Айсулуунун өлүмү: үч судья, бир прокурор кармалды

кармоо учуру

Сүрөттүн булагы, ИИМ

25-ноябрда Бишкек шаардык сотунун үч мурдагы судьясы жана прокурору камакка алынды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Маалыматка караганда, С.Б. (Сания Бранчиева), Ж.М. (Жаңыл Мамбеталы) жана К.А. (Кайсын Абакиров) Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция", "Сот адилеттигине жатпаган же башка соттук актыны чыгаруу", ал эми прокурор Д.М. "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

"Иликтөө учурунда кылмыштардын чынжыры 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары – С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада, кылмышкер үч жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан", – деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

"Кудай жардам берсин бизге"

Кыргызстандын Судьялар кеңеши 21-ноябрда Бишкек шаардык сотунун аты аталган мурдагы судьяларын жоопкерчиликке тартууга уруксат берген.

Мурдагы судья, азыр адвокат болуп жүргөн Кайсын Абакиров бул чечимден соң өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон. Ал Судьялар кеңеши мыйзамдарды олуттуу түрдө бузуп жатканын айткан. Жактоочу президентти объективдүү, көз карандысыз жана калыс иликтөөнү камсыз кылууга чакырган.

"Соттук коллегия талкууланып жаткан өкүмдү чыгарууда ошол кездеги мыйзамдардын алкагында жана жабырлануучунун утурлама арызын, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун жана айыпталуучунун аракеттерин каракчылыкка жана адам уурдоого кайра квалификациялоо жөнүндө өтүнүч берген мамлекеттик айыптоочунун (прокурор Д.Мамбетованын) позициясын кошуп, иштин берилген материалдарын толугу менен жетекчиликке алгандыгын белгилей кетүү маанилүү. Көрсөтүлгөн өкүмгө эч ким даттанган эмес, анткени прокурордун позициясы Бишкек шаарынын прокуратурасынын жетекчилиги, КР Башкы прокуратурасы менен макулдашылган, анткени кылмышты кайра квалификациялоо учурунда соттун өкүмүнө даттануу зарылдыгы жөнүндө Башкы прокурордун буйругу бар жана мындай негиздер болгон учурда жазык иши боюнча катышуучу прокурор өзүнүн позициясын Бишкек шаардык прокуратуранын жетекчиси, айыптоо актысын бекиткен прокурор менен дароо макулдашуусу зарылдыгы тууралуу, жана алар өз кезегинде аны жогору турган прокурор жана КР Башкы прокуратурасынын соттук чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы менен макулдашууга милдеттүү", – деген Кайсын Абакиров.

Күн мурун ал: "Даяр болгула жакында мен жана экс-судьялар Ж.Мамбеталы, С.Бранчаева боюнча бардык ММКда шоу программа чыгат, аларга ишенбегиле, биз далилдерди келтиребиз, баары бир аягы жакшы болот.Кудай жардам берсин бизге", деп жазды.

Айсулуу Мукашева

Сүрөттүн булагы, жеке архив

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу Мукашева

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кылмышка шектүү катары 41 Кумарбек Абдыров кармалган. Сурак учурунда ал окуучу кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн мойнуна алган.

Коомчулуктун үшүн алган бул окуядан кийин Жогорку сот шектүү буга чейин төрт жолу соттолгонун кабарлаган.

Маселен, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Кийин 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш кылуу далалаты" жана "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга кескен. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн өзгөртүп жиберген. Тактап айтканда, "Адам уурдоо" жана "Каракчылык" боюнча айып тагылып, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.

Айсулуунун өлүмүнөн кийин кармалып сурак берген Кумарбек Абдыров бир нече жыл мурда жалпысынан төрт кызды зордуктап өлтүргөнүн айтып берген.

Алардын арасында мындан он жыл мурун киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаева да бар экени белгилүү болгон.

Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров жаш балдарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу жазасын киргизүүнү сунуштаган.