Британия, Канада жана Австралия Палестинаны тааныды

Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары расмий түрдө тааныганын жарыялады. Мындай билдирүүнү 21-сентябрда британ премьер-министри Кир Стармер жасады.
"Бүгүн, улуу мамлекеттин премьер-министри катары, тынчтыкка болгон үмүттү жана эки мамлекет чечимин жандандыруу үчүн Улуу Британия Палестин мамлекетин расмий тааныганын так билдирем", - деп айтты Стармер видео кайрылуусунда.
Ал Улуу Британия Израилди мамлекет катары 75 жылдан ашык убакыт мурда тааныганын, эми Палестина мамлекетин тааныган 150 өлкөнүн катарына кошулуп жатканын белгиледи.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Анын алдында Канада менен Австралия да Палестинаны тааный турганын жарыялашты. Канада "Чоң жетиге" кирген өлкөлөрдүн ичинен палестиндердин мамлекеттүүлүгүн тааныган биринчи өлкө болуп калды. Австралия өз чечимин "эки мамлекет чечими үчүн эл аралык аракеттердин" бир бөлүгү деп мүнөздөдү.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги Лондондун чечимин "ХАМАСтын жихадчылары үчүн сыйлык" деп сыпаттады.
"ХАМАСтын лидерлери өздөрү [Палестинаны] таануу чечими 7-октябрдагы кыргындын түз жыйынтыгы, "жемиши" деп ачык моюнга алышат", - деп айтылат министрликтин X социалдык тармагына жарыяланган билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, EPA
ХАМАС тобунун согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тилкесинен ракета атып, чектеш аймактарга кирип барган. Алар музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүргөн жана 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Израилдин бийлиги ХАМАСтын чабуулунан 1100дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.
Бул окуядан кийин расмий Тель-Авив өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесиндеги чабуулдарын баштаган.
ХАМАС башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул чабуулдардан Газада 60 миңден ашуун адам мерт болду. Бир нече күн мурда Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык кеңсеси Газада кырдаал "алааматтан кем калышпай" турганын билдирди.
Газада согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден толук майнап чыга элек.












