Эквадордогу түрмөдө ондогон туткундар асылган абалда табылды

 Эль-Оро түрмөсүнүн алды

Сүрөттүн булагы, LUIS SUAREZ/AFP via Getty Images

Жекшембиде Эквадордун Мачала шаарындагы Эл-Оро түрмөсүндө 27 адамдын сөөгү табылды. Мунун алдында түрмөдө тополоң чыгып, анын натыйжасында төрт туткун каза таап, 30дан ашууну жарадар болгон. Бир ай мурда ушул эле түрмөдө 14 туткун өлгөн – бийлик алар кылмыштуу топтордун ортосундагы тирештин курмандыгы болуп калганын билдирген.

Эквадордун түрмө кызматынын (SNAI) билдирүүсүндө 27 туткун "бири-бирин муунтканы" айтылат. Бийлик өкүлдөрү азырынча эч кандай маалымат берише элек, бирок "бул эртең мененки окуяга тиешеси болбогонун" айтышты деп кабарлайт CNN.

9-ноябрда таңкы саат үчтөр чамасында Эл-Оро түрмөсүндө тополоң чыккан. Башаламандыкка башка провинциядагы күчөтүлгөн тартиптеги жаңы абакка которула турган камактагылардын нааразылыгы себеп болгон.

Алар күзөтчүлөргө кол салып, курал-жарагын тартып алып, колго жардыруучу заттарды жасашкан. Натыйжада күзөтчүлөр кырдаалды кайрадан көзөмөлгө алып, бул процесстин жүрүшүндө абактагы төрт адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алган. Бир күзөтчү да жарадар болгон.

Мындай окуя жалпысынан Эквадордо да, анын ичинде Эл-Оро түрмөсүндө да биринчи жолу болуп жаткан жок.

Сентябрдын этегинде Эл-Ородо 13 адам жана бир күзөтчү каза тапкан. Бийлик өкүлдөрү атаандашкан кылмыштуу топтордун тиреши болгонун билдирген. Топтордун өкүлдөрү окуя боюнча комментарий беришкен эмес.

Абактагылардын жакындары бийликтен түрмөдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү суранышууда, ал эми Мачала шаарынын тургундары абак үчүн башка жай табууну көптөн бери талап кылып келишет, себеби Эл-Оро шаардын борборунда орун алган.

Жалпысынан алганда, 2021-жылдан бери Эквадор түрмөлөрүндө 600дөй туткун каза болду, деп жазат El Mundo. Көпчүлүгү тирешкен кылмыштуу топтордун ортосундагы кармаштын курмандыктары болушкан.

Сентябрда АКШ Эквадордогу эки кылмыштуу топту – "Лос-Лобосту" жана "Лос-Чонеросту" террордук уюм деп тааныган. (ZMa)