Кар жиреген окуучу. Алайкулуктардын кышындагы турмушу
Алмира Абидинова
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Калың карды жиреп мектепке бара жаткан окуучунун видеосу интернетте желдей тарап, ал баланын ким экени, кайда жашай тургандыгы кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си бир күндө интернет жылдызына айланган окуучунун ата-энеси менен байланышты. Калың карды жиреген Нурзаман Алмазбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайку өрөөнүндөгү Коо-Чаты айылында жашайт. Ал айылдагы Айдың-Көл орто мектебинде 4-класста окуйт.
9-10-декабрда Кыргызстан боюнча кар жаады. Бул быйыл кыш башталгандан берки эң көп жааган кар болду. Тоолуу райондорго кар калың түшкөн.
Айталы, Кытай менен чек аралаш Кыргызстандын четки Алайку өрөөнүнө калың жаады. Мындайда дароо эле Алайкуда каттам токтоп, жолчулар эртерээк элге жол ачып берүүгө камынат. Айылдыктар калың карда кандай күн көрүүдө? Алайкулуктардан келген видеолор менен айтып берели.
Нурзамандын апасы Жумагүл Ысманова 39 жашта. Ал жолдошу экөө алты баланы тарбиялап келет. Нурзаман алардын төртүнчү баласы.

"Баламдын видеосу интернетте аябай тарап кетиптир. Ошол күнү сабакка барбай эле кой десем, мени укпай, такыр көнбөй койду. Сабакка ушунчалык ынтызар болгон үчүн барды. Бардык эле сабакты жакшы окуйт. Анын ичинен адабий окуудан жакшы. Сүрөттү да аябай жакшы тартат. Футболго да аябай кызыгат. Сабак бүткөндөн кийин кечке топ тээп жүрөт. Үйгө келгенде үй жумуштарын кылат, мага жардам берет. Көң, отун алуу ушул баламдын мойнунда, ошолорду өзү билип эле жасай берет. Мектепте абдан жакшы окуйт. Катуу суук болуп, кар калың жааган мезгилде дагы окуудан калбайт. Менин "барба" дегениме карабай мектепке кетет. Негизи, кечээ "барбай эле кой, балам, баса албай каласың" деп, мындан кийинки карындашын сабактан алып калдым. Улуу агасы, эжелери мектепке барды. Бул балам дагы аларга кошулуп мектепке барды. "Кичинесиң, барбай эле кой" деп жакшы эле айтсам, болбоду".
Аябай шайыр бала
Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл орто мектебинин директору Рафаел Тойчумамет уулу окуучусу тууралуу учкай кеп салды.
"Кар жиреп бара жаткан бала биздин мектепте 4-класста окуйт. Бул баланын жүрүм-туруму аябай жакшы. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарына кирет. Сабактарды жалаң "беш" деген баага окуйт. Аябай шайыр бала. Мектепте коомдук иштерге, конкурстарга да активдүү катышат. Биз аны "ак бала", "нүзү" - деп эркелетип коебуз".
Алайкулуктардын кышындагы түйшүгү

Алайку өрөөнүндө жалпы 12 айыл бар. Биз андагы бир нече айылдын тургундары менен байланыштык. Маселен, Көңдүк айылындагы 44 жаштагы мугалим Кылымбек Козубаевге чалганыбызда ал жаңы эле балдарга сабак өтүп бүтүп, үйүнө бара жатканын айтты. Ал Нурмамат уулу Сабыркул атындагы Көңдүк орто мектебинде 23 жылдан бери мугалим болуп эмгектенет.

"Жумуштан келдим. Ат минип (мектепке) барып келебиз. Мына, үйгө келдим. Кардан чыга албай ат тердеди. Бизде окуучулар (мектепке) атчан барып келет, жөө болсо жөө барып келет. Жол түшүп калса, башталгыч класстын балдары бара албай калышат. Бизде кар түшкөндө оор болот: мектепке чейин жол эки километр " - деди Кылымбек Козубаев.
Ал арада мал-жандыктарын түгөлдөп келели деген тоолуктар калың карга карабай кыштоого сапар алышыптыр. Би-Би-Сиге Көңдүк айылынын тургуну Курмушуев Равшанбек видео жиберди.
Видеодо Алайку өрөөнүндөгү кыштоого кеткен жолго кар кыйла эле калың жааганын көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
"Эки күн болду бир метрден ашык кар жаады. Булар мал издеген балдар. Минтип кыштоолорубузга кетип жатабыз. Бул жакка көп адам келбегендиктен кээде өзүбүз кар жиреп. жол салып анан аттарыбызды бастырабыз. Минтип кыйтырлык кылып баспай туруп берген аттар да болот. "Чу, айда атты", Тоодо мал-жандык кароо деле оңой эмес".
Сталбек Абдрахманов болсо Алайкунун Кызыл-Жар айылынын тургуну. Ал айылда балык чарбачылыгы менен алектенет. Калың кардын түшкөнү анын да ишине таасирин тийгизди. Анткени ал балыктарын Ошко алып барып сатат.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
"Жол жок дейт. Калың кар түшүп, машина жол жабылган деп жатышат. Мына кар улуу жааган. Жадагалса адам баса албайт. 20 метр бассаң чарчайсың, 60-70 см кар. Боз үйлөр дагы жыйналбай калды эле, жыйнаш керек. Форелдер жакшы, тоңбой эле турушат азырынча.
Мындайда жолчуларга тыным жок. Дээрлик 40 жылдан ашуун жол тазалап иштеген Көңдүк айылынын тургуну Абдималик Төлөнбаевди эки күндөн бери жол тазалап жүргөнүн айтат. Би-Би-Си аны менен 12-декабрда кабарлашкан.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
"Минтип мастер экөөбүз күн-түн дебей эмгектенебиз. Эл кызматындабыз. Элдин алкышын алалы деп иштеп жатабыз. Улам түшкөн кар көчкүлөрдү тазалап турабыз. Көчкү быйыл эртерээк түшүп калды окшойт. 10-декабрда кар жаай баштады эле, эки күндөн бери тазалап жатабыз. 86-чакырымдан 75-чакырымга чейин тазалап келе жатабыз".
Кытай менен чек аралаш Кыргызстандын четки айылдарынын бири болгон Алайку өрөөнүндө болжолдуу 20 миңдей адам жашайт. Бул айылда тургундар көбүнчө мал-чарба менен алектенет. Алайку Кыргызстандын бийик жашоо зонасына кирет. Деңиз деңгээлинен 2600-3200 метр бийиктикте жайгашкан. Кышкысын айылдыктарга жашоо оор болсо да, айылын таштабай жашап келген эл кардын жааганына кубанып турганы байкалат. Анткени кар жакшы жааса жазында чөп жакшы чыгып, түшүм мол болот дешет тоолуктар. Эл арасында Алайкунун өзүнчө диалекти бар экени да айтылып келет.












