Мьянмадагы зилзалада набыт болгондордун саны эки миңден ашты

куткаруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мьянмадагы зилзалада набыт болгондордун саны эки миңден ашты. Аскердик хунта бийлигинин маалыматы боюнча, төрт миңдей киши ар кандай жаракат алган, ошондой эле 270 кишинин дайыны чыкпай жатат. Ушул тапта куткаруучулар урандылардын алдында тирүү калган кишилерди издөө менен алектенүүдө.

Буга чейин Мьянмадагы куткаруучулар урандылар алдында калган төрт кишини аман-эсен куткарганын кабарлаган. Бул кишилер Сагайн аймагында ураган мектеп имаратынын алдында калган эле.

Ал жакта каза болгон кишилердин да сөөгү табылганын Өрт өчүрүү кызматы билдирди. Өкмөт каза болгондор менен жаракат алгандардын саны дагы да өсүшү мүмкүн экенин айтууда.

Би-Би-Си Бирма кызматына маалымат берген дарыгер ооруканалар бейтаптарга толуп, врачтар менен медайымдар жетишсиз болуп жатканын кабарлады.

Эл аралык гуманитардык жардам өлкөгө жөнөтүлө баштаганы менен, алыскы аймактарга жеткирүү кыйынчылык жаратууда.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлүнүн айтымында, аргасыздан жер которгон миңдеген киши тамак-аш, дары-дармек жана баш калкалоочу жайга муктаж болуп турат.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Мандалайда мектеп мугалими Би-Би-Сиге маек берип, эч кандай гуманитардык жардамды көрө электигин айтты.

Сөөктөрдүн көбү дагы деле урандылардын астында жаткандыктан кыйраган имараттардын айланасы жагымсыз жыттанып турат.

Борбордук Мьянмада куткаруучулардын керектүү шаймандары жетишсиз болуп жатат. Электр менен уюлдук байланыштын үзгүлтүккө учурашы, талкаланган жолдор менен көпүрөлөр да куткаруу иштерин оорлотту.

Жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр Мандалайда урап түшкөн көп кабаттуу үйдөн 29 киши куткарылганын билдирди.

Жекшембиде Мандалайдын түндүк-батышында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө дагы катталды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшембиде Мандалайдын түндүк-батышында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө дагы катталды

USGS маалыматы боюнча, катуу жер силкинүү Мьянманын борборунда жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:50 чамасында катталган. Экинчи жер титирөө болжол менен 12 мүнөттөн кийин кайталанып, күчү 6,4 баллга жетти.

Жекшембиде Мандалайдын түндүк-батышында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө дагы катталды.

Бангкокто курулушу бүтө элек көп кабаттуу турак-жай түп орду менен урап түшүп, имаратта иштеп жаткан ондогон кишини басып калды.

Таиланддын вице-премьер-министри Анутин Чарнвиракул жекшемби күнү өзгөчө кырдаал тууралуу кабар берип, урандылардын астында тирүү калган кишилер бар экенин, бирок аларды куткарып калуу абдан кыйын болуп жатканын айтты.

Таиланддын өнөр жай министри Аканат Промпхан журналисттерге маалымат берип, имараттын курулушунда колдонулган болоттон "өзгөчө белгилер" табылганын жана анализ үчүн үлгү алынганын кабарлады.

 карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мьянмага ар кайсы өлкөлөрдөн куткаруучулар келип жатат. Буга чейин Кытайдан 82 кишиден турган куткаруучу топ келди, Гонконгдон элүүдөй куткаруучу жөнөтүлдү. Андан тышкары куткаруу тобун жана керектүү буюмдарды ташыган учак Индиядан барды.

Малайзиянын Тышкы иштер министрлиги элүү куткаруучуну жөнөтө турганын билдирди.

Филиппин, Вьетнам, Индонезия, Ирландия, Түштүк Корея, Орусия, Жаңы Зеландия жана АКШ дагы куткаруу топторун жөнөтүүдө.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми "муктаж болгондорго" жардам берүү үчүн 10 миллион фунт стерлинг убада кылды.

Мьянманын аскердик хунта бийлиги Сагайн, Мандалай, Бого жана Магвей аймактарында, ошондой эле борбор калаа Нейпьидодо өзгөчө кырдаал жарыялады.

Хунта лидери Мин Аун Хлайн эл аралык коомчулуктан жардам сурады:

"Жардам колун сунган каалаган өлкөнү, каалаган уюмду, каалаган кишини чакырууга даярбыз. Чет өлкөлүк жардам үчүн эшигибиз ачык".

Ошол эле учурда Мьянма армиясы жарандык согуш уланып жаткан аймактарды бомбалоону улантууда. БУУ бул чабуулдарды айыптады.

Аскердик режим 2021-жылы төңкөрүш уюштуруп, бийликти басып алган, бирок өлкөдө козголоңчу топтор көзөмөлдөгөн аймактар да бар.