"Балам аман-эсен Кыргызстанга кайтып келсе". АКШда камалган мигранттын жакындары бийликке кайрылды

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Өткөн аптада АКШда кыргызстандык Бекжан Бейшекеев жүк ташуучу унаасы менен жүргүнчү ташыган машинени сүзүп алып, төрт адамдын өмүрү кыйылганы кабарланган. Кырсык тууралуу маалыматты Ак үй да таратып, Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграция менен күрөштү жөн жеринен жүргүзүлүп жатпаганын белгилеген. 30 жаштагы Бекжандын жакындары иликтөөнүн калыс өтүшүн жана кыргыз жаранынын чет жакта корголушун суранып, бийликке кайрылууда.

Уулунан кабар ала албай, кайгыга батып турган ата көз жашын аарчып, аргасыз мамлекетке, элге кайрылды.
"Бекжандын кичинекейинен Америкага барып келем деген кыялы бар эле. Ошол кыялы аткарылды деп сүйүнүп отурсак, капыстан кырсыктап калды. Бекжан уулумдун ушундай жакшынакай тилектери бар эле. Абдан тырышчаак, эмгекчил, тартиптүү балам бар. Мындай кырсыкты башканын башына бербесин. Бул биз үчүн абдан оор болуп жатат. Энеси да кыйналып, ыйлай берип, үнү да чыкпай калды. Баламдан кабар ала албай жатабыз, менин кандай акыбалда болгонумду ата-энелер жакшы түшүнсө керек. Урматтуу элчилик, Тышкы иштер министрлиги менин уулумдун ишин көзөмөлгө алып коюңуздар. Урматтуу элим, балам үчүн дуба кылып коюңуздар, бул дагы Кудайдын бир сыноосу. Бекжан уулумдун аман-эсен Кыргызстанга кайтып келишин каалайм",-деди Бекжандын атасы Радик Бейшеке уулу.
Бекжандын агасы Руслан Бейшекеев каза болгон төрт америкалыктын жакындарына көңүл айтып, адам өмүрү биринчи орунда турарын баса белгиледи. Ошондой эле кырсыктын себептери калыс иликтенип, мамлекет бул ишти көзөмөлүнө алса деп ниет кылат.

"Америка Кошмо штаттарында болуп өткөн кырсыкта курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Адам өмүрү биринчи орунда турат. Иним трак айдаганга чейин жарым жылдай пикап айдаптыр. Ал иштеген компаниядагылар буга чейин бир дагы мыйзам бузуу болбогонун айтып жатышат. Жарым жыл пикап айдагандан кийин гана тракка отуруптур. Анан акыркы үч күндө Бекжан иним 600 миль эле жүрүптүр. Окуя да күндүз болгон. Уктап кетти деген пикирлер айтылып жатат, уктап кеткидей чарчаган да эмес экен. 600 миль айдаганда чарчагыдай болбойт деп жатышат. Америкага барып иштеп келип, Кыргызстандын айыл чарбасына салым кошом деген максаттары бар. Өзү чечкиндүү, кылам дегенин кылган, аракетчил, ак көңүл, патриот жигит. Иним АКШдагы Республикачылар менен Демократтар партияларынын ортосунда саясий курмандык болуп калды. Мындан улам окуя мамлекеттик деңгээлге чейин чыгып кетиптир. Ошого биз да мамлекеттен, Тышкы иштер министрлигинен жардам сурайт элек. Бул кырсык бир тараптуу болуп чечилип калбасын. Алдында бараткан унаа да катуу тормозун басып жиберген деген башка версиялары да айтылып жатат, ошолорду так иликтеп беришсе",-деди Руслан Бейшекеев.
Бекжан Кыргызстанга жакында келем деп жаткан экен. Анын эжесинин айтуусунда, мекенине кайтып келип, айыл чарба тармагында ишкер болом деген кыялдары болгон.

