"Чыныгы баатыр". Сиднейде кол салган кишиден куралды тартып алган адам ким?

Сүрөттүн булагы, video
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Сиднейде мөмө-жемиш саткан дүкөндүн ээси операциядан кийин ооруканада дарыланып жатканын анын үй-бүлөсү билдирди. Ал Бонди-Бичте 15 адамдын өмүрүн алган ок атышуу учурунда кол салгандардын биринен куралын тартып алып, далысынан жана колунан жараат алган.
Социалдык медиага чыккан видеодон 43 жаштагы Ахмед ал-Ахмед токтоп турган автоунаалардын артынан бекинип келип, ок аткан адамдын куралын тартып алып, аны жерге жыкканын көрүүгө болот. Австралиянын полициясы кол салган эки киши адамдарга кайсы курал менен ок атышканын тактаган жок.
Полиция дүйшөмбү күнү Сиднейдеги атактуу Бонди-Бич пляжындагы сейил бакта жөөттөрдүн Ханука майрамын белгилеп жаткандарга 50 жаштагы киши жана анын 24 жаштагы уулу кол салганын билдирди. Кол салууда 15 киши каза болду, ал эми ок ачкан атасы окуя болгон жерде каза таап, баласы оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул өлкөдө акыркы 30 жылдагы эң ири жапырт адам өлтүрүү болуп калды.
43 жаштагы Ал-Ахмед – жемиш дүкөнүнүн ээси жана эки баланын атасы. Азыр ага операция жасалып, ооруканада жатат. Анын далысына жана колуна ок тийген.
Анын аталаш тууганы Мустафа 7News Australia телеканалына билдиргендей, дарыгерлер операциядан кийин Ахмед Ал-Ахмеддин абалы туруктуу экенин айтышкан.
"Ал баатыр, ал 100 пайыз баатыр, - деди Мустафа. – Ал азыр ооруканада жана абалы кандай экенин так билбейбиз, бирок ал сакайып кетет деп үмүттөнөбүз. Мен аны кечээ кечинде көрүп чыктым. Абалы жакшы болчу, бирок дарыгер эмне деп айтарын күтүп жатабыз".
Чет өлкөдө да, өлкөнүн ичинде да лидерлерден ыраазычылык сөздөрү келүүдө. АКШнын президенти Дональд Трамп ал-Ахмедди көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган "абдан эр жүрөк адам" деп атады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сиднейде жайгашкан Жаңы Түштүк Уэльс штатынын премьер-министри Крис Миннс аны "чыныгы баатыр" деп атап, анын видеосу "укмуштуудай сцена" болгонун айтты.
GoFundMe өнөктүгү түзүлүп, ал-Ахмедге жардам берүү үчүн бир нече сааттын ичинде 200 миңден ашык австралиялык доллардан ашык (133 долларга жакын) каражат топтолду. Эң ири донор миллиардер Билл Экман болду, ал 99 999 австралиялык долларды которуп, X соцтармагындагы аккаунтунда каражат чогултула баштаганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Ок атышуу миңден ашуун адам катышкан Ханукканы майрамдоо учурунда болду. Полиция кол салууну жөөт коомчулугун бутага алган террордук акт деп атады.
Ал-Ахмеддин кийлигишүүсү түшүп калган тасмалар интернетте кеңири жайылып жатат. Анда кол салгандардын бири чакан көпүрөнүн жанындагы пальма дарагынын артында туруп, мээлеп, ок атып жатканын көрүүгө болот. Токтоп турган автоунаанын артына жашынган Ал-Ахмед кол салган адамды көздөй чуркап жетип, аны жерге жыгып, куралын таштоого мажбурлаган.
Ушундан кийин ал-Ахмед куралды жерден алып, кол салган адамга каратканда, ал кетенчиктей басып көпүрөнү көздөй чегине баштаган. Андан соң мөмө-жемиш дүкөнүнүн ээси куралды жерге таштап, бир колун көтөрүп, полицияга ок аткандардын бири болбогонун көрсөткөн. Көп өтпөй видеодон ошол эле кол салган адам көпүрөдөн көрүнүп, башка куралды колуна алып, кайрадан ок атып жатканын көрүүгө болот. Бул маалда дагы бир куралчан адам көпүрөдөн ок атууну уланта берди.
"Бул адам чыныгы баатыр жана анын эрдиги бүгүн көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калганынан эч кандай күмөнүм жок", - деди премьер-министр.
"Бүгүн биз австралиялыктардын башкаларга жардам берүү үчүн өз жанын да аябастыгын көрдүк. Бул австралиялыктар баатырлар жана алардын эрдиги адамдардын өмүрүн сактап калды", - деп кошумчалады Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе. (ZMa)
Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.












