Гарвардка кабыл алууда расалык тандоого тыюу салынды
АКШнын Жогорку Соту университеттерге кабыл алууда расалык факторго караганга тыюу салды. Бул ондогон жылдардан бери келаткан практиканы токтотуп, америкалык жогорку билим берүүдө жаңы доордун башталышы болуп калмакчы деп кабарлады Bloomberg.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жогорку Соттун судьялары Гарвард коллежинин жана Түндүк Каролина университетинин программалары Конституциянын теңчилик окуу жөнундө пунктун бузууда деген тыянакка келишти. Башкы судья Жон Робертс программалар университеттик шаарчада ар түрдүүлүктү камсыз кылышы керек деген тезисти четке какты.
Изилдөөлөргө караганда, АКШдагы университеттер абитуриентти кабыл алып жатканда анын кандай расада экенин карап эске алышат. Ошол эле убакта АКШнын тогуз штатында, анын ичинде Калифорния менен Флорида мамлекеттик жогорку окуу жайларында мындай практикага тыюу салышат.
Ошол эле убакта, Bloomberg жазгандай, АКШнын Жогорку Сотунун чечими аскердик академияларга тапшырууда расаны эске алуу мүмкүнчүлүгүн калтырды. Анткени Байдендин администрациясы АКШнын куралдуу күчтөрүнө «расалык аралаш офицердик корпус» керек деп талап кылууда.
Көп жылдар бою расалык тандоого каршы чыккандар соттордон адилеттик издеп келишти. Бул процесстердин көбүн «Студенттер акыйкат кабыл алууну колдойт» деген башында мурдагы биржалык маклер Эд Блюм турган уюм колдоп келди.
Алар, мисалы, Гарвард абитуриенттерди кабыл алууда азия тектүү америкалыктардын укугун басмырлап, аларга кээ бир критерийлер боюнча (мисалы лидерлик) баллды азайтып, ал эми афроамерикалыктар менен латынамерикалыктарга көбүрөөк жан тартууда деп нааразы болушкан.
Гарварддын жетекчилиги бул айыптоолорду четке кагып, азия тектүү абитуриенттерди укугун бузбай, «жогорку атаандаштагы талапкерлерди» тандап кабыл алып жатканын билдирген.
Жогорку Соттун бул чечими жогорку окуу жайларына кабыл алуу процессин радикалдуу түрдө өзгөртөт дейт эксперттер. Алардын баамында, бул афроамерикалык студенттердин кескин азайышына алып келиши мүмкүн. Мисалы, Мичиган университетинде так ушундай көрүнүш болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images