"Күтүлбөгөн кырсык болуп кетти, урматтуу кыргыз элим. Бирөөнүн башына келбесин. Кырсыктаган төрт адамдын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз, кечирим сурайбыз үй-бүлөбүздүн атынан. Америкага кеткенине эки жылдан ашкан. Аябай көп максат менен кеткен. Ошол окуя болгон күнү сүйлөшкөнбүз, жакында келем деп жаткан. Биздин балдарыбызга, инилерине-бөбөктөрүнө аябай жакшы акыл-насааттарын айтчу. Окугула, билим алгыла, англис тилин үйрөнгүлө деп турчу. Балдардын англис тили курстарын төлөп, менин кызыма ноутбук алып берген. Окугула, байлыкка кызыкпагыла дечү. Өзү аябай жакшы, боорукер, адамгерчиликтуу бала. Техникаларга абдан кызыкчу, бизге видео менен чалганда көрсөтүп, ушундай техникаларды айылга алып барам, элиме жараган кыйын ишкер болом дечү. Ошол жол эрежеси боюнча эле келатыптыр биздин укканыбыз боюнча. Астындагы машиналар эмне себептен тормозду басканын, эмне себептен кырсык болгонун так иликтеп, инимди аман-эсен Кыргызстанга, биздин жаныбызга алып келип беришиңиздерди суранабыз. Бекжандын ата-энеси чоң кайгыга батып, апабыз эч ким менен сүйлөшө албай жатат",- деди Бекжандын эжеси Наргиз Бейшекеева.
АКШда Бекжан менен чогуу турган, жакын досу кырсык болгон жерде Бекжан жабыркагандарды унаадан өзү алып чыгып, куткарганга аракет кылганын айтты.
"Эмгекти жакшы көргөн, жумуштан качпаган бала болчу. Буга чейин АКШда эле эмес, Кыргызстанда дагы жол эрежесин бузуп, чоң штраф алган эмес. Америкада да мыйзамга каршы иш жасаган эмес. Авария болгондон кийин жабыркаган кишилерди унаадан өзү алып чыгыптыр, куткарганга аракет кылыптыр",-деди Бекжандын дос баласы.
ТИМ Бекжан менен телефон аркылуу сүйлөштү
Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бейшекеевдин жакындары менен жолугушуу өткөрүп, ага телефон аркылуу консультация берилгенин маалымдады.
"Министрликте жараныбыздын туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Ошол эле учурда Чикаго шаарындагы башкы консулдугубуз тарабынан жараныбыздын өзү менен байланыш түзүлүп, телефон аркылуу консулдук, укуктук консультация өткөрүлдү жана андан ары эмне кылуусу керектиги тууралуу тиешелүү сунуштар берилди",-деди ТИМдин басма сөз катчысы Азамат Кайбалиев.
Кайбалиев "жаран кармалып турган акыркы жай такталган соң" консулдуктун өкүлдөрү аны менен жолугушуу уюштурууну пландап жатканын кошумчалады.
Эмне үчүн кыргыз мигрантынын бул окуясы саясатташып кетти?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Америкада бир топ жылдан бери эмгектенип келаткан кыргызстандык трак айдоочу (Коопсуздук үчүн атын атабоону суранды) бул кырдаал Трамптын администрациясы үчүн бир курал болуп жатат деген ойдо. Анын айтымында, мындай жол кырсыктары АКШда күн алыс эле болуп турат.
"Бул маселени Трамптын бийлиги бетке кармап, чуу жаратып жатат. Анткени Трамптын иммиграциялык саясаты Конгресстин каршылыгына учурап, коомдун кыжырын келтирип жаткан. Минеаполистеги эки жарандын өлтүрүлүшүнөн улам Конгресс менен президенттин ортосунда тиреш жаралып, шатдаун болуп, өкмөт иштебей калган. Трамптын администрациясы: "мына, көрдүңөрбү, Байдендин убагындагы келген мигранттар коркунуч жаратып жатат, ошондуктан биздин иммиграциялык саясат туура" деп, ушуну бетке кармап, ызы чуу жаратып жатышат. Америкада күн алыс эле оор кырсыктар катталып турат. Кечээ эле мен жолдон көрдүм, эки чоң трак кагышып, жеңил унаа да катышыптыр, жолдо турат. Анан жолду беш саатка жаап коюшту. Мындай окуялар көп болот. Эми мунун кесепети мигранттар үчүн, айрыкча кыргызстандыктар үчүн өтө эле оор болушу мүмкүн. Ал бала иштеген компания Америкадагы эн чоң ири трак компаниялардын бири болчу, жаңылбасам 300-400 трагы болсо керек эле. Аларды катуу текшерүүгө алышыптыр, анын артынан башка компаниялар да текшерүүгө даяр болуп жатышат",-деди атын атагысы келбеген АКШдагы кыргызстандык.
Бекжанды эми эмне күтөт? Юристтин жообу

