Абактагы ажал. Арстан Алайдын сырдуу окуясы

Кыргызстанда бөтөнчө сөздөрү менен элге таанымал болуп калган Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) Молдовановка айылындагы №31 түрмөдө сырдуу жагдайда каза болду. Жаза аткаруу кызматы Абдылдаевдин жансыз денеси 5-январда эртең менен түрмөнүн ашканасында асылган абалда табылганын билдирди.

Арстан Алай

Сүрөттүн булагы, social media

Арстан Алай мындан үч апта мурда диний кастыкты козутуу фактысы боюнча кармалган.

Жаза аткаруу кызматы 28-декабрда Арстан Алайга “инсандын такталбаган психиатрикалык бузулушу, галлюцинация” деген диагноз коюлуп, анын №1 тергөө абагынан дарылоо мекемесине которулганын билдирүүдө.

Мурда кургак учук менен ооруган соттолуучулар дарыланган №31 түзөтүү мекемеси №47 абак бузулгандан кийин Жаза аткаруу кызматынын башкы дарылоо мекемеси катары иштеп жаткан.

29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы, аш казаны, кулагы ооруп жатканын айтып, дарыгерге кайрылганы кабарланды.

“5-январь күнү саат 04:52 чамасында айыпталуучу Абдылдаев мекеменин ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин асылган абалда табылды”, – деп жазылат ЖАКтын билдирүүсүндө.

Сөөккө кароо жүргүзүү учурунда эч кандай жаракат табылган эмес.

Арстан Алайдын абактагы өлүмүн анын жактоочусу Кайсын Абакиров күч органдарынын мыйзамсыз аша чапкан аракеттеринин кесепети деп атады:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Ишти УКМК тергеп атканына карабай, анчалык оор эмес кылмыш үчүн тергөөчү тергөө абагына камоону суранып, Октябрь районунун тергөө судьясы, Бишкек шаардык сотунун судьялары акырын “бул көзөмөлдөгү иш да” деп тергөөчүнү угуп койгону ушундай кесепетке алып келди. Мен анын коопсуздугун камсыз кылгыла деп СИЗОнун жетекчилигине бир канча ирет жазуу жүзүндө кайрылганыма карабай ушундай болду”.

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев Арстан Алайдын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталганын, эч кандай жаап-жашыруу болбой турганын Би-Би-Сиге билдирди:

"Иликтөөнүн жана экспертизанын кортундусунун негизинде толук маалымат беребиз. Эч кандай жаап-жашыруу болбойт. Азыр кандайдыр бир жыйынтыктарды айтууга эрте".

Арстан Алайдын абакта каза тапканы тууралуу кабарлар жаңы жылдын алдында социалдык тармактарга дагы жарыяланганын айта кетели.

Айтмакчы, түрмөдө адам каза тапкан башка окуялар да белгилүү. 2022-жылы саясий эксперт Марат Казакбаев түрмөдөн ооруп, ооруканага которулганда комадан чыкпай каза болгон. 2023-жылы Дөө Чыңгыз деген каймана ат менен белгилүү Жумагулов камерада бычакталып өлтүрүлгөн болчу.

“Ден соолугу боюнча даттанган эмес”

Алгач Арстан Алайдын абактагы өлүмү тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров айтып чыкты. Абакиров Би-Би-Сиге Арстан Алай менен 27-декабрь күнү бетме бет көрүшкөнүн айтты:

"Ден соолугу боюнча эч кандай даттануу айткан эмес. 28-декабрь күнү №31 абакка которушуптур, бул тууралуу мага да, туугандарына да маалымат берилген эмес. Ал тургай тергөөчүнүн да маалыматы жок экен”.

Арстан Алай тарабынан Кыйноолорду алдын алуу борборуна арыз- даттануу түшкөн эмес.

"Аны менен жолугууга негиз жок болгондуктан жалпы көзөмөлдө болуп турган. Бирок биз аны жаңы жалдын алдында №31 дарылоо мекемесине которуп кетишкенин байкабай калыппыз",-деди борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Би-би-Сиге.

Свердлов райондук милициясы 13-декабрда жакындарынын арызы боюнча Арстан Алайга издөө жарыялаган. Анын жок болуп жатканы тууралуу билдирүүнүн сүрөтү коомдук медиаларга да чыккан.

Свердлов райондук милициясы ага издөө да жарыялаган

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Свердлов райондук милициясы ага издөө да жарыялаган

15-декабрда Абдылдаев УКМК тарабынан диний кастыкты козутуу фактысы боюнча кармалып, бир күндөн кийин №1 тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Өзүн "жаңы Кудай" атаган Арстан Алай көп жылдан бери талкуудан түшпөй келет. Жакында эле анын "кышты жойдум" деген сөзү коомдук медиаларда шакабага айланган. Ал тургай Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ага кандай чара көрүлө тургандыгына кызыгышкан.

Абдылдаевге 2019-жылы Бишкек шаардык милициясы "диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча иш козгоп, сүйлөгөн сөздөрү лингвистикалык экспертизага жиберилген. Бирок анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен иши кыскартылган.

Көп жылдан бери ишкерлик менен алектенген Арстанбек Абдылдаев үч жолу (2011, 2017 жана 2021-жылдары) президенттик шайлоого талапкер катары катышкан. Соңку шайлоодо ал 1159 добушка ээ болгон.