууда. Ал жыйырма жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орус жараны ушул жылдын 16-февралында эле кармалган. The Harvard Crimson басылмасынын маалыматы боюнча, АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы (ICE) Ксения Петрованы кармаган учурда ага тандоо мүмкүнчүлүгүн берген. Ал Францияга кайтып, кайрадан визага тапшырышы керек эле же болбосо Орусияга депортацияланып, беш жылга чейин Америкага кирүү укугунан ажыратылмак.

Петрова Украинадагы согуш башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен. Ал мекенине кайтуудан кооптонуп келет, анткени Петрованын саясий билдирүүлөрү анын өз мекенинде камалып кетишине себеп болушу мүмкүн. Ал буга чейин согушту айыптаган митингдерге катышып, коомдук сайттарда бийликтин согуштук аракеттерин сындаган.

Петрова Францияга кайтууну чечкен. Анын адвокатынын айтымында, ал ошол жерден кармалып, визасы жокко чыгарылып, алгач Вермонт штатындагы, андан кийин Луизианадагы депортация абагына жөнөтүлгөн.

Петрованын жактоочулары, кесиптештери жана достору бул эреже бузуу үчүн ал болгону айып пул менен гана кутулуп чыкмак. Бирок ага каршы кылмыш иши козголгону азыр гана белгилүү болду.

Ксения Петрова (оңдо) кесиптеши Кора Андерсон менен (солдо)

Сүрөттүн булагы, @coraedga_ / Instagram

АКШ бийлигинин позициясы

АКШнын Юстиция министрлиги Ксения Петровага аткезчиликке байланыштуу кылмыш иши козголгонун, азыр сот иши жүрүп жатканын билдирди. Мыйзам боюнча жыйырма жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле 250 миң долларга чейин айып пул салуу каралган.

Министрликтин маалыматында жазылгандай, аэропорттогу кызматтык ит Петрованын сумкасынан тыюу салынган буюмдарды таап чыккан.

Кызматкерлер анын сумкасынан "микроцентрифугалардагы бака эмбриондору бар кутуну" жана "боелгон айнекчелерде эмбриондордун үлгүлөрүн" табышкан.

Расмий маалыматка ылайык, башында Петрова багажда биологиялык материал бар экенин четке каккан, бирок кайра андай заттар болушу мүмкүн деп айткан.

Сурак учурунда Петрова АКШга кирүүдө биологиялык материалдарды бажы декларациясынан өткөрүү керектиги тууралуу толук билбегенин сөз кылган.

Юстиция министрлиги болсо Петрова бажы декларациясы тууралуу билген деп айтып жатат. Себеби бул тууралуу Петрованын кесиптештери дагы эскерткенин, онлайн-чатта ал бул тууралуу сүйлөшкөнүн жүйөө келтирүүдө.

"Азырынча так планым жок. Мен аларды [биологиялык материалдарды] жутуп ала албайм", – деп кесиптештерине тамашалап жооп бергенин дагы расмий маалытта белгилешкен.

окуя

Сүрөттүн булагы, U.S. Immigration and Customs Enforcement via Getty Images

Ксения Петрова деген ким?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ксения Петрова отуз бир жашта. Анын үй-бүлөсүн жакындан тааныган Владимир Мазин аттуу адамдын The New York Times гезитине билдиргенине караганда, Петрова инженерлердин үй-бүлөсүндө чоңойгон, апасы радиобайланыш боюнча адис, атасы программист болуп эмгектенген.

Америкага көчүп келгенге чейин Москвадагы генетикалык биология институтунда жана Москва генетика борборунда иштегени Юстиция министрлигинин пресс-релизинде айтылат.

Орусиядан кеткенден кийин Гарварддын Киршнер лабораториясында системалык биология бөлүмүндө эмгектене баштаган. Ал жерде клеткалардын жашаруу процессин изилдеген.

Петрова Францияга отпуск үчүн келгени айтылат. Пианист Андраш Шиффтин концертин көрүп, Орусиядан келген достору менен жолугушууну пландаган. Парижде жайгашкан бака эмбриондорун өтө жука бөлүккө кесүүгө адистешкен лабораторияга барып, үлгүлөрдү ошол жактан алган.

Баканын үлгүлөрүн Америкага алып келүүнү Петрованын Гарварддагы илимий жетекчиси, системалык биология бөлүмүнүн илимий кызматкери Леон Пешкин суранган. The New York Times жазгандай, биологиялык материалдарды почта аркылуу жеткирүү мүмкүн эмес эле.

"Бул эмбриондор уулуу зат эмес, коркунуч дагы, жугуштуу оору дагы алып келбейт, ошон үчүн мен аларды АКШга алып келүүдө эч кандай кыйынчылык жаралбайт деп ойлогом. Мен АКШнын бажы документтеринин талаптарын карап чыгышым керек болчу. Бирок илимпоз катары менин негизги көздөгөнүм экспериментти улантуу үчүн үлгүлөр бузулуп кеткенге чейин лабораторияга жеткирүү эле", – деп Петрова билдирген.

Анын жактоочуларынын айтымында, бажы декларациясынын эрежесин бузганы үчүн Петровага 500 долларга чейин айып пул салынып, декларацияланбаган буюмду конфискациялоо менен чектелиши керек эле. Алар Петрованын визасын жокко чыгарууга Бажы кызматынын укугу жок экенин айтып нааразы болушууда.

Петровага карата кылмыш иши козголгону 14-майда гана белгилүү болду. Бул тууралуу анын жакындары сот отурумуна кирээр алдында ABC News телеканалына билдиришти. Эми 28-майда бөгөт чарасы каралып, анын күрөө менен үй камагына чыгышы күтүлүүдө.

Петровага айып тагылгандан кийин аны федералдык түрмөгө которушкан. Анын адвокаты Григорий Романовскийдин айтымында, Петровага карата козголгон кылмыш иши "негизсиз".