Кошмо Штаттардын Иммиграция жана бажы полициясы билдиргендей, 3-февралда кыргызстандык Бекжан Бейшекеев 18 дөңгөлөктүү трагын чукул буруп, каршы тараптан келаткан унааны сүзгөн. Жыйынтыгында экинчи унаадагы төрт америкалык каза тапкан. Индиана штатынын полициясы бул кырсыкты иликтеп жатат.
Иммиграция жана бажы кызматы Бейшекеевди камакка алганын жана ал иммиграциялык процесстер аяктаганга чейин Форт-Уэйндеги ICE'тын кармоочу жайында болорун жазды.
Би-Би-Си АКШда бир нече жылдан бери эмгектенип жүргөн юрист Манас Муратбековдон Бекжандын тагдыры эми кандай болушу мүмкүн экендигин сурап көрдү.
"Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы АКШнын аймагында болгондуктан, айдоочу окуя болгон штаттын мыйзамдары боюнча (бул учурда — Индиана штаты) кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Айдоочунун жарандыгы же иммиграциялык макамы аны жоопкерчиликтен бошотпойт. Кылмыш иши штаттык сотто каралат. Айыптоонун квалификациясына жараша (байкабастыктан адам өлтүрүү, коркунучтуу айдоо натыйжасында өлүм, ж.б.) айдоочуга ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы коркунучу бар. Мындан тышкары, иммиграциялык өндүрүш өзүнчө жүргүзүлөт. Эгер айдоочу АКШда мыйзамсыз жүргөнү жана оор кылмыш үчүн соттолгону тастыкталса, бул АКШнын Иммиграция жана жарандык жөнүндө мыйзамынын §237(a)(2) беренесине ылайык депортациялоого түз негиз болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда депортация кылмыш иши толук аяктап, жаза өтөлгөндөн кийин жүргүзүлөт",-деди юрист Муратбеков.
Юрист экстрадициялоо маселеси боюнча да суроого жооп берди.
"Бул учурда экстрадиция мыйзам боюнча колдонулбайт.
Экстрадиция адам кылмыш жасаган мамлекеттин аймагынан тышкары жерде жүргөн учурда колдонулат. Бул жагдайда кылмыш АКШда жасалган, айыпталуучу АКШнын аймагында кармалган жана АКШ соттору негизги юрисдикцияга ээ",-деди Манас Муратбеков.
Индиана штатында кыргыз жаранынын катышуусунда жүз берген кырсык Кошмо Штаттар миграциялык эрежелерди катаалдаштырып жаткан учурга туш келди.
Былтыр 26-сентябрда Американын Транспорт министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) алуу үчүн чет элдик жарандарга талапты күчөткөн. Жаңы чектөөгө ылайык, тракты АКШнын жараны, же грин-картанын ээси, же тийиштүү федералдык текшерүүлөрдөн өткөн белгилүү бир визанын түрлөрүнө ээ иммигрант гана айдай алат.





























